БАТКЕНДЕ ОНЛАЙН ЖЕ ОФЛАЙН-ОКУТУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ КАРАЛЫП ЖАТАТ

  • 21.09.2022
  • 0

Баткен облусунда окуу процессин калыбына келтирүү үчүн окуу китептери жана жабдуулары эсептелүүдө, видеосабактарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында айтты.

— Окуу процессин офлайн форматта жүргүзүү үчүн бузулбаган имараттар бир нече нөөмөт менен колдонулат. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн балдарды жакынкы мектептерге да бөлүштүрөбүз. Уюштурууга мүмкүн болгон жерде онлайн окутуу варианты да каралууда, — деди ал.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер