БАТКЕН ЭЛИНЕ ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЧОГУЛТУУ ҮЧҮН АТАЙЫН ПУНКТТАР АЧЫЛДЫ

  • 16.09.2022
  • 0

Баткен элине гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн Спорт ордосунда  жана Бишкек шаарынын ар бир районунда пункттар ачылды.

Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдардан жана жеке адамдардан түшкөн көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды чогултуу, даярдоо жана жөнөтүү боюнча бирдиктүү борборлоштурулган пункт иштеп баштады.  Жардам берүүнү каалагандар жылуу кийим, суу, дары-дармек жана тамак-аш, жуучу каражаттар, жеке гигиена каражаттары, азык-түлүк алып барса болот.

Андан сырткары Бишкек шаарынын төрт районунда да жардамдар кабыл алынууда. Каалоочулар райондордун акимчиликтерине жана Муниципалдык аймактык башкармалыгына алып барса болот.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер