БАШТАЛГЫЧ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ВАКАНТТЫК ОРУНДАРЫНА ТАНДАП АЛУУНУН 2-ЭТАБЫ ӨТҮҮДӨ

  • 28.11.2023
  • 0

Бүгүн 28-ноябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 6-корпусунда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына кабыл алуу үчүн тестирлөө жүргүзүлүүдө.

БАШТАЛГЫЧ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ВАКАНТТЫК ОРУНДАРЫНА ТАНДАП АЛУУНУН 2-ЭТАБЫ ӨТҮҮДӨ
Санариптик тестирлөөгө катышуу үчүн өлкө аймагынан жалпысынан 170 ден ашуун адам келди.
Тестирлөөдө суроолор үч бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүмдөн 70% дан өйдө упай алган катышуучулар 2-турдан өтүп Билим берүү жана илим министрлигине баарлашууга чакырылат.

Белгилей кетсек, тестирлөө Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 Токтомунун негизинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер