БАШТАЛАТ БААРЫ МАЙДАДАН, БАЙКАБАЙТ АНЫ МАЙДА АДАМ!

  • 21.12.2023
  • 0

БАШТАЛАТ БААРЫ МАЙДАДАН, БАЙКАБАЙТ АНЫ МАЙДА АДАМ!

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон берки мезгил кыргыз анын калкы үчүн зор саясий жана коомдук өзгөрүүлөрдүн күрдөөлдүү мезгили болду, кыйла сынаакы учурдан өттүк. Менимче, мындай чоң турмуш сынынан момун мусулмандарыбыз менен алардын башын кошуу аракетинде жүргөн диний уюмдардын, анын жер-жерлердеги жамааттары да четте калган жок чыгар. Алтургай, муфтийлердин өмүрүнө кол салган учурлар болду. Азыр деле диний уюмдар арасы андай олку-солку, талаш-тартыш, башаламан абалдан биротоло арыла элек. Бул анын калк арасында диний ишенимди бекемдөө аркылуу бизнес түзүмүнө жана саясий куралга айланып баратканын, чоң саясий жүрүмгө жакындан аралашып, кайсы бир саясий уюмдардын же топтордун этегин кармоо, саясий айла-амалдардын бирине айлануу аракети бар экенин айгиленеп турат. Азыр ал үчүн материалдык база да, фонддор аралык тымызын колдоолор да, жамааттык күчтөр дагы жетиштүүдөй туюлат.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруу алкагында, КР Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыгын чыгарган. Жаштарга диндердин тарых-таржымалын окутуу демилгеси буга чейин деле айтылып келген, бирок колго алынып, жолго салынган эмес. Мындай маселенин кабыргадан коюлуп жатышы өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү абалдын анчалык деле алымсындырарлык эмес экенин каңкуулап турат. Эмне кылуу керек?..

Эми, азырынча атын атабай эле туралы, өзүңөр деле боолголоп турсаңар керек, кайсы бир президенттин тушунда өзгөчө корголуудагы стратегиялык объекти болуп эсептелген Ак үйдүн имаратында бир эмес, эки мечит курулду. Жарыктык, мынчалык жанына эмне күч келди дейм да. Көрсө, балээнин баары анын артында жатыптыр, мындайча айтканда, колдоочулары үч пайыздан ашпаган баштагы башкарманын өз өкүмүн жүргүзүү үчүн жеке электорат топтоо аракети тура.

Кыскасы, калктын калың катмарында өзүнүн электоратын түптөп, келечегинде катары калың саясат оюнчуларын таасирталаш кармашында жеңип чыгуу максатын көздөп жатыптыр. Ага улай, Кыргызстан Дин башкармалыгынын муфтийлигине Максат ажы Токтомушев деген неме шайланды, тагыраак айтканда, жогортон дайындалды десек да болот.

Ажыкенин жорук-жосунун жакындан жакшы билгендер ушул кезге чейин айтып түгөтө албай келет. Маселен, анын пандемия учурунда жарандардан ажылык сапарга баруудан түшкөн 100 млн сом (8 млн доллар) өлчөмүндөгү каражатты долларга айландырып, үстөк пайызы менен коммерциялык каржы уюмдарына жайгаштырып, ортодон “бармагын жалап” келгени белгилүү. Доллардын куну 15 сомго кескин көтөрүлүп кеткендиктен, ошондон эле 700 миң доллар көлөмүндө пайда
тапкан.

Ажонун «бай-байы» менен упчусун ооздон түшүрбөй уктаган өз талапкеринин шайлоо өнөктүгүнө баягы «Аркы-терки айлантылып, Алланын амири менен асмандан түшкөн акчанын» эсебинен «бармак басты – көз кысты» каражат которо коём деп, кызматынан кол жууп, капаста камалып чыккан баягы муфтий азыр ар кайсы телеканалдар аркылуу уялбай эле «бейгам бейиш төрүнөн» чалды-куйду кеп салып, ар кимге «Кудай – жалгыз, Куран – чын» деген тейдеги акыл-насаатын талыкпай айтып отурат. Баракелде, бизде мындайлар арбын!

Баса, анын бизде тыюу салынган кайсы бир диний агымдын өкүлү деген да маалыматтар жок эмес. Эң кызыгы, ажыкенин жоругу билинип калганда, бухгалтери аркылуу УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуш кылыптыр. Мунусуна да баракелде! Болбосо, жанагы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам талаптары кайда калат!

Андан тышкары, жоктон табылган пайданын бир бөлүгү президенттикке аттанган өз жердешинин шайлоо өнөктүгүн колдоо үчүн жумшалганы ачыкка чыкты. Бул дагы мыйзам талаптарына караманча каршы келет: диний уюмдар менен чет өлкөлүк жактардын же фонддордун шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого акысы жок. Эми, ажыкенин мындан башка да жоболоңдуу жорук-жосуну толтура, ал тууралуу кийинчерээк кенен-кесир кеп кылабыз.

Майда-чүйдө акындардын кара тизмесинен чыкпай, бирок алардын шары менен таптакыр майдаланып калбаган ыраматылык Жоробек Султаналиев деген акындын бир ыры бар болчу: «Башталат баары майдадан, Байкабайт аны майда адам!». Биздеги чоң саясат чырмоогу өз таасирин күндөлүк тиричилигибизге дал ушул майда-барат нерсени киргизүүдөн баштап жатканы таасын байкалып турат. Өзгөчө, эрезеге жетелек балдарды динге тартуу, эзели кулакка чоочун, дилге жат Куран сүрөлөрү менен Хадис аяттарын таңуулоо, чүрөктөй кыздын жүзүн түйүнчөккө түйүү сындуу жосунсуз жоруктар чыга баштады. Баса, алардын саламдашканы да бир башка экен.

Жаш балдарды жоолукка таңууга, аларды ар кандай саясий өнөктүктөргө тартууга молдокелер, устаздардын, мугалимдердин эмес, алардын ата-энелеринин да акысы жок. Ал эми мындай маанилүү маселеге келгенде, жанагы чет элдик уюмдардан акча жеген «энпошниктердин» билмексен да көрмөксөн тымпыйып отурганында да бир кеп бар. Буюрса, алар тууралуу өзүнчө кенен-кесир кеп болот.

Кыргызстан – көп улуттуу,  динден тышкары светтик мамлекет. Дегеле, исламдын диний курамы менен диний түшүнүктөрү деле ар түрдүү, Мукамбет пайгамбардан ары, Муса пайгамбардан бери узак жол баскан кыйла татаал, кыйла катаал чоң дүйнө! Алардын ич ара тиреши бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Азыр анын баарын көрүп турабыз. Албетте, өз кызыкчылыгынан улам, аларды маал-маалы менен козутуп турган күчтөр дагы жок эмес. Муну эстен чыгарбаш
керек.

Маселен, азыр тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жалпыга билим берүү мекемелеринде «бомба» коюлганы тууралуу жалган кабарлар берилүүдө. Мисалы, 2023-жылдын 20-апрелинде эле 30 мектептин имаратында «бомба» коюлганы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Ушундай эле окуялар коңшу мамлекеттерде да болду.

Ислам – өтө чоң дүйнө. Анда жалпы жонунан 73 диний агым бар. Бирок алардын негизги багыттарын, исмаилиттерди кошпогондо, суннит жана шеит жамааты түзөт. Алар дагы ич ара өздөрүнчө бөлүнөт. Маселен, башынан кыргыз жамааты карманып келген суннит агымы ханафий, шафинт, маликит, ханбалит сындуу төрт топтон турат. Ушу тапта Кыргызстандын аймагында бүкүлү журтту бөлүп-жаруу аракеттерин карманган 21 экстремисттик жана террордук уюмдар менен топторго тыюу салынган.

Коомчулук арасында кандайдыр бир коогалаң абал жарала калса эле, көп көзүнөн көмүскө иш алпарган же кайсы бир уюмдардын көшөгөсү артында калк арасын бөлүп-жаруу аракетин жасаган экстремисттик уюмдардын уйкудагы топторунун ойгоно калышы кооптондура койбойт.

Мына, Сириядагы «өз жарандарыбызды» алып келүү аракетинин артында кандай коркунучтар бугуп жатканы алигиче белгисиз: алар ал жерге кандай жагдайда барып калды, кандай жашады, кимдер менен байланыш болгон, балдары кимден туулган… Мен билгенден, андай аялдардын басымдуу бөлүгү көп күйөөгө чыккан, балдарынын тек-жайы да ар кандай, аталары да ар бөлөк, таалим-тарбиясы да таптакыр башка. Алар кандай себептерден улам Кыргызстанга кайра кайтып келүүнү чечти, муну кылдат иликтеген бир жан жок.

Алардын айрымдары менен баарлашып көрдүм, айтты-койду дебегиле, көргүлүктү дал ушундан көрөбүз! Ачыгын айтканда, биз бүгүн жанагы уйкудагы топтордун «бала бакчасын» асырап жаткан жокпузбу? Алар Кыргызстанды келечектеги жаналгычтарды даярдоонун «инкубаторуна» айландырып алышпайбы? Эртең аларды ойлонтчу эмес, ойготчу күчтөр табылбайбы? Кыскасы, мындай собол
көп.

Алар азыр арабызда эле эл катары «тезек теримиш» болуп, чоң саясий күчтөрдүн тегерегинде жүргөнүн, ар кандай коомдук фонддордун терисин жамынып, көрүнөө да, көмүскө да иш алып барып жатканын байкап-баамдап турабыз. Андай топтор көбүнесе калктын жакыр катмары, медреселерде окуган балдар менен, билими тайкы жаштар арасында иш жүргүзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, азыркы учурда жаңыдан башталган административдик-аймактык реформалардын алкагында мурдагы шайлоо аймактарынын чектери өзгөрүлгөндүктөн, 2025-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор кайрадан жүргүзүлөт. Ал эми 2026-жылы кыргыз парламентинин жаңы курамына шайлоо болору эсиңизде болсо керек. Бул саясий жүрүмдөрдүн шарына диний уюмдардын же алардын айрым өкүлдөрүнүн четте жалгыз-жарым жалдырап карап турары өтө күмөн. Аларды алкымдап турган да, желкелеп турган дагы күчтөр жетиштүү.

Баш мыйзам жоболоруна ылайык, Кыргызстан – динден тышкары светтик мамлекет! Диний уюмдар мамлекеттин ишине кийлигише албайт, антүүгө акысы жок, укуктук негиз дагы жок. Ошого карабастан, диний уюмдар, алтургай Дин башкармалыгынын айрым жетекчилери кыргыз парламенти менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мындай кой, президенттик шайлоо өнөктүгүнө да жергиликтүү калк арасында үгүт иштерин жүргүзүү менен тымызын же каржылык колдоо көрсөтүү аркылуу тикелей катышкан учурлары да жок эмес.

Азыркы аңкилдек аткан ааламдашуу доорунда бир да мамлекет ар кандай ички жана тышкы коркунучтарга каршы жалгыз-жарым күрөшө албайт, ал эриш-аркак биргелешкен күч-аракетти талап кылат. Мында, албетте, унутта калып бараткан улуттук каада-салттарды жандандыруу, ата-бабадан келаткан нарк-насилди сактоо, жалпы адамзаттын руханий баалуулуктарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү чаралары да четте калбоого тийиш. Диндердин тарыхын таанып-билүүнүн түпкү таалим-тарбиялык мааниси да дал ушунда турат.

Совет доорунда Кыргызстан аймагы боюнча 39 мечит, үч чиркөө болсо, эгемендик маалында 1895 мечит курулуп, 3348 диний уюм каттоодон өткөн. Муфтияттын маалыматына караганда, өлкө аймагында 114 медресе, 12 окуу борбору, бир университет иш алпарат. Ушу тапта Токмок шаарында 200 студентке ылайыкталган Ислам академиясы ачылганы турат. Ал эми каттоодон өтпөй, көшөгө артында көмүскө иш алып барган уюмдар канча?..

Албетте, бул Дин башкармалыгынын расмий каттоосунан өткөндөрү, ал эми каттоодон өтпөгөндөрү канча. Мына, жакында эле Кемин районундагы Туура-Суу айылындагы ошондой мечиттердин бири жабылды. Эми, андай мечиттер менен медреселер көп. Биз билгенден, акыркы 30 жыл аралыгында 400 мечит арап фонддорунун колдоосу менен курулуптур. Ошону менен бирге, жергиликтүү калкка алардын ар биринин артында кайсы саясатчылар менен ишкерлер турганы деле жакшы белгилүү.

Ошентип, эки ортодо алакан ушалаган сасык саясатчылар менен жармач аткаминерлер аларды ар кандай шайлоо өнөктүктөрүндө электорат жана өздөрү уюштурган жагалданма жараяндардын жандооч батакөй чалы катары пайдалангандан башкага жараган жок. Мунун дагы күбөсү болдук, эми деле арыла албай турабыз.

Азыркы учурда жаш балдарга билим берүү шылтоосу менен иш жүргүзгөн эки түрдүү диний билим берүү мекемелери бар: бири – Дин башкармалыгы менен биргелешип иш алып барган диний билим берүү мекемелери, экинчиси – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөй өз алдынча иш жүргүзгөн медреселер. Диний билим берүү мекемелеринин шарттарын иликтеген Булан институтунун маалыматына караганда, мына ошол мекемелердин ортосунда асман-жердей айырмасы бар экен.

Көпчүлүк медреселерде сабаттуу жана атайын билимдүү окутуучулардын жетишсиздиги таасын байкалат. Медреселер менен окуу борборлорунда иштегендердин 20 пайызга жакынынын атайын билими бар, ал эми жогорку билимдүүлөрдүн катышы үч пайыздан ашпайт. Алардын башын мыкчыган Дин башкармалыгындагы курамы эки миңден ашуун жамааттын жарымынан ашыгыраагынын атайын диний билими бар экен. Ошондой молдокелерибиз акыл токтото элек өспүрүмдөрдүн мээсине эмне куюп жатканын ким билет? Алар окуткан балдардын жаран катары калыптанышына ким кепилдик бере алат?..

Медреселерге жашы жетелек балдардын кабыл алынган учурлары да сейрек эмес. Элестетип көрүңүз, 7-8 жаштагы баланын ошончолук жагымсыз шартта жатакчылык менен билим алып жатканын. Сабак негизинен арапча жазуу жана окуй билүү, Куран сүрөөлөрүн жаттоо, мусулман пендесинин жүрүм-турум эрежелерин үйрөнүү, диний ырым-жырымдардын жол-жоболорун өздөштүрүү менен чектелет. Мындай жагымсыз жагдай диний билим берүү мекемелеринде Кыргызстандын жалпыга билим берүү стандарттары менен талаптарынын аткарылышы күмөн экенин көрсөтүп турат.

Диний окуу мекемелеринде стандарттуу билим берүү сапаты жөнүндө узун сабак кеп кылса болот. Баарынан мурда, бизди чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан балдардын келечек тагдыры кабатыр кылбай койбойт. Арасында эрезеге жетелек, ар нерсени өз алдынча аңдай албаган жаштар арбын. Коом ичин радикалдаштырууну көздөгөн күчтөрдүн айрыкча жаш балдар менен аялдарга тап коюп жатканы дагы бекеринен эмес.

Бөлүшүү

Комментарийлер