«БАЛДАРЫБЫЗ ТАТЫНАКАЙ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУСУН»

  • 28.08.2022
  • 0

Биринчи коңгуроо кагылып, мектептер шаңдуу добушка бөлөнөөрүнө саналуу гана күн калды. Бул күндү окуучулар адатта чыдамсыздык менен күтүүдө, мугалимдер балдарды жаңы ыкмалар менен окутууга даярданууда, ал эми ата-энелер балабыз 40-45 бала окуган класста кантип билим алат деп санаа тартууда. Ички миграциянын активдүүлүгүнөн Бишкектин бардык мектептери өзүнүн проекттик жүктөмүнөн эки-үч эсе көп окуучуну батырып окутуп келет. Бул көйгөй парламенте көтөрүлүп, ажобуз Садыр Жапаров өлкө ичиндеги мектептерди жаңылоо боюнча тапшырмаларды берип жатып: “Балдарыбыз татынакай мектептерде окусун”, — деди.

Чындыгында союз учурунда курулган мектептердин эскилиги жетип, капиталдык ремонт жана заманбап реконструкцияны талап кылган мезгил. Борбордогу мектептердин көбү сынынан кетпесе да, тардыгынан окуучуларды бир партага үч-төрттөн батырып отургузууга аргасыз. Жаңы конуштардын көбөйүшү менен окуучулар алыскы мектептерге барып-келип окуп жатышат. Билим берүү министрлигинин жүргүзүп жаткан саясаты Президент тарабынан колдоо таап, ошону менен бирге билим берүү мекемелеринин инфраструктурасынын жаңылануусу көзөмөлгө алынууда.

Учурда Бишкек шаары боюнча 16 мектептин курулуш иштери жүрүүдө, анын ичинде жаңы конуштарда жети мектеп салынып жатат. «Алтын ордо» жана «Мурас» жаңы конуштарындагы мектептердин курулуш иштеринин 92-93% бүтүп калды. Бишкектеги бул мектептер ажонун өзгөчө контролунда турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров билим берүү кызматкерлеринин август конференциясындагы сөзүндө жаңы окуу жылына карата билим берүү объектилери жөнүндө кеңири маалымат берди.
Анын айтымында, 2022-жылга республикалык бюджеттин эсебинен объекттерди куруунун титулдук тизмесине 57 билим берүү объектиси киргизилген: он бала бакча, 37 мектеп, анын ичинде 14 авариялык абалда эле, эки мектепке кошумча имарат жана сегиз спортзалы бар. Бул титулга киргизилген мекемелер боюнча маалымат.

Андан тышкары республикадагы эски стандарттар менен чуңкурлары казылып, канча жылдан бери башталбай турган бүт мектептердин орду толтурулуп жабылат, алардын ордуна жаңы талаптар менен бартерлоочу долбоорлор киргизилет, ошондо алар тез салынат. Ар кайсы жердеги капсула салынып, же нары же бери болбой турган мектептер эмне үчүн салынбай турган? Анткени алардын долбоорлору өтө татаал, кымбат, ыңгайсыз жана, албетте, коррупциялык жолдор менен башталган объекттер. Аны Билим берүү министри чечпей эле, ар кандай саясий лидерлер жана ар кайсы шылтоолор менен шайлоолордун астында башталып калган мектептер. Мындан ары мектеп каякка куруларын Билим берүү министри гана чечет.

Булардан тышкары Узбекистан республикасы тарабынан каржыланып курулуп жаткан эки мектептин курулушу жаңы окуу жылына карата аяктайт. Россия Федерациясы тарабынан каржылануучу тогуз мектептин курулушу башталат.

-245 авариялык мектеп боюнча эл ичинде көп айтылат, өзгөчө парламентте. Бул жөнүндө сиздерге так маалымат берип койсом: 245 авариялык мектептин ичинен 15 мектептин курулушу бюджеттин эсебинен бүткөрүлүп жатат, алты мектеп Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен оңдолду, эки мектеп башка каржы булактарынан бүткөн, эки мектепте Бишкек мэриясынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү, 16 мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлүүдө, 14 мектеп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланчу объекттердин долбооруна киргизилди, 11 мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары Сауд өнүктүрүү фондунун насиясынын эсебинен жүргүзүлүүдө, 110 мектепте мамлекетик курулуш агенттигинин карамагында иштер жүргүзүлүп жатат. Азыр 11 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж, 58 мектеп курулуш иштерин талап кылат жана аларга каражат издеп жатабыз, — деди Акылбек Жапаров.

А.Асаналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер