БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ САПАТТУУ ЖАНА КООПСУЗ БОЛУУГА ТИЙИШ

  • 31.05.2019
  • 0

Быйыл республика боюнча 972 билим берүү мекемелеринде 112 миң баланын жайкы эс алуусун уюштуруу күтүлүүдө. Бул тууралуу жакында Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгында  өткөн балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйынында маалым болду.

 БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ САПАТТУУ ЖАНА КООПСУЗ БОЛУУГА ТИЙИШ

Көптөгөн уюмдардын, мекемелердин башын кошкон бул жыйында балдардын кырсыктардан тышкары коопсуз эс алуусуна жана санитардык ченемдердин сакталышына өзгөчө маани берилди.

— Балдардын ден соолугун чыңдоочу жана мектептер алдындагы лагерлерди, ошондой эле жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун алдыдагы жайкы сезонго даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Биринчи кезекте балдардын бул мекемелерде коопсуз эс алуусун, санитардык ченемдердин сакталышын жана кырсыктарды болтурбоо маселелерин чечүү керек.  Биз балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусу учурунда бир дагы кырсыкка жол бербешибиз керек,- деди Алтынай Өмүрбекова.

Жыйында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова мектеп алдындагы лагерлерди, жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун жана ийрим иштерин уюштуруу тууралуу маалымат берди.

— 972 мекеме 112 миң баланы камтыйт. Мектептер алдындагы 818 лагерде үч жолку тамак каралган. Быйыл республиканын 30 районундагы жайлоолордо 100 борбордун ачылышы пландалууда. Бардык  билим берүү мекемелери медициналык кызматкерлердин жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот, — деп билдирди Надира Сынташевна.

Вице-премьер-министр ар бир облуста балдар лагерине жолдомолорду адилет бөлүштүрүү үчүн атайын комиссияларды түзүүнү тапшырды.

— Мында жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына жана өлкөнүн алыскы райондорунда жашаган балдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Алдыдагы эки жумалык мөөнөттө бардык балдар лагерлерин кыдырып, алардын жайкы сезонго даярдыгын текшерүү зарыл. Балдардын сапаттуу жана коопсуз эс алуусу үчүн бардык күчтөрдү жумшоо шарт. Көл жана көлмөлөр жээгинде жайгашкан балдардын эс алуу жайларында коопсуздукту камсыздоо, өрт коопсуздугун сактоо үчүн тийиштүү окууларды өткөрүү маанилүү.  Жер-жерлерде экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы парктардагы бардык атракциондорду коопсуздук талаптарына жооп берерин текшерүүгө алышы керек, — деп кошумчалады Алтынай Өмүрбекова.

БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ САПАТТУУ ЖАНА КООПСУЗ БОЛУУГА ТИЙИШ

Республикалык штабдын жыйынында облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бизнес-коомчулукту, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жеке жактарды балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлордун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү процессине тартуу максатында мамлекеттик – жеке өнөктөштүк тутумун жолго салуу сунуштарын даярдоо тапшырылды.

Мындан тышкары оор турмуш шартындагы балдарды жолдомо менен камсыз кылуу үчүн кошумча финансы каражаттарын табуу тапшырмасы берилди.

Жыйынга улай биз борбор шаарыбыз Бишкекте алдыдагы жайкы эс алууга  кандай даярдыктар көрүлүп жатканына кызыгып, мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гузел Турдубаевага кайрылдык.

— Быйылкы жайкы эс алууну жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдык көрдүк. Шаардагы 37 мектептин базасында 3-июндан 28-июнга дейре эртен мененки саат 8ден 14гө чейин балдардын жайкы лагери иштейт. Буга 3595 окуучу тартылган. Бюджеттен ар бир балага 44 сом каралган. Эки маал ысык тамак берилет. Мектеп алдындагы бул лагерлердин өз начальниги, тарбиячылары, медайымы, спорт иштерин уюштуруучсу жана ИДН инспектору бар. Борборубуздун төрт районунда жайгашкан Балдар чыгармачылык борборлору, «Алтын түйүндүн» өкүлдөрү байма-бай келип, балдардын көңүлдүү жана пайдалуу эс алуусуна салым кошушмакчы. Мэриянын спорт комитети да мектеп алдындагы лагерлерде спорттук иш-чараларды уюштурат.  Мындан сырткары, тарбиячылар балдарды бассейнге, паркка, музейлерге алып барып турушат, — дейт Гузел Жеңишовна.

БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ САПАТТУУ ЖАНА КООПСУЗ БОЛУУГА ТИЙИШ

Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу айрыкча борбор шаардын чет жакаларындагы жаңы конуштарда маанилүү экени айтпаса да түшүнүктүү. Анткени жаңы конуштардын көпчүлүгү шаар борборунан алыс жайгашкан. Аларда балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүчү борборлор жокко эсе. Биз Ак-Өргө конушундагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинин директору Динара Иманалиевага кайрылганыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:

— 1-4-класстардан 90 баланын эс алуусун уюштурууга камылга көрүүдөбүз.Баардыгы — социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.  Алар үч отрядга бөлүнгөн. Тарбиячылардын көзөмөлүндө балдар сүрөт тартышып, ыр ырдап, спорттук жарыштарга катышып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт, -дейт Динара Капашовна.

Ушул эле конуштагы №77 орто мектептин директору Аида Дооталиева эки жылдан бери мектеп алдындагы лагерди уюштурбай калышканын мындайча түшүндүрд:

— Биздин мектепте квартиранттардын балдары көп. Ата-энеси аларды жайкы эс алууга айылдарга жөнөтүп жиберишет. Ошон үчүн биз мектеп алдында жайкы лагерди ачкан жокпуз. Бирок кийинчерээк, 8-июлдан тартып Айыл өкмөтү менен биргеликте  Кореянын Хонгу-гу университетинин колдоосунда 100 балага ден соолукту чыңдоо лагерин ачабыз. Аталган университеттин медайымдар фонду балдардын ден соолугуна көз салышып, анемияга каршы анализдерди алышат жана балдарга колду жууну, тишти күтүүнү үйрөтүшөт. Алар мектепке жаңы келүүчү балдарды да медициналык жактан кароодон өткөрүшмөкчү, — дейт Аида Арипбековна.

Борбор шаарыбыздын «Дордой» конушундагы №94 орто мектебинде балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу төрт жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

— Мектебибиз ачылган жылдан тартып мектеп алдындагы лагерди уюштуруудабыз. Быйыл эс алууга башталгыч класстардан 120 окуучу камтылган. Алар жаш курагы боюнча төрт отрядга бөлүнүт. Басымдуу бөлүгү аз камсыз болгон, жарым жетим, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары.

Мындай категориядагы балдар биздин конушта аз эмес санда. Баардыгын камтууга чарк-чамабыз жетпейт, — дейт директордун башталгыч билим берүү боюнча орун басары Назгүл Бешкемпирова.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер