БАЛДАРДЫН КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ЧОҢ КӨЙГӨЙЛӨР

  • 23.12.2019
  • 0

Балдарга карата зомбулукту токтотуунун эл аралык күнүнө арналган Бүткүл дүйнөлүк “Зомбулукка каршы 16 күн!” деп аталган иш-чара Аламүдүн районундагы Маевка орто мектебинде өттү.

БАЛДАРДЫН КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ЧОҢ КӨЙГӨЙЛӨРМаевка орто мектебинин директору Клара Тырышкина бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу менен бирге, балдардын үнүн уга билүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди.

Балдар дилбаянда “Турмуш татаал жана таш боор” деп жазышат

— 10-декабрь – Адам укугун коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган бүгүнкү иш-чаранын алкагында жеке эле аялзатына эмес, кыздарга, жашы жете элек өспүрүм балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктар, баланын үй-бүлөдөгү орду, бала тарбиялоодо ата-энелердин милдети жана жоопкерчилиги, балдарды канткенде боорукер, кайрымдуу, жоопкерчиликтүү тарбиялоо маселелери камтылды. Адатта кандай көйгөй болсо да, биз – мугалимдер, бийлик өкүлдөрү же ата-энелер сөз жүзүндө милдеттерди айтып-айтып тарап кетебиз. Мында тескерисинче, ошол маселелерди балдар кандай кабыл алат, ал тууралуу балдардын ойлору, көз караштары кандай экендигин балдар өздөрү айтып бергендерине күбө болдуңуздар. Буга айрыкча “Зомбулуксуз мектеп” долбоорунун жардамы зор болду. Бул программа бизге эмне берди? Эң негизгиси – зордук-зомбулук көрүнүшү бар экендигин жашырбай ачык айта билүү, чыр-чатакты мурда калыптанып калгандай кабыл алуудан баш тартуу, эгерде мурда жана азыр деле кандайдыр бир чыр-чатак чыкса, аны мектептин, жетекчиликтин башкаруудагы кемчилиги деп келсек, эми мындай маселелерди жаап-жашырбай, биргеликте жалпылап четтетүү керектигин окуп-үйрөндүк десем болот. Балдар — биздин ыктыярдуу, тең укуктагы жана активдүү өнөктөшүбүз экенин эсибизден чыгарбаганыбыз оң-дейт.

Мектептин директору Клара Идрисовна айткандай эле, ардагер мугалимдер, ата-энелер, социалдык кызматкерлер жана жалпы эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн акцияда окуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Алар жогоруда аталган тема боюнча плакат-ураандарды, белгилүү адамдардын цитаталарын даярдашып, флешмоб, ыр-бий жана форум-театрдын жардамы менен өз үнүн, көз караштарын билдиришти. Айрыкча, алыскы-жакынкы мамлекеттерде жүргөн эмгек мигранттарынын балдарынын жаап-жашырууга болбой калган бүгүнкүдөй абалын чагылдырган чакан сценка эч кимди кайдигер калтырган жок.

БАЛДАРДЫН КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ЧОҢ КӨЙГӨЙЛӨР

Ооба, ар бир бала өзүнүн реалдуу дүйнөсүндө жашайт, ар биринин дүйнөсү ар башкача, бирөө бакубаттуулукта, ата-энесинин камкордугуна бөлөнгөн турмушта жашаса, башка бирөө балалыктын баео дүйнөсүн жабыркаткан катаал, ырайымсыз, көпчүлүк учурда, кайдигерлик өкүм сүргөн чөйрөдө жашайт. Анткени көпчүлүгүбүз күнөө деп эсептебеген кайдигерлик да чоң кемчилик болуп эсептелет. Ата-энелердин басымдуу бөлүгү баласынын курсагы ток, кийими бүтүн, колунда акчасы болсо болду деп ойлоп, жаңылышат. Адистер көпчүлүк учурда балдар ушундай “камкордук” менен кайдигерликтен жапа чегишерин айтышат. Окуучулар мектепте бир эле мугалимден бирдей шартта, окшош билим алгандарына карабай, чоңойгондо ар башка адам болуп чыга келишет.

— Биз дайыма балдардын ички дүйнөсүн эске албайбыз. Чындыгында алар баарын жакшы түшүнөт. Муну биз алар жазган дилбаяндардан ачык көрдүк, алар кичинекей жүрөгүндө катып жүргөн чоң көйгөйүн ачыкка чыгарышкан. Бири “Менин атам да, апам да ичет. Өзүбүз батирде жашайбыз, турмуш ушундай таш боор жана татаал экен, мен ушундай жашоодон чарчадым, жашагым келбейт” деп айласы кете чыркырайт. Дагы бири “Атаке, мен сенин тилиңди алам, сен гана арак ичпесең болду, мен силер менен бирге башка балдардай бирге жашагым келет” деген үлбүрөгөн үмүт-ишенимин улайт. Мына, өздөрүн жарык дүйнөгө алып келген жакын адамдарынын кайдигерлигинен жапа чеккен балдардын абалы. Ал эми балдарды уруп-сабап тарбиялоо керек деп эсептешкен ата-энелер канча?! Ошондуктан “Мугалим-Окуучу-Ата-эне” үчилтигинин конструктивдүү, бекем кызматташтыгын түзүүнүн натыйжасында өз көз караштарын ачык билдирген, активдүү жана тең укуктагы өнөктөш-балдардын жан дүйнөсүн ача алган, биз жогоруда белгилеген бири-бирине боорукер, толеранттуу мүнөздөгү жаш муундарды тарбиялай аларыбыз анык,-дейт Клара Идрисовна.

БАЛДАРДЫН КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ЧОҢ КӨЙГӨЙЛӨР

Клара Идрисовна директор болуп иштеген Аламүдүн районундагы Маевка айылындагы аталган мектеп 1967-жылы курулган. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн бул мектепте учурда1702 окуучу билим алууда. Маевка айылында 22 улуттун өкүлү жашайт. Ушунун өзү деле өз ара түшүнө билген чөйрөнү калыптандыруу зарылдыгын көргөзүп турат.

Балдарга билимди мектеп, тарбияны ата-эне берет

БАЛДАРДЫН КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ЧОҢ КӨЙГӨЙЛӨР

Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдыраеванын айтымында, балдарга зордук-зомбулук, кордук көрсөтүүгө каршы күрөшүүгө арналган ар түрдүү темадагы иш-чаралар Чүй облусунда масштабдуу түрдө өткөрүлүп жатат.

— Чүй облусунун райондорунда “Зордук-зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагындагы иш-чараларды бири-биринен эстафета катары өткөрүп алышууда. Алгачкысы Ысык-Ата районунда активдүү жүрдү. Балдар үчүн дилбаян, эссе жазуу, сүрөт тартуу сынактары уюштурулган. Мындай иш-чаралардын максаты – балдардын, кыздардын ортосундагы ынтымакты, толеранттуулукту сактоо. Ушул теманы камтыган кароо-сынактар ар бир мектепте өткөрүлүп жатат. Биз үчүн эң актуалдуу маселе – эмгек мигранттарынын балдарынын бүгүнкү абалы. Дилбаян жазган балдар ичинде каткан оюн билдиришет. Бир  бала дил баян аркылуу апасына кайрылып: “Мен үчүн сенин акча тапканың эмес, өзүңдүн мени менен болгонуң маанилүү” деген оюн жазган. Балдар ушул сыяктуу жүрөгүңдү ооруткан ойлорун жазышкан. Бул жерде балдардын ата-энелерине таарынычы жатат. Баарыңыздар интернет булактарынан окуп, билип жатасыздар, өзүнө өзү кол салуулар көбөйүп баратат. Мурда өткөөл курактардагы балдар арасында болсо, азыр башталгыч класстардын балдары барып жатат. Суицид боюнча “Жаштар сүйлөсүн” программасында да кеңири талкуулаганбыз. Аламүдүн, Сокулук, Панфилов райондорундагы жолугушууларда ушул көрүнүштөр баланын өзүнүн алсыздыгынан, максат кое билбегендигинен келип чыгууда деп түшүндүрүшкөн. Алар “ата-энеси алыс кеткен күндө да баласы кайраттуу болушу керек” деп эсептешет. Ошол жерде айтылган ой-пикирлерди жалпыласак, балдар негизинен ата-энесине кине коюшат. Бул ата-эне менен баланын ортосундагы ажырым уламдан улам чоңоюп бараткандыгын анык күбөсү,-деген пикирин билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча облус боюнча эмгек мигранттардын балдарынын саны бир миңден ашык. Андай үй-бүлө менен райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген кызматкерлери, социалдык педагогдор иш алып барышууда.

Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Светлана Орозобаева өспүрүмдөр арасындагы чыр-чатактарды, зордук-зомбулуктарды четтетүүдө аялдар комитети, кыздар кеңеши сыяктуу коомдук башталыштагы уюмдарды уюштурууну күчөтүү керек деп эсептейт.

— Тилекке каршы, жылдан-жылга эмгек мигранттарынын саны көбөйүп баратат. Акча таап, үй-бүлөнүн материалдык статусун бекемдөөдө анын пайдасы жакшы болгон менен, балдардын тарбиясына эбегейсиз чоң зыян келтирип жатканы өтө кейиштүү көрүнүш. Мындан коомчулук жапа чегүүдө. Талаш-тартыш эмнеден жаралып жатат? Балдар уюлдук телефондон урушуп кетиши мүмкүн. Бири-биринин социалдык абалына сын тагышы ыктымал. Мына жакында эле Аксы жергесинде болуп өткөн кыздар арасындагы чыр-чатактар жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кароосуз калып жаткандыгынан улам жаралган көйгөй деп эсептейм. Коомчулук буга кайдигер карабай, аракеттерди жапа тырмак көрүшүбүз керек. Ал үчүн кыздар кеңеши, аялдар комитети сыяктуу уюмдарды түзүп, алардын иштерин активдүү жүргүзүү зарыл деп эсептейм. Аял эң биринчи – эне, тарбиячы. Бала үй-бүлөдө ата-энеси менен бирге болушу керек,-дейт Светлана Орозобаева.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер