БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛОО КУРАЛЫ

  • 05.03.2024
  • 0

Кыргызстанда балдардын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук куралы иштелип чыкты.

Ар бир баланын өнүгүү процессин комплекстүү өлчөө куралы балдарды жана алардын иш-аракеттерин күнүмдүк байкоо жүргүзүүнүн негизинде бала топко киргенден тартып мектепке чейинки билим берүү уюмунан чыкканга чейин түзүлөт.

БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛОО КУРАЛЫ

Аталган куралды иштеп чыккандардын айтымында, мугалимдер топтун ичинде жана топтон тышкары, мисалы, сейилдөө учурунда жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттерди көзөмөлдөп, өлчөп турат. Ал курал баланын өнүгүүсүндөгү негизги аспектилерди анык жана ишенимдүү жазып, мугалимге баланын өнүгүүсүнө жекече мамиле жасоого жана окутуу ыкмаларын өркүндөтүүгө жардам берүүго тийиш. Мамлекеттик стандарт менен аныкталган өнүгүүнүн төмөнкү беш багыты өлчөөнүн негизги багыттарын аныктоо үчүн негиз болуп кызмат кылат: физикалык өнүгүү, таанып билүү жана когнитивдик өнүгүү, сабаттуулук жана коммуникация, социалдык жана эмоционалдык өнүгүү, чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү.

“Балдарды өнүктүрүү картасы” чараларды, индикаторлорду жана ар бир бала көрсөткөн жүрүм-турумду/көрсөткүчтөрдү чагылдырган үч диапазону (жогорку, жетиштүү жана жетишсиз) таблицадан турган өнүгүү багыттарын камтыйт. Ар бир бала “Балдардын өнүгүүсүн эсепке алуу боюнча колдонмодо” көрсөтүлгөн көрсөтмөлөргө ылайык бааланат.

Куралда балдардын эрте өнүгүүсүн өлчөөнүн эки негизги түрү колдонулат: бала менен иштеген жогорку даярдыгы бар эксперттин же мугалимдин мониторингинин негизинде баланын өнүгүүсүн баалоого багытталган байкоо; текшерүү баракчасы же балдар менен иштөө процессинде колдонулган материалдардын жана жабдуулардын тизмеси.

БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛОО КУРАЛЫ

Баалоо 4-5 жаштагы балдарга эки жума бою түз байкоо жүргүзүү түрүндө жүргүзүлөт жана рейтинг жана балл коюу менен аяктайт. Мугалим ар бир өлчөнгөн көрсөткүчкө жогорку (алдынкы), жетиштүү (орто) жана жетишсиз (негизги)  деп бааланган белгилүү жүрүм-турум көрүнүштөрүнө ылайык үч диапазондо бирден жетиге чейин упай коет.

Жогоруда аталган курал 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча «Балалык» программасынын талаптарына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк Банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим» долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Бөлүшүү

Комментарийлер