БАЛДАРДЫН ЭРТЕ КУРАГЫНДА ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖУМШАЛГАН ИНВЕСТИЦИЯ ЭҢ НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА КИРЕШЕЛҮҮ

  • 07.09.2021
  • 0

Кыргызстандагы жети жашка чейинки балдардын 22 пайызы гана бала бакчага барат. Статистика көрсөткөндөй, өлкөдө мектепке чейинки билим берүү деңгээли дагы эле төмөн. Арийне, калыстык үчүн айта кетсек, 2010-жылга караганда өсүп атканы байкалат, бирок 1991-жылдагы деңгээлине (34 пайыз) жете элек.

Педагогикалык кызматкерлердин, жалпы эле билим берүү тармагынын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан педагогикалык кеңешмедеги КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын «Мектепке чейинки билим берүү жана тарбиялоонун актуалдуу багыттары» деген аталыштагы баяндамасы катышуучулардын зор кызыгуусун жаратты.

БАЛДАРДЫН ЭРТЕ КУРАГЫНДА ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖУМШАЛГАН ИНВЕСТИЦИЯ ЭҢ НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА КИРЕШЕЛҮҮ

Мектепке чейинки билим берүү боюнча мастер-класс

— Баардык өлкөлөр балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууга умтулушат. Өнүккөн өлкөлөрдө 4-5 жаштагы балдар дээрлик 100 пайыз бала бакчага барышат. КМШ өлкөлөрүнөн эң алдыда Белорусь өлкөсү баратат, мында балдардын 98 пайызы бала бакча менен камсыздалган. Коңшу Казакстанда бул көрсөткүч 71 пайыз, Россияда 59,6 пайыз.

Бизде дагы бул багытта алгылыктуу иштер аткарылып келатат. Биринчиден, ар кандай шарттар менен бакчага барбаган 5-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо программасы боюнча окутуу, балдарды өнүктүрүү  борборлорун түзүү,  кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу, менчиктештирилип кеткен бала бакчалардын имараттарын кайтаруу ж.б.   Мындан тышкары балдарга, ата-энелерге жана тарбиячыларга электрондук ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында мобилдик тиркеме жана окутуу паспорт платформасы иштелип чыгууда, — деп белгиледи докладчы.

БАЛДАРДЫН ЭРТЕ КУРАГЫНДА ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖУМШАЛГАН ИНВЕСТИЦИЯ ЭҢ НАТЫЙЖАЛУУ ЖАНА КИРЕШЕЛҮҮ

Ал өз сөзүндө ошол эле учурда бала бакчаларга маалыматтык башкаруу системасын жана электрондук кезекти киргизүүнүн абалы татаал бойдон калып жатканын белгиледи. Республика боюнча бала бакчаларда компьютер жетишпейт, кабелдик интернетке кошулуу деңгээли дагы төмөн. Колдо болгон техникалык жабдуулар, эмеректер, окуу ресурстары канааттандырарлык абалда эмес. Андан сырткары, кызматкерлердин эмгек акысы, балдардын тамактануусуна сарпталуучу каражатты индексациялоо тез арада чечиле турган маселелерден.

Ушул айтылгандардын негизинде, жаңы окуу жылында мектепке чейинки билим берүүнүн жана тарбиялоонун актуалдуу багыттары деп төмөнкүлөрдү белгиледи:

— Мектепке чейинки билим берүү тармагын ченемдик укуктук жөнгө салуу;

— Тарбиячылардын социалдык статусун, кесипкөйлүгүн жогорулатуу;

— Баланын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнө таянып билим берүү ишмердүүлүгүн куруу;

— Билим берүү, окутуу, өнүктүрүү, балдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо маселелеринде ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) компетенттүүлүгүн жогорулатуу милдети турат.

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер