БАЛДАРДЫ ЖАНА ЖАШТАРДЫ ОКУТУП-ТАРБИЯЛООДО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОРУН КОЛДОНУУ БОЮНЧА УСУЛДУК СУНУШТАР  

  • 01.09.2022
  • 0

Киришүү

 Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдарында балдарды жана жаштарды окутууда жана тарбиялоодо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун колдонуу боюнча Усулдук сунуштар (мындан ары — Усулдук сунуштар) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана жалпы  билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, педагогикалык кызматкерлерине алардын иш жүзүндө колдонуу үчүн багытталган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору Кыргызстандын өз алдынча мамлекет экендигин далилдеген негизги атрибуттары болуп саналат. Мамлекеттик символдорго болгон урмат, аларды туура колдонуу негиздерин билүү коомдо жалпы, ошондой эле саясий маданияттын көрсөткүчү катары кызмат кылат.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык берилген стратегиялык багыты болуп саналат. Билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптеринин бири болуп, билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, улуттук маданий байлык менен шайкеш келген жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүү, жарандуулукка, эмгекти, үй-бүлөнү, Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү сүйүүгө, патриотизмге жана адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоого тарбиялоо саналат.

Азыркы дүйнөлүк ааламдашуу чакырыктардын,  демократиялык эркиндик жана ачык маалыматтык мейкиндик шартында биримдикти бекемдөө, жалпы адамзаттык принциптерди жана социалдык өнүгүүдөгү коомдук маанилүү багыттарды сактоо маселелери жогорку баскычтагы актуалдуулукка ээ болууда.

Окуучулардын арасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын таанып-билүүсү жана анын ролун, маанисин түшүнүүсү, алардын жарандыктын жана патриоттуулуктун калыптангандыгынын башкы көрсөткүчү болуп саналат.

Мамлекеттик  символдорду  урматтоого  жана  сүйүүгө,  аларды  туура   пайдалануунуга   тарбиялоо   жарандардын   патриоттук  аң-сезимин  калыптандырууда маанилүү багытты түзөт.

Мамлекеттик символдор — өсүп келе жаткан муун үчүн улуттук жарандык бирдейликти калыптандыруунун бириктирүүчү негизи, билим берүү процессинин ажырагыс курамдык бөлүгү болуп саналат.  Мамлекеттик символдор — негизги жана кошумча билим берүү жана тарбиялоо программаларын ишке ашырууда билим берүүнүн бардык баскычтарында таанып-билүү үчүн киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби, Мамлекеттик Туусу жана Мамлекеттик Гимни — мамлекеттик эгемендиктин символдору

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-беренесине ылайык эгемендүү мамлекет катары анын мамлекеттик символдор болуп Мамлекеттик Желеги, Мамлекеттик Герби жана Мамлекеттик Гимни саналат.

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 17-июлундагы № 91 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби белгиленген.

Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун,  Гербин жана Гимнин маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна терең сый көрсөтүү — Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын атуулдук парзы.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигинин символу болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана анын сүрөтү алардын көлөмүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун  түсүнүн жана схемалык сүрөтүнүн эталонуна далма-дал келүүгө тийиш. Туу — Кыргыз  Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигинин символу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо  кыркаларынан   жана   алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин  эки   капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган “Кыргыз” жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган “Республикасы” деген жазуудан турат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин   кайрадан жасалуучу сүрөтү анын көлөмүнө карабастан Кыргыз  Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган  Кыргыз Республикасынын   Мамлекеттик гербинин түстүү же ак-кара сүрөтүнүн  эталонуна   далма-дал   келүүгө тийиш. Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген. Авторлору: А. Абдраев жана С. Дубанаев.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни — Мыйзамда каралган учурларда аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни оркестрдик,  хордук, вокалдык жана аспаптык  вариантта аткарылышы мүмкүн.  Мында үн- жана видео-жазууну, ошондой эле теле-радио берүү каражаттарын колдонсо болот.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни вокалдык жана вокалдык-аспаптык аткаруу учурунда толук аткарылат, ал эми аспаптык аткаруу учурунда Гимн жарым-жартылай биринчи куплети жана кайырмасы гана аткарылууга жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни бекитилген музыкалык редакцияга жана текстке ылайык так аткарылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук   баш  кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары  каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда — эркектер баш кийимсиз), мында   Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун көтөрүү менен  коштолуп аткарылса, катышкандар туу көтөрүлгөн тарапка карап турушат.

Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген. Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулуевдики. Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку.

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун үйрөнүү боюнча иштин формалары жана ыкмалары

Билим берүү мекемелеринде окуучулардын жана тарбиялануучулардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун маани-маңызын түшүнүүсү, аларга болгон урмат-сыйга тарбиялануусу-акырындап жана баскыч-баскычы менен мамлекеттин идеологиясынын негиздерине тартуу, активдүү жарандык калыптануу, Мекенге болгон сүйүүнү жана урматты, анын жетишкендиктерине болгон сыймыктанууну, өсүп-өнүгүп, гүлдөшүнө болгон жоопкерчиликти калыптандырууга багытталган.

Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү  уюмдарында мамлекеттик символдорду окуп-үйрөнүү тарбиялануучулардын жана окуучулардын курактык таанып-билүү өзгөчөлүктөрүнө жараша ишке ашырылат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде патриоттук тарбия билим берүү процессинин курамдык бөлүгү болуп саналат. Ал балдардагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна болгон терең урматтын жана сыймыктануу сезиминин калыптануусуна багытталат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарды мамлекеттик символдорду сыйлоого тарбиялоо иштерин мектепке чейинки билим берүү уюмунун окуу планына ылайык (оюн, сабак), ошондой эле жөнгө салынбаган ишинде жүргүзүү сунушталат.

Мектепке чейинки курактагы балдарды мамлекеттик символдор менен тааныштырууда төмөнкү формаларды жана ыкмаларды колдонуу максатка ылайык:

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана Мамлекеттик Герби түшүрүлгөн, педагогикалык кызматкердин комментарийи, мамлекеттик символдордун элементтерин түшүндүрүү менен коштолгон иллюстрацияларды кароо. Мектепке чейинки курактагы балдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору менен тааныштырууда салыштыруу ыкмасын колдонсо болот (мисалы, балдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун (Мамлекеттик Гербин) коңшу мамлекеттердин биринин туусу (герби) менен салыштыруу сунушталат. Бул балага майда-чүйдө нерселерди так көрүүгө жана аларды айырмалоого мүмкүнчүлүк берет;

— Педагогикалык кызматкердин  Кыргыз Республикасынын Туусунун жана Кыргыз Республикасынын Гербинин сүрөттөрүн  көрсөтүү аркылуу мамлекеттик символдордун элементтерин түшүндүрүп-тааныштыруусу. Тарбиялануучуларды Кыргыз Республикасынын символдору менен тааныштырууда салыштыруу ыкмасын (мисалы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун, Мамлекеттик Гербин) башка бир коңушу мамлекеттердин туусу (герби) колдонууга болот. Бул балдарга алардын бөлүктөрүн кененирээк так көрүүгө жана айрымалоого мүмкүнчүлүк берет;

— Кыргыз Республикасынын Герби түшүрүлгөн буюмдарды (нерселерди) карап чыгуусу;

— күнүмдүк жашоодо кездешкен мамлекеттик белгилердин түшүрүлүшүнө  балдардын көңүлүн буруу: балдардын түшүнүгүнө жеткиликтүү болгон, жарандардын мамлекеттик символдорго болгон мамилесин чагылдырган коомдук айрым бир окуяларга тартуу;

— балдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин мазмунун түшүндүрүү; педагогикалык кызматкердин  гимн ырдалып жатканда өзүн-өзү кандайча алып туруусу боюнча алдын ала түшүндүрүүсү менен (туруп угуу, эркек балдар баш кийимин чечет, оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат);

—   балдар менен качан жана кайсы жерлерде мамлекеттик символдор колдонулары жөнүндө сөз куруу (майрамдык күндөрдө көчөлөрдө туулар тагылат, спортчулардын жеңиштеринин урматына мамлекеттик гимн ырдалат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу көтөрүлөт ж.б);

—  сейилдөө жана экскурсия учурларында өзү жашаган жеринин мамлекеттик майрамдар алдындагы өзгөрүүлөрүнө байкоо жүргүзүү, андан ары балдарда пайда болгон таасирлерди талкуулоо;

—  элдердин Мамлекеттик символдорго болгон мамилесин ачып көрсөткөн көркөм адабий чыгармаларды окуу ж.б.

Мектеп жашына чейинки баладарды Мамлекеттик символдор менен тааныштыруу жана аларга болгон сый мамилени калыптандыруу ишинде башкы роль педагогикалык кызматкерлерге жана ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) берилет, алар өздөрүнүн үлгүсүндө Мамлекеттик белгилерге болгон сый жана кылдат мамилесин көрсөтүшү керек. Мектепке чейинки билим берүү уюму менен үй-бүлөнүн, тарбиялануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүн мектепке чейинки билим берүү уюмунун окуу процессине тартуу менен кызматташуусун максаттуу түрдө уюштуруу. Мындай биргелешкен аракеттердин формасы үй-бүлөдө балдарды мекенчилдикке тарбиялоо, биргелешкен майрамдар боюнча кеңештер, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ж.б. тиешелүү аталыштагы маалыматтык такталарды даярдап илүүгө болот.

Жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору боюнча билимин жана аларга болгон сый мамилесин   калыптандыруу иштерин максатка ылайык биринчи класска келгендеги биринчи сабагынан баштоо керек. Максаттуу түрдө, окуучулар менен аңгеме, маек жүргүзүү керек. Маектешүү же аңгемелешүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик белгилердин элементтерине түшүнүк    берип,   мамлекеттик    символдорго   болгон    сый   мамиленин зарылдыгына өзгөчө көңүл буруу керек. Кыргыз Республикасынын Гимнин угуп, Мамлекеттик Гимн аткарылып жатканда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүү.

Кыргыз тили сабактарында максатка ылайык окуучуларга белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору тууралуу маалыматтарды актуалдаштыруу, балдардын байкоолоруна жана турмуштук тажрыйбаларына таянып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун ролу жана мааниси (мамлекеттик символдор кандай жерлере жана эмне үчүн колдонулат) жөнүндө маек куруу.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин фрагментин окуучуларга угузуу алдында максаттуу түрдө алар менен  гимндин текстинин жана айрым сөздөрүнүн  маанисин түшүнүү боюнча маек куруу.

Мамлекеттик символдор боюнча балдардын билимдерин бышыктоо үчүн викториналарды уюштурууга болот.

Окуучулар менен мамлекеттик маанилүү символдордун бири болгон гимн жөнүндө аңгемелешүүдө же маек курууда анын түзүлүү тарыхына көнүл бөлүү керек, гимндин текстик жана музыкалык өзгөчөлүгүнө мүнөздөмө берүү, анын  салтанаттуу музыкасына көңүл буруу, гимндин салтанаттуу иш-чараларда аткарылышын, мамлекеттин башкы музыкалык-поэтикалык чыгармасын туруп ырдоо жана  туруп угуу, ага болгон сый мамиленин көрсөтүлүшү экендигин түшүндүрүү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартылышарын окуучуларга түшүндүрүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун тарыхый, саясий, укуктук, адабий аспектилерин таанып-билүү окуучулардын изилдөөчүлүк жана долбоордук иштеринин предмети болушу мүмкүн.

Балдардын мамлекеттик символдорго болгон сый мамилесин калыптандырууда туристик-экскурсиялык иштердин, билим берүү уюмунун музейлеринин базасындагы иштер жана айланадагы адамдардын кадырына ээ болгон инсандар менен (мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аскер кызматкерлери, белгилүү спортчулар ж.б.) жоолугушуулар сыяктуу иштердин деңгээлин көтөрүүгө аракет жасалышы керек. Өткөрүлүп жаткан тарбиялык иш-чаралардын мазмунуна мамлекеттик символдордун маани-маңызы жана коомдогу, ар бир адамдын жашоосундагы анын орду тууралуу суроолорду киргизүү сунушталат.

Мамлекеттик Туунун, Гербдин жана Гимндин  кабыл алынган күнүнө   карата билим берүү уюмдарында тематикалык иш-чараларды (маалыматтык, класстык сааттарды, маектерди, сынактарды викториналарды ж.б.) алардын мазмунуна  биздин жарандардын, аскерлердин, спортчулардын мамлекеттин туусуна, гербине, гимнине жасаган мамилелерин көрсөткөн фактыларын камтуу менен уюштуруу зарыл.

Бул иш-чараларды уюштурууда жаштардын коомдук бирикмелери менен биргелешип иштөө керек.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын окутуу иштерин уюштурууда  жалпы билим берүү уюмунун китепканаларына да өзгөчө иш жүктөлөт. Алар биздин мамлекеттин символикаларына болгон сый мамилени үлгү кылган көркөм жана тарыхый адабияттарды жана мезгил-мезгили менен басылып чыккан жарыялоолорду тандап берүүнү ишке ашырат.

Мамлекеттик символдорду жалпы билим берүү уюмдарында колдонуу окуучуларда мамлекеттик символдорго болгон урмат-сый мамилесин калыптандырууга багытталышы керек.

Билим берүү уюмдарында символикалык белгилер боюнча бурчтар жасалгаланат (фойе, актовый зал же музей).

Мамлекеттик символдор билим берүү уюмунун жетекчилеринин кабинеттеринде, окуу кабинеттеринде илинип турушу керек.

Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекттик символдор — республикалык патриоттук акциялар, салтанаттуу иш-чаралар, белгилүү күндөргө карата салтанаттуу тизилүүлөр, мамлекеттик майрамдар, тематикалык майрамдар жана  мамлекеттик символдорго арналган иш-чараларды өткөрүүдө колдонулат.

Төмөндөгү иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин аткаруу милдеттүү болуп саналат:

— жалпы билим берүүчү уюмдарда жаңы окуу жылын ачууда жана окуу жылы  аяктаганда (салтанаттуу тизилүү, билим күнү жана акыркы коңгуроого арналган);

— бүтүрүүчүлөгө жалпы орто билим жөнүндө аттестат жана негизги орто билим тууралуу күбөлүктөрдү тапшырууга байланышкан салтанаттуу  иш-чараларды өткөрүүдө;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдык күндөрүнө арналган иш-чараларды өткөрүүдө;

— билим берүү уюмунун бул иш-чараларды өткөрүү эрежелерине ылайык билим берүү уюмунун аймагында жана анын аймагынан тышкары жерде өткөрүлгөн спорттук таймаштардын ачылуу жана жабылуу аземдеринде;

— Кыргыз Республикасынын даталуу майрамдык күндөрүнө арналган салтанаттуу тизилүүлөрдө, иш-чараларда аткарылат.

Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулар жана педагогдор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни оркестрдик,  хордук,  оркестрдик-хордук,  болбосо вокалдык жана аспаптык  вариантта  аткарылышы мүмкүн. Мында үн-жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот.

Окуучулар жана жаштар, ошондой эле педагогикалык кызматкерлер арасында салтанаттуу иш-чараларда  Мамлекеттик гимндин вокалдык жана аспаптык  вариантта  аткарылышын таркатуу максатка ылайык.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жогоруда көрсөтүлгөн бардык иш-чаралардын убагында колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу билим берүү уюмдарынын имараттарында орнотулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер