БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ЖАЗДЫРУУНУ ИШКЕ КИРГИЗҮҮ УЛАНТЫЛУУДА

  • 14.08.2020
  • 0
БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ЖАЗДЫРУУНУ ИШКЕ КИРГИЗҮҮ УЛАНТЫЛУУДА

2020/2021-окуу жылында 1-класска 156 миң 430 окуучу кабыл алынмакчы. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

«Өлкөнү санариптештирүү алкагында жана үстүбүздөгү жылы жарыяланган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын эске алуу менен билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча тутумдуу иш алынып барылды. Жаңы окуу жылынын башталышына карата балдарды 1-класска каттоодо балдарды мектепке жазуу тартибинин ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу максатында 2020-жылдын 15-февралынан тарта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук түрдө жаздыруу» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү улантылууда», — деди ал.
Аталган тутум ата-энелерге баланы жалпы билим берүү мектептерге атайы программалык камсыздоонун көмөгү аркылуу каттоого, тутумда катталган документке токтоосуз кирүүгө жана анын аткарылышын көзөмөлдөп турууга, ыкчам түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Долбоор пилоттук режимде Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында жайылтылган, 2021-жылы башка ири шаарларда жана бир нече райондордо аны ишке киргизүү пландаштырылууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Бөлүшүү

Комментарийлер