БАЛДАР АРАСЫНДА КЫЛМЫШУУЛУКТУУ БОЛТУРБОО ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ  

  • 03.04.2023
  • 0

 

БАЛДАР АРАСЫНДА КЫЛМЫШУУЛУКТУУ БОЛТУРБОО ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун  үстүбүздөгү жылдын 28-февралындагы “КРнын  прокуратура органдарынын 2023-жылдын март айында балдарга карата жасаган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү  жөнүндө” көрсөтмөсүн аткаруу максатында аталган мекемеге караштуу түзүмдүк бөлүктөрү бир катар иш чараларды өткөрдү.

Ага ылайык Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын, Билим берүү борборунун Үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн адистери жана Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспектору, психологтор менен биргеликте   Бишкек шаарындагы Октябрь районунуда жайгашкан  орто мектептеринде  окуучулар менен жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууда 9-10-11 класстын окуучуларына жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, укук бузуулардын абалы, анын алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамы менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу лекцияларына видео-роликтер пайдаланылды.

Мындан сырткары,  2023-жылдын 17-мартында Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жыйындар залында Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын Укук бузулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссисынын күн тартибине ылайык кезектеги отуруму райондун прокурору К.Нуруллаевдин катышуусу менен өткөрүлдү.

М.ОСМОНАЛИЕВ,

Октябрь районунун прокурорунун

орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер