“БАЛАСТАН” — БАЛДАРДЫН ИНТЕРАКТИВ ЖУРНАЛЫ

  • 17.11.2017
  • 0

“БАЛАСТАН” - БАЛДАРДЫН ИНТЕРАКТИВ ЖУРНАЛЫ

 “Баластан” балдар журналынын башкы редактору Жаныбек Абидетегин менен маек

 —          Жаныбек мырза, “Баластан” интерактив журналы, анын тарыхы тууралуу айта кетсеңиз. Журналды чыгарууу идеясы кандайча пайда болду?

 —          “Баластан” интерактив журналы бала бакча жана башталгыч класс курагындагы (3-12 жаш) балдарга арналган, өңдүү, адабий-көркөм, интерактив журнал. “Баластан” интерактив журналы 2013-жылы “Баластан” деген аталышта китепче катары чыга баштаган. Алар күз, кыш жана жаз мезгили деп аталчу. Бир жылдан кийин 2014-жылдын күзүндө 2 айда бир чыгуучу журнал катары тааныла баштады. 2015-жылдан тарта ай сайын чыгып, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин интерактив журнал катары чыгып жатабыз. Журналыбыздын негизги максаты – жаш жеткинчектерди эне тилин сыйлоого, адептүүлүккө, улуттук баалуулуктарды барктоого үйрөтүү болуп саналат. Өлкөбүздө бала тарбиясына багытталган журналдардын аз чыгып жаткандыгына байланыштуу балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карап ушундай журналды чыгаруу демилгесин колго алганбыз. Негизинен идея мен редакцияда иштеп жатканда келген. Балдар адабиятына кандай салым кошсом болот деген ойлор түйшөлтө баштаган. Анан караштырып көрсөм кыргыз тилинде балдарга арналган саналуу эле журналдар бар экен. Башка элдердин аябагандай кооз, кызыктуу журналдарын барактап отуруп эле ушундай журнал чыгарыш керек деген ой келди. Эмне үчүн кыргызча мындай журнал жок деп намыстансам керек. Балдар жазуучулары, башталгыч класстын мугалимдери менен сүйлөшүп, алардын кеп-кеңештерин угуп отуруп, журналды чыгарууга белсенип, идеяны ишке ашыра баштадым.

Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Башында редактор да, сатуучу да, маркетолог, PR-менеджер, таратуучу да өзүм болдум. Журналдын ичиндеги бардык маалыматтарды өзүм чогултуп, жазуучу агайларга текшертчүмүн. Журнал жаңы ачылганда дизайнер экөөбүз эле иштегенбиз. Талапка жооп берген сүрөтчүлөрдү көпкө чейин издегенбиз, журналдын дизайны боюнча көптөгөн талаш-тартыштар да чыккан.

Андан тышкары журналды таратуу жана таанытуу аябагандай көп убакытты талап кылган. Айыл жергесиндеги мектептерди кыдырып, окуучуларга оозеки сурамжылоо жүргүзүп, алардын кызыккан нерселерин сурап, ким, эмне жөнүндө окугусу келет? деп сураштыргам. Ошондо мени таң калтырган нерсе — класска кирип, окуучулардан силерге эмне жагат десем, бир кыз: “Мага машине жагат. Журналга машине көп чыгаргылачы!” — деп айткан. Элүү жылда эл жаңы дейт. Азыркы балдардын кызыкчылыктары таптакыр башкача экенин ошондо гана түшүнгөм. Журналды таанытууга, окурмандарга аны сүйдүрүүгө убакыт жана көп эмгек талап кылынган.

—          Силер кыргыз тилин журналдагы жомоктор, түрдүү оюндар аркылуу үйрөтүп жатасыңар. Буга ата-энелердин, мугалимдердин көз карашы кандай болду эле?

—          Менин байкашымча көз карашы түз эле болду, көңүлдөнүп барактап карап чыгышчу. Бир жолу бейтааныш бир эжеге сунуштасам, журналды ачып: “сонун экен, кызыктуу экен”, — деп жатып эле, бир учурда журналды жаап: “Бул сүрөттөгү бала орус экен, кыргызды тартпайсынарбы. “Мен албайм”, — деп туруп басып кеткен. Ошондо биз кардар менен эсептешкенди дагы эске алыш керек экенин түшүнгөнбүз. Коомчулукта да көйгөйлөр болчу. Ата-энелер кыргызча билбейт, орусча сүйлөшөт, балдары да билбейт, бирок ата-эне журналды көрүп: “Сонун журнал экен! Менин балама ылайыктуу!” — деп баласына ал журналды сатып берип, үйдөн окуйсуң деп колуна карматып койчу. Мындай нерселер бизге көп учурда дем-күч берчү. Аракетибизди жандантып, жаңы нерселерди ойлоп табууга далалат кылчубуз.

 

“БАЛАСТАН” - БАЛДАРДЫН ИНТЕРАКТИВ ЖУРНАЛЫ

 —          “Баластан” башка журналдардан эмнеси менен айырмаланат?

—          Башка журналдардан айырмабыз бул – биздин сапаттуулугубузда деп ойлойм. Себеби биз сапатка аябай чоң маани берип, сапаттуу журнал чыгарууга умтулабыз. Ошондой эле окурмандардын оюн эске алганга аракет жасайбыз.

Журналдын дээрлик 80% макалалар аудио, видео форматында интерактивдүү болуп даярдалат. Интерактив форматы балдар менен диалог түзүүгө абдан ыңгайлуу. Журнал кызматташууга ар дайым даяр. Мисалы, балдарга жана мугалимдерге өз макаласын жарыялоого 1 бет бөлүп бергенбиз. Ошол бетте алар жан дүйнөсү жана ой-пикири менен бөлүшсө болот. Журналыбыз жаш таланттарды жана мугалимдерди колдоого ар учурда даяр. Эң маанилүү нерсе — биздин журналды жалгыз эле бала эмес, ата-энелер да окуса болот. Журналдагы материалдар баланы тарбиялоодогу суроолорго жооп жана кеңеш бере алат.

 —          Сиз интерактив журналы деп айтып жатасыз. Сиздин оюңуз боюнча, интерактив аркылуу балдардын көңүлүн бурса болобу?

—          Ооба, бүгүнкү күндө мобилдик телефон улуу адамдардын эле эмес, тилекке каршы, балдардын турмушунда да маанилүү ролду ойноп жатат. Социалдык тармактар, мобилдик тиркемелер замандын тренди болуп калды. Берейин деген оюңду сүрөттөр, видео материалдар жана фотолор аркылуу жеткиликтүү кылып түшүндүрүү оңой. Кыргыз жомокторун сүрөттөр менен коштоп айтып беребиз.

—          Журналдын кызыктуу, интерактивдүү кандай рубрикалары бар?

—          Журналдын бардык рубрикалары балдар үчүн кызыктуу болсун деп аракет кылабыз. Мисалы, рубрикаларды атай кетсем: оригами, “чоң энем үйрөттү”, “мына сага”, “жомоктор “ж.б. Андан тышкары боёмо сүрөттөрү, акыл оюндары да журналда камтылган. Бул рубрикаларды журналдан сырткары, мобилдик тиркемеден да окуса болот. Ал үчүн мобилдик тиркемени телефонуна жүктөп алуу шарт. Журналдын “Баластан” аттуу мобилдик тиркемесин Play Market же App Store платформаларынан көчүрүп алууга болот. Бул тиркеме аркылуу дүйнөнүн кайсы булуң–бурчунда болбосун ар бир кыргызча үйрөнөм же окуйм деген киши көчүрүп алып, окуп-үйрөнсө болот.

-Журналды жетектеген киши катары, балдар адабиятынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу айта кетсеңиз?

 Негизи учурда бизде балдар адабиятынын абалы кыйын. Кыйын болгонунун себеби биринчиден, балдар адабиятын окуган, аларга көңүл бурган окурмандардын саны аябагандай аз.

Биздин көйгөй эмнеде? Биринчиден, мыкты-мыкты нерсени талап кылган окурмандар аз. Ошондой эле азыр ата-энелер өз балдарын көбүнчө орус мектептерге жана башка тилдүү мектептерге берет. Аларды кыргызча үйрөтүүгө көп деле дем берип, аракет кылышпайт. Экинчиден, алар үчүн окуй турган мыкты чыгармалар, мыкты китептер азыраак. Алар азыраак болгондуктан биздин окурмандар башка элдин адабиятын окууга умтулат. Бирок бизде ушундай көйгөйлөр бар деп эле туруп калбай, аракет жасай берсек, биздин да ит чөп жей баштайт.

 —          Журналга кантип, кайдан жазылууга болот?

—          Журналга почта бөлүмдөрүнөн жана биздин кеңсеге келип жазылса болот. Биздин дарек: Фрунзе 387, 1-кабат. Ошондой эле биздин facebook/balastankg баракчасына кат жазып, balastan.com сайты жана мобилдик тиркемебиз аркылуу жазылса болот.

Маектешкен Г. Осмонкулова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер