БАЛАНЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛОО БОЮНЧА УЛУТТУК ИНСТРУМЕНТИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 27.03.2024
  • 0

26-мартта Бишкекте өткөн тегерек столдо буга чейин иштелип чыгып, апробациядан өткөн Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук инструмент талкууланды.

БАЛАНЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮСҮН БААЛОО БОЮНЧА УЛУТТУК ИНСТРУМЕНТИ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Иш чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун жетекчилери, Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн адистери, облустук билим берүү институттарынын, методикалык борборлордун кызматкерлери жана иштеп чыгуучулар катышты.

Тегерек столдо улуттук инструменттин материалдары талкууланып, изилдөөнү өткөрүү боюнча мындан кийинки кадамдар пландалды.

Долбоордун консультанттары баланын эрте өнүгүүсүн баалоо куралынын бардык структуралык түзүмдөрүн презентацияды: БЭӨБ боюнча матрица, балдардын өнүгүү картасы, балдардын өнүгүү картасын толтуруу боюнча диапозондор (баллдардын санын аныктоо критерийлери) менен, таблицасы бар колдонмо жана дидактикалык материалдар, директор үчүн, мектепке чейинки билим берүү педагогу үчүн, баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн сурамжылоо, инструмент боюнча балдардын өнүгүү картасын толтуруу боюнча кыскача нускама, ресурстарды жана материалдарды текшерүү тизмеси, педагогдорду окутуу модулу.

Тегерек столдун катышуучулары баланын жашоосундагы алгачкы мезгилдин маанилүүлүгүн жана бала менен бул куракта сапаттуу иштөөнүн зарылдыгын белгилешти. Анын кандай өнүгүп жатканын үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн баалоо аныктай алат. Бул көз карашта, БЭӨБ баланын эрте өнүгүүсүнүн сапатын баалоого багытталган стандартташтырылган курал болуп саналат. Ал мектепке чейинки билим берүү жана өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасында кабыл алынган бир катар стратегиялык документтердин негизинде, ошондой эле 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча «Балалык» программасынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

Тегерек столдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер чыгарылып, резолюция кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бул инструмент «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 500 кыска мөөнөттүү бала бакчанын жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында 60 өнүктүрүү борборунун таасирин баалоо үчүн колдонулат.

БЭӨБ Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында «Балалык» программасынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.

Бөлүшүү

Комментарийлер