«БАЛАНЫН АКЫЛЫ АНЫН КОЛУНДА»

  • 31.01.2022
  • 0

 “Креатив-Таалим Билим берүү комплексинин АРТ өнөрканасында  окуучуларга билим, тарбия берүү менен гана чектелбестен, аны турмушка да даярдашат.

"БАЛАНЫН АКЫЛЫ АНЫН КОЛУНДА"

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин мугалимдери Аксана Молдалиева менен Айжан Асанкуловна элдик кол өнөрчүлүк боюнча, т.а. «Боо согуу (өрүү)» жана “Боз үйдүн чачысы» ыкмасын иштеп чыгып, кенже курактагы  жана жогорку класстагы окуучуларга мастер-класс өткөрүштү.

"БАЛАНЫН АКЫЛЫ АНЫН КОЛУНДА"

"БАЛАНЫН АКЫЛЫ АНЫН КОЛУНДА"

"БАЛАНЫН АКЫЛЫ АНЫН КОЛУНДА"

"БАЛАНЫН АКЫЛЫ АНЫН КОЛУНДА"

— Ыкманы окуучуларыбыз дээрлик өздөштүрүп кетишти. Заманбап билим берүү технологиялары окуучулардын чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өнүктүрөт. Чыгармачылыкта кылым карытып келген кыргыз элинде не деген таланттар, не деген гана өнөр адамдар кездешпейт. Бүгүнкү күндө  мына ушундай кол өнөрчүлүктү окуучуларга үйрөтүп жатабыз. Негизинен боону кадимки эле жиптен согуп же өрүп, кооз оймолорду, ар кандай көчөттөрдү түшүрүү менен бирге түстөрдү айкалыштырып, бир кооздукту жаратуу ыкмасын үйрөттүк. Ал эми боз үйдүн чачысы өзүнчө бир сабак, аны ромбик түрүндө жасаса болот. Көл өнөрчүлүк менен тарбияланган балдардын тырышчаактыгын байкоого болот. Көнүгүүлөрдүн натыйжасында колдор жана манжалар күчкө, жакшы кыймылга жана ийкемдүүлүккө ээ болот. Баланын акыл-эсинин өрчүшүндө кол жана манжалардын таасири чоң. Анткени мээдеги көрүү, угуу, сүйлөө, кабыл алуу жана эс тутум үчүн жооп берген нерв системалары алакан менен түздөн-түз байланышкан. Ушундан улам манжа көнүгүүлөрүн жасоо майда моториканын өнүгүшүнө түрткү болот. Майда моторика – кол жана буттардын манжаларынын так кыймылдарды аткаруусундагы нерв, булчуң жана сөөк системаларынын координацияланган кыймылы болуп саналаарын барыбыз жакшы билебиз. Баланын колу, манжалары канчалык кыймылсыз болсо, анын логикалык ой жүгүртүүсү, сүйлөөсү дагы ошончолук жай өрчүйт. Ошондуктан окуучулар менен манжа жана колду активдүү кыймылга келтирген ою түшүрүү, жиптен боз үйдүн боолорун согуу, чачыларын өрүү ыкмаларына кбүрөөк басып жасап жатабыз, — дейт сүрөтчү-педагог Аксана Молдалиева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер