БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ АДАШУУЛАР
- 15.12.2022
- 0
Бала тарбиялоодогу ата-эненин эң чоң кетирген катасы балага көңүл бурбоо, жерүү жана кол көтөрүү болуп эсептелет. Ата-эне кетирген катачылыктар баланын психологиялык абалына, моралдык жактан өсүп-өнүгүшүнө сөзсүз таасирин тийгизет. Андыктан психолог Ысыкеева Айгүлдүн бала тарбиялоодогу ата-энелердин адашуулары боюнча берген кеңешин сунуштайбыз.
БАЛА ЖАКШЫ МАМИЛЕГЕ, СҮЙҮҮГӨ МУКТАЖ
Бала – ата-эненин күзгүсү. Ата менен энедеги кылык-жорук, жакшы-жаман сапаттарды өзүнө сиңирип алат. Себеби бала төрөлгөндөн кийин апасы, жакындарын көрүп, алардагы жүрүм-турумдарды кайталоо менен чоңоет, эмоционалдык сферасы акырындык менен өнүгөт. Мисалы, энеси кандай ачууланганын, күлгөнүн, кабагын түйгөнүн, катуу сүйлөгөнүн артынан кайталайт. Ушундай көп карым-катнаш аркылуу эмоцияларга үйрөнөт. Бала 1.5 жашка чейин эне менен ушунчалык жакын болгондуктан, бул убакта бала да, эне да бири-бирин абдан сезет. Ошол себептен 1.5 жашка чейинки бала жакшы мамилеге, сүйүүгө жана денесине апасынын денеси, б.а. жок дегенде колунун тийип турганын каалайт. Мисалы, энесинин кармалап, башынан сылап, өөп-жыттап, кучактап, колуна көтөрүп турганын жакшы көрөт. Ошол учурда өзүн коопсуз сезет, санаасы тынч болот. Энесинин келин болуп жумуш кылып жүргөнү тууралуу түшүнүгү жок бала «мени таштап койду», «керегим жок» деп түшүнөт. Мындай кырдаал балага коркунучтуу травма алып келгендиктен, бала тез-тез ооруйт, ыйлаак болот. Ошол себептен балага биринчи күндөн тарта тийиштүү убакыт бөлүп туруу керек. Ал баланын жакшы жетилүүсүнө өбөлгө болот.
КААЛАГЫНАН БАШ ТАРТУУ — БАЛАНЫН «МЕНДИГИН» МОКОТОТ
Адатта бала бакчага барган балдар күнүгө дүкөнгө кирүүнү каалайт, аны адатка айлантат. Каалаганын көрсөтөт, ошону алып бер дейт. Ал үчүн күнүгө бир нерсе алган кызык. Алганын кармайт, кайра бат эле ыргытат. Ошентсе да эч нерсеге карабай сатып берүү маанилүү. Маселен, кымбат оюнчугун арзанына алмаштырып, беш таттуунун үчөөнү алуу менен оңой алаксытса болот. Бирок такыр эле сатып бербей койгон туура эмес. Жаңжал салып ыйлайт. Ал эми дайыма урушуп турса кызыккан нерсесин такыр эле сурабай калат. Каалаганына тыюу салып, урушуу — тыянак чыгарбайт. «Кечээ эле кирбедик беле», «Бул зыян», «Кечке эле алып бере беремби» деген фразаларды көп ата-энелер колдонот. Бирок жаңыдан «мендиги» калыптанып жаткан баланын каалоосунан баш тартуу «Менин апама керегим жок!», «Мени жакшы көрбөйт!» деген түшүнүктүн жаралуусуна алып келет.
БАЛАГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРҮҮ — КООМГО АРАЛАШУУСУНА ДАЯРДАЙТ
Баланын өзүн идентификациялоо учуру үч жашка чейин калыптана баштайт. Кийимди өзү кийип, башкасынан баш тартуусу да ыктымал. Баланын кийимди өзү кийгени, үй жумуштарын талашып жасаганы чоңдорду тажатат. Бир саат кийингенин күткөндөн көрө өзүң жасай койгонуң артыгыраак сезилет. Бирок ал учур бала үчүн абдан маанилүү. Ага бир нерсе жасоого мүмкүнчүлүктү берген кезде, «Мен бар турбаймынбы. Мен сыйга татыктуумун. Мени менен эсептешет. Менин колумдан келет» деген жагымдуу сезим калыптанат. Булар биринчи инсандык сезимди жаратып, өзүнчө бир инсан экендигин түшүнө баштайт. Буга чейин эне менен тыгыз байланышта болгон бала жөргөлөгөндө, басканда чөйрөгө аралаша баштайт.
БАЛАНЫ МАЖБУРЛОО — АНЫ СЫЙЛАБАСТЫК
Кээде үйгө конок келген кезде алардын балдарын алаксытуу үчүн өз балабыздын оюнчугун сунуштайбыз. Алардын көзүнчө балабызга «оюнчуктарыңды конокко бер, сенин ичиң тар» деген баланын өздүгүн тебелеген сөздөрдү колдонгон да ата-энелер жок эмес. Бергиси келбесе баладан оюнчугун тартып алуу такыр туура эмес. Оюнчукту сиз салып берсеңиз да баладан кайсыл оюнчугун бере аларын сурашыбыз абзел. Баланын ою менен эсептешсе, анын ою үй-бүлөсү үчүн баалуу экендигин, сезимдерин түшүнөрүн сезет. Эгерде уруксатсыз колунан тартып берип койсоңуз, эч ким түшүнбөгөндөй, жанынын жарымын берип салгандай абалда калат.
БАЛАГА БӨЛҮНГӨН УБАКЫТ — БАШКАЛАР МЕНЕН МАМИЛЕ ТҮЗГӨНГӨ ЖОЛ АЧАТ
Ата-эне балага оюнчуктарды сатып берүү менен гана чектелбей, аны менен чогуу ойноого үйрөнүүсү керек. Үч жашка чейин өзү менен өзү болсо, андан кийинки этапта ролдук оюндардын көп болгону абдан маанилүү. Учурда баласына телефонун кармата салып же сыналгыны коюп отургузуп коюп, эптеп баланы алаксытуу амалын пайдалаган ата-энелер көп. Бирок чоңдор да балдар менен ойноону көнүмүш адатка айлантуусу абзел. Бала көп суроолорду берип, сүйлөшкүсү келет. Чөйрөнү жаңыдан таанып жаткан балага баары кызык, баарын түшүнгүсү келет. Сейилдөөгө чыкканда, үйдө жумуш кылып жаткан кезде деле бала менен кызыктуу баарлашуу түзүү керек. Эгерде ушул этап ата-энеси менен өтпөсө, бала бакча, мектепке барганда ким менен кандай мамиле курууну, баарлашууну билбей калат.
БАШКАЛАРГА САЛЫШТЫРУУ — НЕГАТИВДҮҮ ОЙЛОРДУ КАЛЫПТАНДЫРАТ
Баланы башка балдарга эле эмес, бир туугандарына да салыштырууга болбойт. Аны жакшы көрбөйт деп түшүнөт. Ата-эне салыштырган кошунанын баласын өмүр бою жек көрүп өтөт. Аны салыштырган энесин да жек көрүү сезими пайда болот.
КОНФЛИКТ ҮЧҮН БАЛА ӨЗҮН КҮНӨЛҮҮ СЕЗЕТ
Жети жашка чейинки балдар «эгоцентризм» деген атка татыктуу. Себеби күндүн батып жатканына, гүлдүн өскөнүнө да «мен каалаганым үчүн» деп баарына өзүн себепкер көрөт. Атүгүл, үйдө ата-энеси урушса да, тамак жебей койгонум үчүн урушуп жатат деген ойду калыптандырат. Дайыма мындай конфликттин чордонунда жашаган бала коркок болуп өсөт.
БАЛАГА ЗОМБУЛУК КӨРСӨТҮҮ — ЧОҢ КӨЙГӨЙДҮН ЖАРАЛУУСУНА ЖОЛ АЧАТ
Балага кол көтөрүп тарбиялоо — акылсыз кадам. Уруп жаткан кезде бала кайра эле ур-токмокко алып жаткан энеден жардам сурап, бутуна жабышат. Урган кезде денеси ооруганы аз келгенсип, жакын адамынын эмне себептен уруп жатканын түшүнбөйт. Өзүнүн туура эмес ишин анализдөөгө акылы жетпейт, башкалардын колдоосуна муктаж. Уруп жаткан кезде бала күткөн колдоону энесинен ала албаганы үчүн травма алат. Эч качан энесинен жардам ала албасын, кайра кайрылбарын түшүнөт, жалгыздыкта калат. Кичинекей кезинде ата-энесинен күткөн колдоону албай калган, эч кимге өзүн керексиз сезген сезим калыптанып калган бала мектеп курагында сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу эч кимге ооз ачпай жүрө берген учур көп катталат. Мындай акыбалдагы балдар бирөөлөр баңги заттарды, ичимдик ичүүнү, чылым чегүүнү сунуштаса да баш тарта албайт.
КАТУУ КАРМАБАЙЛЫ!
Айрым учурда катуу тарбияда жакшы адам болуп өскөнүн айткандар болот. Бирок алардын баарынын эле жашоосу жакшы экендигин билдирбейт. Катуу тарбияда чоңойгон балдардын жарымы катуу басынып, баш көтөрө албай калса, калганы өжөрлөнүп, күчүнүн баарын бирөөгө бир нерсе далилдөө менен өткөрөт. Өзгөчө өткөөл курактагы баланын туура эмес кылган ишине чыдап, кечирип коюу керек. Чылым жыттанып келсе уруш баштабай, чылым жакканын же жакпаганын, эмне үчүн колдонуп көргөнүн кызыгып суроо талап кылынат. Эгерде дароо урушса бала ал ишти атайын кайталап жасайт. Жашоосунда болуп жаткан окуялары тууралуу айтпай калат.
БАЛАНЫ БИР КАТАСЫ ҮЧҮН УРУШПАЙ, БИР ЖЕТИШКЕНДИГИН ҮЧҮН МАКТА
Баланын жакшы баасы же жетишкендиги үчүн жакшы сөздөрдү арнап, мактоо абзел. Адатта, көпчүлүк мугалимдер туура эмес жазганы үчүн кызыл калем менен оңдойт. Үйдөн ата-эне сындайт. Ошондо бала «баары бир жаман деп айтат» деп жазгысы келбейт. Мисалы, еврейлер балдардын катасын оңдоо үчүн жашыл калемсап колдонот. Кырк тамганы туура эмес жазып, бирөөнү туура жазып койгону үчүн көкөлөтүп мактайт. Баланын ар бир аракетин баалап, көрүп, баса белгилеп айтып турса, маанайы көтөрүлүп, окууга стимул алып, аракеттене баштайт.
ГАДЖЕТТИ КОЛДОНСОҢУЗ…
Баланын мээсинин өнүгүүсүн токтотуучу гаджеттерди туура колдонууну адегенде өзүңүздөн баштаңыз. Гаджетти колдонууну чектөө ата-энеден көз каранды. Эгерде ата-эне өзү баланын көзүнчө телефон кармап отурса, «эмнеге баарына болот, мага болбойт» деп ойлоп ого бетер кызыгат. Акыйкаттык болушу керек. Ата-эне баладан обочолонуп башка бөлмөгө барып колдонсо болот. А балага бир күндө бир мультфильм көргөнгө уруксат берүү менен гаджетти колдонуудан арылтууга болот. Баланы алдап өзү телефондо отурганын бала деле түшүнөт.
АШЫКЧА КОРГОО — ӨЗҮМЧҮЛДҮККӨ АЛЫП КЕЛЕТ
Баланын көзү менен тең айланып, оозунан чыкканын аткара берген ата-эненин балдары өзүмчүл (нарцисс) адамга айланат. Ошол себептен эне да чарчаганын айтып, сезимдери менен бөлүшүп туруусу абзел. Башка адамдардын сезимдери менен эсептешкенди үйрөнүшү керек.
Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»
Комментарийлер