БАЛА БАКТЫЛУУ – ААЛАМ БАКТЫЛУУ

  • 07.03.2023
  • 0

Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда жайгашкан “Жетиген” мектепке чейинки билим берүү уюмунда “Ата-энелер мектеби” программасынын негизинде “Бала бактылуу — аалам бактылуу” аталышында өткөн семинарда аталган бала бакчанын  тарбиялануучуларынын ата-энелерине балдардын психофизиологиялык, сезим, акыл-эс, дене-бой тарбиясынын өзгөчөлүктөрү, аларды тарбиялап-өстүрүүнүн ыкмалары жана сүйлөө кебинин өсүүсү, акыл эс жөндөмдүүлүгү боюнча сабактар өткөрүлдү.

БАЛА БАКТЫЛУУ – ААЛАМ БАКТЫЛУУ

— Сабактардын жүрүшүндө бала тарбиялоодогу ата-бабаларыбыздын нарктуу таалим-тарбиялык накыл кептеринин мааниси чечмеленди. Ошондой эле, баланы окутуп-тарбиялоодо ата-энелер кабылган кырдаалдар  талкууланып, ошол кырдаалга карата балага туура мамиле жасоонун жолдору аныкталды, — дейт министрликтин тарбия секторунун адиси Индира Токонова. — “Жетиген” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячылары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Г.Мадаминовдун “Өзүңдө турат айып, кимди күнөөлөйсүң кыйкайып” деген сөзү менен баштап, ата-энелердин туура эмес жасаган иштерин сахналаштырып көрсөтүп, ата-эненин өз балдарына үлгү болуу жагын баса белгилешти. Бул ойлорго ата-энелер толук кошулуп, өз ойлорун ортого салышты.

БАЛА БАКТЫЛУУ – ААЛАМ БАКТЫЛУУ

Сабактардын жүрүшүндө тарбиячылар ата-энелерге балдар үчүн оюнчук тандоонун да маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүктөрдү беришти.

Сабактарда дене тарбиянын балдардын организми үчүн зарылдыгы айтылып, ата-энелерди көп кыймылдоого, балдар бакчасына чейин жөө басып келүүгө сунуштар берилди. Бул жагынан да ата-энелерди балдарга үлгү болууга чакырышты.

БАЛА БАКТЫЛУУ – ААЛАМ БАКТЫЛУУ

— Тарбиячылар балдарды өнүктүрүүдө элдик педагогиканын усулдарын колдонууну сунушташты. Бешик ыры, бешбармак, таруу кууру — буудай кууру оюндарынын балдардын аң-сезимин, кыймыл-жөндөмдүн өнүктүрүүдөгү маанисин чечмелеп беришти.  Үй-бүлөдөгү атанын орду, ата наркы жөнүндө да кеп куруп, аталарды барктоого чакырышты. Бул сабактарга келген ата-энелер жана коноктор “Жетиген” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Гүлзат Эсенкожоевага жана сабак өткөн тарбиячылар Н. Бегиматовага, Д. Нуралиевага, Ч. Бейшекеевага ыраазы болуп, сабактардан көп пайдалуу кеңештерди алгандыгын билдиришти, — дейт адис.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер