БАЛА БАКЧАГА БИРДИКТҮҮ ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК КИРГИЗИЛЕТ

  • 29.11.2017
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги баланы бакчага орноштуруудагы коррупцияга каршы жаңы ыкма киргизет. Бул система жемкорлукту ооздуктап, бала бакча көйгөйүн жеңилдетет дешүүдө адистер. Бул долбоорду ишке ашырууда 2014-жылы Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында пилоттук негизде киргизилген “Электрондук кезек” системасынын натыйжалары эске алынат.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт эки жыл мурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, электрондук кезекке туруу системасын киргизген болчу. Буга  ата-энелердин арызданганы себеп болгон.

Пилоттук долбоор боюнча жогоруда аталган үч шаардын билим берүү башкармалыктары интернеттен ар бири өз-өзүнчө сайт ачкан. Анда документин тапшырган баланын аты-жөнү электрондук кезекке киргизилген. Келип түшкөн документтерди текшерип, тизме түзүү милдети райондук билим берүү борборлоруна жүктөлгөн эле. Бул ыкма менен бала бакчанын директорун бала кабыл алуу укугунан четтетип, аны мыйзамсыз акча алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максаты коюлган болчу.

Бирок коюлган максат ойдогудай болбой калганын Билим жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымова ар кандай себептер болгонун айтат.

— Мында ар түрдүү  шарттарга байланыштуу: толук кандуу иштей албагандыктан,  интернет байланышын тынымсыз каржылап турган маселесине  зарыл болгондуктан — бул система иштеп кете алган жок. Ошондуктан азыр министрлик жаңы ыкма менен иштөөгө өткөнү жатат. Бүгүнкү күндө КР Өкмөтүнүн «Таза коом» программасынын алкагында балдарды бала бакчага кабыл алуу электрондук кезекке туруу системасы аркылуу ишке киргизүү пландаштырылып, Мамлекеттик инновация, технология жана байланыш комитети тарабынан тендер өткөрүлдү. Тендерде Тайлол компаниясы утуп чыгып, бүгүнкү күндө келишимдер түзүлүп, иш башталды.

Учурда электрондук кезекке туруу системасынын программаларын иштеп чыгуу, ошондой эле балдарды электрондук кезекке кабыл алуу регламенти иштелип жатат. Негизги максатыбыз –  бала бакчага кирүүдө мыйзамсыз акча чогултуу, берүү, орундарды сатып алуу дегендерди жокко чыгаруу үчүн таза система курууну көздөп жатабыз. Алдыңкы пландарда ата-энелер өздөрү эле электрондук кезекти жүктөп алып, өзүнүн баласын каалаган жерине кезекке тургузуу иштерин түзүп чыгуудабыз. Мында ата-энелер балдарынын аты-жөнүн,  күбөлүгүнүн номерин, ошондой эле ата-энесинин аты-жөнү тиешелүү иштелип чыккан графаларга толтургандан кийин бала автоматтык түрдө кезекке тургузулат, — дейт Н.Касымова.

Электрондук кезектин дагы бир жакшы жагы,  микроучастокторго карабастан ата-энелер тандоо укугуна ээ болушат. Кайсы бала бакчаны мыкты  же орун жетиштүү деп эсептесе ата-эне өзү каалаган бир эле бала бакчага кезекке туруу мүмкүнчүлүгүнө  ээ болушат.

— Бул система тыкыр көзөмөлдөнүп иштелип чыгууда, алдыңкы күндөрдө биринчи транш кое берилет. Учурда райондук билим берүү бөлүмдөрүндө кезекте турган балдардын тизмелери алынып жатат. Ошол тизмедеги балдар  ата-энеси арыз берген күндөн баштап биринчи болуп кезекке коюлат. Андан кийин калган балдарды ата-энелер өздөрү эле кое башташат. Министрликтин өзүндө атайын системада башкарылат.   Бул жерге райондук билим берүү бөлүмү дагы, башка адамдар дагы таасир эте албайт. Автоматтык түрдө башкаруу жүргүзүлөт, катталган күндөн тартып, секундасына чейин эсептелип, кезеги менен болушат. Учурда министрлик атайын электрондук кезек үчүн сервер сатып алууда. Ал автоматтык түрдө башкарылат. Дайыма онлайн режиминде болот. Мисалы, ата-эне  сайтка кирип, тиешелүү графаларды толтурган соң, баласынын кайсы бала бакчага кезекке турганы тууралуу жооп келет.  Ушундан кийин ата-эне өзү эле кезегин көзөмөлдөй алат.   — дейт жетектөөчү адис.

Азыркы күндө программа иштелип  жаткандыгына байланыштуу ата-энелерге түшүндүрүү иштери жеткириле элек.  Жакында райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн бала бакча боюнча иштеген адистери окуп чыгышат. Себеби жаңы системаны түшүнбөй калган ата-энелерге  адистер түшүндүрүп бергенге даяр болушу керек.

— Негизи  система ишке кирген күндөн баштап, маалымат каражаттар аркылуу  жалпыга маалымдайбыз. Кандай тартипте электрондук кезек жүргүзүлөт?  Мисалы,  жеңилдетилген шарттагы үй-бүлөлөр:  аз камсыз болгон, беш балалуулар,   куралдуу күчтөр мекемесинин кызматкерлери, афган согушунун катышуучусу, ветерандар ж.б.у.с.   категорияларга бөлүп, аларды аныктап алган соң, биринчи кезекте кимдер, экинчиси кимдер деп атайын система иштелип жатат.  Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча республикада 1296 бала бакча иштейт, — дейт Нурзида Касымова.

Электрондук тизмени мурдагыдай ар бир шаар өзүнчө жүргүзбөйт, бул ишти толугу бойдон Билим жана илим министрлиги өз карамагына алганы жатат. Эң башкы маселени унутпашыбыз керек.  Бул бала бакчалардын жетишсиздиги. Ошондуктан бала бакчалардын санын көбөйтүү зарыл. Бирок  акыркы жылдары бир кездерде менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра кайтаруу процесстери жүрүп жатат. Ошондой эле жамааттык бала бакчалар, жеке бала бакчалар да ачылууда.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер