БАЛА БАКЧА ЗАМАНБАП АДИСКЕ МУКТАЖ

  • 17.02.2023
  • 0

БАЛА БАКЧА ЗАМАНБАП АДИСКЕ МУКТАЖ

Бала бакчаларда эмгектенген сегиз миң тарбиячынын 15 пайызы гана мектепке чейинки билим берүүнүн адиси, тагыраак айтканда өз кесибинин ээси болуп эсептелет. Калгандарынын адистиктери ар түрдүү предметтерди окуткан, педагог статусуна ээ болгон мугалимдер. Бул, албетте, балдардын жаш курагына жараша тарбия берүүсүнө терс таасирин тийгизбей койбойт.

Сандан сапатка карай

Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы 1 млн 107 миң баланын ичинен 200-220 миң бөбөк бала бакчага барат. Акыркы жылдары бала бакчанын саны көбөйүп, мектеп жашына чейинки балдарды билим берүү программасы менен камсыздоо деңгээлинде динамикалуу өсүш байкалганына карабай, бала бакчалар дагы да жетишсиз.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 24 пайызын түзөт, а бирок иш жүзүндө вариативдүү – кыска мөөнөттүү, үй-бүлөлүк, өнөктөштүк, жеке менчик бала бакчаларды ачуу жана кошумча билим берип, мектепке даярдоочу программалар менен камсыздоону кошкондо жалпы деңгээли 47 пайызга жетет. Биз сан жагынан өсүшүнө гана курсант болбой, сапат жагын да көмүскөдө калтырбоо аракеттерин көрүүбүз кажет. Бала бакчаларда кесипкөй тарбиячылар жетишпегени аз келгенсип, балдардын жаш курагына ылайыктуу окуу куралдары, дидактикалык материалдар менен камсыздоо деңгээли да, тилекке каршы, ойдогудай эмес.

Мектепке чейинки билим берүүдөгү адистердин 85 пайызы атайын адистиги жок, ар түрдүү предметтердин ээси болгон азыркы шартта билим сапаты жөнүндө кандай сөз болушу мүмкүн?

Бишкек шаарындагы билим берүү башкармалыгынын адиси Айдана Саридинованын пикиринде, бала бакчаларда иштеген мугалим тайпасындагы балдарга билим берип жетише албайт, бул айрыкча, балдардын саны көп бала бакчаларда өзгөчө байкалат.

— Бишкек, Ош сыяктуу калкы жыш калааларда балдардын саны да көп болгондуктан, педагог өзүнүн билгенин үйрөтүп жетише албайт. Окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн дагы бир педагогду кошуу керек же анын жардамчысын кайра окутуу керек. Андыктан, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо — номур биринчи маселе катары каралууга тийиш,  — деп эсептейт.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов мектепке чейинки билим берүүнүн үч негизги көйгөйүн белгилейт.

— Мектеп жашына чейинки балдардын 24 пайызы бала бакчага барганы — азыркы шартта 100 баланын 24ү гана бала бакчага барып жатат дегендик. Бул жерде, албетте, биринчи кезекте мүмкүн болгон бардык ыкмаларды колдонуу менен балдарды бала бакчага тартуу зарыл. Буга чейин кыска мөнөттүү бала бакчалардын санын дагы көбөйтүү, жеке менчик бала бакчаларды ачууда талап кылынган лицензияны алып салуу же жөнөкөйлөтүү керектигин айтып келдик эле. Коомчулуктун мүдөөсү эске алынып, билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын жаңы долбоорунда лицензия алынып салынды. Бул бала бакчалардын санын көбөйтүүдө кеңири колдонулуп келаткан дүйнөлүк практика. Маселен, Казакстан лицензияны убактылуу алып коюп, балдарды бакча менен камсыздоону 97 пайызга жеткирди.

Экинчи дагы бир эң маанилүү маселе – бул кадр маселеси. Бир убакта атайын педагогдорду даярдаган И.Арабаев университетинде он студент окуган бир эле тайпа калган. Биз бул этаптан өттүк. Эми кадрларды даярдоону күчөтүүгө жигердүү киришели. Мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеп жаткан 85 пайыз адис эмес кадрларды кайра даярдоону жеңилдетилген форма менен ишке ашыруу керек. Аларды кыска мөөнөттүү офлайн жана онлайн окутуу ыкмаларын тандоо, зарыл болсо, жеринде барып окутуу талапка ылайык, — дейт.

Бала бакчанын “баш оорусу” эмне?

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки саясат бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымованын айтымында, бала бакчалар жалпысынан республикалык, жергиликтүү органдар жана ата-энелердин колдоосу болуп үч булак аркылуу каржыланат. Республикалык бюджеттен эмгек акы жана соцфонд төлөмдөрү камсыздалса, калган чыгымдардын баары жергиликтүү бюджеттин мойнуна жүктөлгөн. Арийне, жергиликтүү бюджеттегилердин 85 пайызы дотацияда олтургандыктан, алардан чеке жылытарлык каражат бөлүнбөйт, бөлүнгөнү коммуналдык төлөмдөр жана анча-мынча утурумдук ремонт иштерине жумшалат. Ал эми балдарды окутуп, өнүктүрүүчү окуу дидактикалык материалдарга бир да сом бөлүнбөйт. 30 жыл аралыгында бала бакчалардын материалдык базасы ыйлагыдай абалга жетип, айрыкча, балдарды окутуу таптакыр көңүл сыртында калып келген. Башкасын айтпаганда эле интернетсиз ааламды элестетүү мүмкүн болбой калган азыркы шартта республика боюнча 59 пайыз гана бала бакча интернетке туташтырылган. Калган 41 пайыз бала бакчага интернет байланышы киргизиле элек. Алар модем, мобилдик интернет менен маалымат базасын толтурууга аргасыз. Тарбиячылар дидактикалык материалдарды өз колу менен жасап, окуу программасын эптеп толтурушат. Эгерде сапаттуу билим бергибиз келсе, ушул жагын көз жаздымда калтырбашыбыз керек.

БАЛА БАКЧА ЗАМАНБАП АДИСКЕ МУКТАЖ

Аралыктан окутуунун артыкчылыктары

Азыркы тапта интернет айдыңынан тил үйрөтүүдөн баштап жеке бизнес жүргүзүү, сулуулукту сактоо, туура тамактанууга чейинки бардык тармактагы өз кызматын сунуштаган онлайн курстардын жарнамаларын көрүүгө болот. Алардын катарында мектепке чейинки билим берүү тармагындагы адистерди окутуучу онлайн курстарды да кезиктиресиң.

Алардын бири өзүнүн усулдук жардамын онлайн курсу аркылуу сунуштаган педагог, “Жыл мугалими — 2013” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү, USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун тренингдер боюнча адиси Нургүл Шарапова Каракол шаарында жашайт. Биз аны менен байланышканыбызда, педагогдорго арналган кезектеги беш күндүк онлайн курсу “Мектепке чейинки билим берүүдө балдарды өнүктүрүү технологиялары” деген теманы камтырын билдирди.

— Учурда мектепке чейинки билим берүү багытындагы заманбап программалар жана балдарды өнүктүрүү ыкмаларын үйрөнүүгө муктаж адистер арбын. Педагогдордун билимин жогорулатуу максатында онлайн окуу курстары 2022-жылдын ноябрь айынан тарта жүргүзүлүп келатат. Ушул убакка чейин 174 тарбиячы, 480 сааттык мектепке даярдоо «Наристе» программасы боюнча окуткан 18 педагог онлайн курстан өттү. Курска республикабыздагы ЖОЖ окутуучулары, бала бакча башчылары, тарбиячылар, билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери катышууда.

Кезектеги окуу курсунда Ош, Жалал-Абад облусунан катышкандар көп. Аралыктан окутуу болгон соң, катышуучулардын жеке мүдөө-талаптарын эске алып, курстарды кечинде да өткөрөбүз. Анткени алар күндүз көбүнчө жумушта болуп, колдору бошобойт. Окуу курстарын алардын кызыккан темаларын эске алуу менен, алдын ала аныктап, даярдап алабыз. Курстун мазмунунда үч жаштан алты жашка чейинки балдарды өнүктүрүү «Балалык» программасы, «Тынчтык куруу» программасы, STEАM билим берүү, ТРИЗ (ЖМЧТ) педагогикасы, ийгиликтүү педагогикалык технологиялар багытындагы балдарды ар тараптан өнүктүрүү усулдары камтылат. Ата-энелер менен иш алып баруу формалары багытында ата-энелерди балдарды тарбиялоо, өнүктүрүү процессине тартуу, биргелешкен иш-аракет жүргүзүү, ата-энелердин ыктыярчы катары педагогго тарбиялоо процессине жардам берүү идеялары камтылат. Ийгиликтүү педагогикалык технологиялар катарында М.Монтессори, Вальдорф педагогикасы тууралуу маалымат берилет, — дейт Нургүл Шарапова.

Курстун активдүү катышуучулары Чоң-Алай районундагы “Жаш-Тилек” бала бакчасынын тарбиячысы Динара Арыстанбек кызы, Кара-Суу районундагы Кызыл-Кызгалдактар” бала бакчасынын тарбиячысы Самара Абдыкалыкова, Баткен шаарындагы бала бакчада эмгектенген Динар Кудаярова, Ак-Суу районундагы Т.Асанбаев атындагы мектептин алдындагы кыска мөөнөттүү бала бакчанын тарбиячысы Нуризат Жантаева жана башка көптөгөн тарбиячылар жогорудагы курстан көптөгөн педагогикалык идеяларды, технологияларды үйрөнгөндөрүн, балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, борборлордо сабак өтүү, ата-энелер менен иш алып баруу, оюн ишмердүүлүгү, дифференциациялык окуу чөйрөсүн уюштуруу, мониторинг түзүү ж.б. билимге ээ болгондорун, эң негизи, балага карата мамиле жасоонун ыкмаларын үйрөнгөндөрүн белгилешет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер