БАЛА БАКЧА КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН КИЙИН КАНДАЙ ИШТЕП ЖАТАТ?
- 24.01.2023
- 0
Борбор калаадагы №3 мектепке чейинки билим берүү уюму 2021-жылдын 1-октябрында пайдаланууга берилген. Бакча 105 орунга ылайыкталган жана бардык талаптарга жооп берет. Беш тайпадан турат.
Балдардын жашы 2 жаштан 7 жашка чейин. Жалпысынан 27 кызматкер эмгектенет, анын ичинен сегиз мугалим Россия жана Казакстанда билимин жогорулатып, балдарды окутуу жана тарбиялоо менен алектенишет.
Бала бакчада жумасына 15 сабак өтүлөт. 2022-жылдын 1-октябрынан баштап бакчада ар бир сабак көп тилдүү билим берүү программасы менен иштеп, педагогдор маалыматтык технологиялардын жардамы менен сабактарын өтүшөт.
— Кандайдыр бир ишти баштаардын алдында ата-энелер менен чогулуш өткөрүп, кеңешип, чогуу талкуулап, жыйынтыгын аларга сунуштайбыз. Ата-энелер бул программаны толугу менен колдошту, анткени жаш муундун эне тилин билүүсү керек, 2 же андан көп тилди билгени абдан жакшы. Группада негизги сабактарды кыргыз тилинде, коммуникативдик сабактарды орус тилинде жана англис тилинде өткөрөбүз бир бөлүгүн өткөрүп пилоттук режимде иштейбиз, — дейт директор.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер