БАЛА БАКЧА АЧЫП, БАЛАҢДЫ БАК

  • 09.06.2023
  • 0

БАЛА БАКЧА АЧЫП, БАЛАҢДЫ БАК

Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунда үй тибиндеги эки бала бакча ачылды. Биринчи-Май райондук администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаеванын айтымында, бул райондо ачылып, үй тибиндеги жаткан бешинчи бала бакча болуп эсептелет.

Үч балалуу Сара Надырбекова Ак-Босого жаңы конушунун тургуну. Ал жаңы ачылган “Керемет” бакчасына алты жашар уулун алып келди. Сарага айрыкча төрт маал тамагы жана даярдоо тайпасы бар экендиги өтө жакты.

– Мен үй-бүлөм менен ушул конушта жашайм. Жакын жерде бала бакча жок, жакшы эле кыйналдык. Анан бүгүн минтип биздин конушта, болгондо да, бизге жакын жерде үй тибиндеги бала бакча ачылып жатканына аябай кубанып жатабыз, анын үстүнө бул эжени жакшы тааныгандыктан, балдарыбызды кооптонбой, ишенип тапшыра алабыз. Мен кесибим боюнча маркетологмун, бала бакчанын жоктугунан иштебей үйдө олтурууга мажбур болуп келгем, эми ишенимдүү түрдө иш караштыра баштайм, — деп, сүйүнүчү менен бөлүштү.

“Керемет” бакчасынын башчысы Мерила Сыдыкова медициналык кесиби менен 17 жыл медайым болуп иштеп келген. Кийинчерээк борбор калаабыздагы И.Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын менеджер-окутуучу факультетин да аяктаган. Эки жылдан бери жеке менчик бала бакча ачууга кыялданып, бирок документтерди чогултууда кездешкен кыйынчылыктардан улам токтотуп койгон эле.

– Жеке менчик бала бакча ачуу үчүн көп сандаган документтер талап кылынгандыктан, эки жыл убара тартып жүрүп, аргасыз токтотуп койгон элем. Анан эле “Көктөн тилегеним жерден табылып”, айыл өкмөтүнөн ушундай маалымат келип калды. Ага ылайык, өкмөттүк долбоордун алкагында үч күн окуп, тиешелүү документтерди алдык. Үч күндүк окуу курсунда жашы мектепке барууга чукулдап калган балдарды окууга даярдоо, санитардык жана өрт коопсуздугун сактоо эрежелери сыяктуу керектүү бардык билимге ээ болуп, сертификат алдык. Балдарын алып келгиси келгендер бири-биринен угуп келип, жазылып жатышат. Эгерде бир үй-бүлөдөн бир нече бала келсе, айына төлөнүүчү төлөмдөргө жеңилдиктерди карайбыз го деп ойлойм, — дейт жеке ишкер айым.

Биринчи-Май районунун акиминин орун басары Рахат Мусаеванын айтымында, пилоттук районго кирген бул аймактагы Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо деп аталган үч жаңы конуштун ичинен буга чейин бир гана Ак-Босогодо мамлекеттик бала бакча бар болчу. Эми үй тибиндеги болсо да бала бакчалар ачылып, жаңы конуштардын тургундарынын балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Жеке менчик бала бакча ачууну каалагандар буга чейин юридикалык жак катары каттоодон өтүп, лицензия алууга тийиш болсо, эми жеке ишкер катары катталып, патенттин негизинде ача алат. Бул каалоочулар үчүн аябай жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат. Үч күндүк окууда жеке ишкерлер ар кайсы курактагы балдарды бир тайпада кантип окутуу керектиги жана ошондой эле эң маанилүү болгон балдардын коопсуздугун сактоодо талап кылынган тиешелүү билимге ээ болот.

Үч күндүк окуудан өтүп, көптөн берки кыялын ишке ашырган дагы бир айым Бактыгүл Жакыпованын үй тибинде ачылган бала бакчасы “Ак-Жол” деп аталат. Анын төрт баласы бар. Бактыгүл айым буга чейин бир нече мекемелерде эсепчи болуп иштеп жүрүп, балдарын бала бакчага орноштуруу маселеси пайда болгондо, балдарынын дайыма көз алдында болуусун каалаган эне, баласын шаар ичиндеги бала бакчага берип, өзү кошо ошол жерге ишке кирчү.

– Улуу балабыз азыр 11-класс болуп калды, кичүүбүз үч жашта. Мен балким өтө эле баласаакмынбы, айтор, балдарым кайсы жерге бакчага кирсе, өзүм да ошол жакка ишке орношконго аракеттенчүмүн. Акыркы иштеген жерим Бишкек шаарындагы №30 бала бакчасы болду, ал жерде мен беш жыл ашпозчу болуп иштедим. Ушул программа тууралуу укканда аябай кубандым. Менин демилгемди үй-бүлөм, туугандарымдын баары кош колдоп кубаттап жатат. Эки кабаттуу үйүбүзгө 25 балага чейин кабыл алсак болот. Балдарды кабыл алуу жаңы башталбадыбы, эми каалоочулардын санына жараша тайпаларга бөлүп, бир жарым жаштан жети жашка чейинки балдарды кабыл ала баштайбыз, — дейт.

Жеке ишкерлердин мындай демилгесине жергиликтүү бийлик органдары да колдоо көрсөтүүдө. Алсак, Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи-Май районуна караштуу №16 муниципалдык аймактык башмармалыгынын начальниги Кылычбек Алдашев мындай кубанычтуу окуядан четте калбай, кандай жардам керек болсо, колдоого даяр экендигин билдирди.

– Өкмөттүн демилгеси менен түзүлгөн 100 күндүк программанын алкагында Ак-Босого конушунда эки бала бакча катары менен ачылды. Булар өз каражаттарына жана үй шарттарына жараша ачууда. Бактыгүл Жакыпова эжекебиз заявка бергенден тарта жергиликтүү бийлик болгондон кийин биз да келип, өзүбүздүн колдон келген жардамыбызды сунуштап жатабыз. Бизге бөбөктөрдүн жуунуп-тазалоочу бөлмөсүнө тиешелүү каражаттар жетишпей жатканын айтышты. Биз ушул маселени чечип берүүгө жардам беребиз. Жаңы конуштарда бала бакча тартыш болуп, көп балдарыбыз бала бакчага бара албай эле чоңоюп кетти. Балдардын жаркын келечеги үчүн кам көрүп жаткан КР Президентинин жана КР Министрлер Кабинетинин демилгесин колдойбуз жана балдардын мектепке чейинки билим алуусуна бардык шарттарды түзүп бергенге жалпы аракеттибизди жумшайбыз, — деген жигердүү жетекчи Кылычбек мырза бизге убадасын бек берди.

Белгилей кетсек, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбооруна Бишкек шаарынын Биринчи-Май жана Ленин райондору пилоттук район катары кирген эле. Бүгүнкү күндө Биринчи-Май районунда үй тибиндеги беш бала бакча ачылып, 81 ишкер айым сертификат алды.

Пилоттук долбоордун максаты – Кыргызстандагы бөбөктөрдү бала бакча менен камтуу деңгээлин жогорулатуу, бала бакча ачууга жөндөмдүү жарандарды кыска аралыкта жеке ишкерликке окутуп, үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу.

Жеке ишкер катары үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган жарандардан мурдагыдай лицензия алуу талап кылынбайт. Каалоочулар өздөрү жашап жаткан үйдө эле ача алат. Жогоруда белгиленгендей, жер үй болсо шартына жараша 25 балага чейин, эгерде көп кабаттуу батир болсо — 10 балага чейин кабыл алууга болот. Алардан бир гана балдардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды, өрткө каршы эрежелерди сактоо талап кылынат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жашына чейинки балдарга кандай окуу-усулдук тарбиялык иштер окутулушу керектигин даярдап, иштеп чыккан. Жеке ишкер болгусу келген жарандар үч күндүк окутуунун биринчи күнүндө балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша билим-тарбия берүү тууралуу билимге ээ болсо, экинчи күнү өрт коопсуздугу жана саламаттыкты сактоо нормалары боюнча маалыматтарды алат, ал эми үчүнчү күнү жеке ишкерликти  жүргүзүүнүн, ишкер катары катталуунун жеңилдетилген формаларын үйрөнүшөт. Окутуулар азыр да уланууда.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер