БАКАЙДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК БИЙИК ЭТИКАСЫ

  • 14.11.2017
  • 0

 

“Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” акылман Бакай, образдуу айтканда, “Манас” ааламындагы өзүнчө бир “планета”. Биз бул макалабызда окурмандарга ошол “чоң жылдыздын” жалпыланган бейнесин тартып берүүнү чечтик. Бакайдын бейнеси менен таанышкан соң даанышмандын образы мектептеги таалим-тарбиянын нагыз гүлазыгы экендигине тарбиячы мугалимдер ынанышат го деген ойдобуз.

 1.Эпостон ачык-айкын көрүнгөн Бакайдын эң башкы сапаттарынын бири-акылмандык. Бакайдын акылмандыгы анын жалпы улуттук масштабда алысты мелжеп ойлонуп, элдин өткөнү, бүгүнкүсү, келечеги жөнүндө толгонуп, Манас экөөлөп түзгөн мамлекеттин ичинде жана тышында эмне болуп жаткандыгына көз салып, улуттун стратегиялык кызыкчылыктарын, жакынкы, алыскы мүдөөлөрүн ар дайым көз алдыда тутуп тургандыгында. Манаска жана кыраан кырк чорого жол көрсөтүп, манас ордодо тең салмактуулукту жана тынчтыкты сактап тургандыгында. Бакайды саясатчы, мамлекеттик ишмер деп атаса болот. Бирок мамлекеттин ордосунда Манастын кеңешчиси катары биринчи ролду ойноп турса да, ал байлык чогултуу,  көр дүнүйө жыйноо жөнүндө эч ойлонбойт. Бакай алдым-жуттуму жок, таза, ыймандуу мамлекеттик ишмер. Бакайдын кеменгерлиги кыргыз элинин чачылганын жыйноо, үзүлгөнүн улоо, жоголгон жогун табуу боюнча алдыда жыйнаган милдеттер тургандыгын көрө билип, андыктан «Таласка салган тамың жок, талтайып жатар чагын жок, Кең-Колго сайган багың жок, керилип жатар чагын жок», деп чоролорго дайыма эскертип, андан ары аларга оо балдар, «өпкө жарып, баш кесер, өт жарышып кан төгөр, өлчөсөң далай душман бар, кыр жагыңда Кытай бар», деп арышты кең таштап, алысты ойлонууга үндөп тургандыгында. Ошону менен бирге Бакайдын даанышмандыгы күнүмдүк майда-чүйдө нерселерден, бийлик-байлык азгырыктарынан жогору тура билип, жашоонун маңызы жөнүндө философчосунан терең ойлонгондугунда, өмүр кечирүүнүн тузу мансаптуулукта эмес, кишичилик кеңдикти, адамдык нарк-насилди сактоодо деп түшүнгөндүгүндө (Бакайдын “Чоң Казат” алдында хандыктан баш тартышын эске түшүрөлү). Мына ушундай касиетинен улам Бакай «Манаста» «Туйгун Бакай олуя», «Акылы терең кеменгер», «Айла тапкыч акылман», «Капилет жерден сөз тапкан, караңгы түндө көз тапкан»,  «Бакай баатыр көк жалдын, акылы кенен дарыя”, деп мүнөздөлгөн.

Саякбай Каралаевдин вариантында Бакай жалындаган жаштык кезинде далайлаган жерлерди кыдырып, нечендеген өлкөлөргө сапарлап, “узун элдин учун, кыска элдин кыйырын” көрөт. Эл-жер кыдырып жүргөн чагында, Бакайдын  те жердин түбүндөгү Мисир жана Багдат шаарларында болуп, Кытайдын Чоң Бээжинине жети жолу сапарлап барып келет. “Төгөрөктүн төрт бурчун” кыдырып, далайды көргөндүгү жөнүндө Бакай өзү минтип маалымдайт: “Медияңдын беш бурчун, беш айланта чалгамын, кургагы жок көл көрдүм, бир тамчы суу табылбас, кырк күнчүлүк чөл көрдүм. Ай-ааламдын баарысын, он эки жылы кыдырдым, мен көрбөгөн элим жок, мен тийбеген жерим жок”. Кыскасын айтканда, байкасак, “Манас” эпосундагы кыска жана нуска кабарланган бул биографиялык таржымал Бакайдын акылман болуп асмандан дапдаяр түшө калбагандыгын, анын көрөңгөлүү акыл-эси көптөгөн турмуш мектептеринен өтүп, курчугандыгын кыйыткан сюжеттик мотивировка сыяктанат.

  1. Дагы бир улуу сапаты — Бакайдын мекенчилдиги. Буга анын Ата журттун боштондугу, ак калпак элдин эркиндиги үчүн Манас менен кошо каруусун казык, башын токмок кылып, каарман күрөштүн жана согуштун өртүн кечкендиги, Манас ордонун, эгемендүү кыргыз мамлекетинин сакталышы үчүн карыган кезинде кайраттанып тикесинен тик турганы (“Семетей” эпосунда), чыккынчылардын таманы астында калган мекендин кайгысын тартып, 90 жашка чейин Семетейдин Сейтегин күтүп (“Сейтек” эпосунда), Ата журттун жакшылыгынан үмүт кылып, күрөшүп жашагандыгы далил болот. Өмүр – жашоосунун максатын жана маңызын бир боор элин боштондукка чыгаруудан көргөн Бакай, Абыке-Көбөш алты арам тарабынан Манас ордонун кайрытылгандыгына күбө болгондо, кыйраган ордо менен өзү да кошо кыйрап, көз жашын төгүп, ыйлап турат. “Каныкейди Букарга качырып жатканда, Бакайдын каралуу Канышага эгерде Семетейди аман-эсен чоңойтуп Таласка кайра алып келбесең, менин өлгөнүм ошол деген сөзүн эстейли. Бул жерден Бакайдын бул дүйнөдө тирүү жашап жүргөңдүгүнүн маңызы- Манас экөө кан, тер менен курган кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн сактоо, коргоо

философиясында экендигин да ачык туюндук. Эгерде бул улуу дөөлөт «Абыке-Көбөш алты арамдын» колунда калып, жок боло турган болсо, анда бул Бакайдын граждандык трагедиясынын жана өлүмүнүн өзү болмок. «Жетим аман келбесе, байкушуң Бакай өлгөнү» дегени кара башынын физикалык өлүмү жөнүндөгү кеби эмес, биринчи иретте, акылмандын өзүнүн моралдык өлүмү жөнүндөгү түтөгөн күйүтү.  Семетей  чоңоюп, кайтып келип, кыйраган Манас мамлекетин кайра тирилтсе, Бакайдын да өлгөн жаны  кайра   тирилмек. Ушундайча ойлонуу Бакайдын граждандык-патриоттук, мекенчилдик акыл эсинин, туюм-сезиминин көкөлөгөн бийиктигин күбөлөйт. 12 жыл зарыгып күтүп жүрүп, акыры Каныкейдин, Семетейдин жардамы менен Манас курган эгемендүү кыргыз мамлекетинин Туусун кайра желбиретиши,   Манас ордону тебелеп-тепсеген Абыке-Көбөш алты арамды бийликтен кулатып, Манастын уулу Семетейди такка отургузушу – Бакайдын уулу эрдиги. Көз карандасыз эркин Ата журт дегенде, башын канжыгага байлап, өлүп берүүгө даяр турган Бакайдын мекенчилдиги – биз үчүн, кийинки муундар үчүн баа жеткис үлгү.

3.Үчүнчү өзгөчөлүгү – бүгүнкү тил менен айтканда, Бакайдын тубаса дипломат экендиги. Бакайдын инсандар аралык, жамааттар аралык, калктар аралык алака-катыштардын дүйнөсүндө мамилелешүүнүн ачкычын таба билген кылдат айлакерлиги анын акылмандыгынан агып чыгат. Бакай ар бир адамдын өзгөчөлүгүн көрүп турат. Ал Букар шаарынын ханынын кызы Каныкейдин билимдүүлүгүн, баатырлыгын, акылдуулугун байкап: “Теңдик менен албасак, зордукка көнөр жан эмес, олжо болуп бизге эле, оңой менен Каныкей, колго тийчү ал эмес”, деп Манаска кеңешин айтып, ага өзгөчө мамиле кылуунун керекчилигин эскертет.  Каныкейдин жеке өзгөчөлүгүн  эсепке алып мамиле жасоонун зарылдыгын айтып отурушу Бакайдын психологиялык кылдаттыгын айгинелейт. Бакай өзүнүн карама-каршылыктуу татаал турмуштук түйүндөрдү, чыр-чатактуу жагдайларды, конфликттерди амалын, “тилин” таап, жайгаштыра, жөнгө сала билген (мисалы, сүйлөшүү жолу менен айтылуу алты хандын чатагынын басылышына аралжы болгондугун, Бээжинде өзгөргөн кырдаалдын “тамырын” кармап, Манаска туура кеңешин берип, “Чоң Казат” – урушун узартпай токтоткондугун, Букардагы чырдын өртүн убагында өчүргөндүгүн  Алманбет менен Чубактын чатагында ортого түшкөндүгүн ж.б эстейли) искусствосу менен бийик. Ошон үчүн ал “Манаста” “караңгыда жол тапкан, көргөндүгү бар эле, камалганда сөз тапкан, чечендиги бар эле, үзүлгөндү улаган, жыгылганды жөлөгөн, эпчилдиги бар эле, ажыраганды эптеген, айтышканды септеген” делип даңазаланат.

4.Жогоруда калк аралык алака — катыш дедик. Эмесе бул аспктиде да карап, Бакайдын артыкчылыгына баам сала өтөлү.  Анжиянга ордосун куруп, Бүткүл Орто Азияны жана чыгыш Түркстанды эзип турган кытайлык колонизатор Алооке ханды жеңгенден кийин Манастын атак-даңкы, кадыр-баркы көкөлөп өсөт. Баскынчы жоолорго каршы жеңиштүү боштондук согуштары менен аты айлана-тегерекке  дүңгүрөп турган Манасты бүткүл түрк-мусулман калктарынын таянар тоосу, коргонор чеби катары эсептеген көз караш да пайда болуп, «сахнага» чыгып келет. Түркстан аймагынын он эки хандыгынын башчылары, өкүлдөрү Кум-Арык деген жерде ак боз бээни жара тартышып, колдорун карысына чейин канга малышып, шерт беришип, Манасты алтын гүлдүү килемге салып,  жалпы Орто Азия жана чыгыш Түркстан чөлкөмүнүн хандыктарынын жогорку бийлөөчүсү, өкүмдары катары калдайтып хан көтөрүп ташташат. (С.Каралаевдин варианты). «Жалпы хандар чогулуп, арстан Манас баатырга, эки тизгин, бир чылбыр, берип салды деп уктум» делип, бул окуянын кабары «төгөрөктүн төрт бурчуна» чейин тарайт. Илгерки кылымдардын биринде кыргыздар Азияда өздөрүнүн улуу державасын түзгөн деген тарыхый маалыматтын бекер жерден чыкпагандыгына «Манастагы» ушул факт да күбө өтүп тургандай. Дал ушул зор мамлекеттик бийлик ордосунда ички жана тышкы саясатты тейлеп жөнгө салып  турган бир көсөм увазир бар. Ал – Бакай. Калк аралык мамилелердеги кысталыш учурларда дайыма ордодо: «Ажыбай, Бакай экөөнү, арачыга салалы», деп турушат. Алдыда болчу азапты алты ай мурда болжогон олуязаада Бакайды Манас ар качан мамлекеттин тышкы мамилелеринин кыйын-кезеңине салат. «Олуят чалдын эр Бакай, өзүң билип жол башта», деп Манас качан болсо Бакайга ишенич жүктөп турат. Жалпы Түркстан аймагында тыягы Кашкар, алты шаар, быягы Кокон, Самарканд, Сары Аркага чейин он эки хандык менен болгон өз ара мамилелерде далай, далай түйүндүү маселелерди, конфликтүү кырдаалдарды адилет чечип, өзүнүн калыстыгын жана аярлыгын көрсөтүп, Бакайдын чоң эл аралык атак-аброй күткөнү аңдалып турат. Бакайдын эл аралык үлкөн аброю мына бул окуядан улам даана көрүнөт. «Чоң Казат» согушунун алдында Таласта Манастын чоролору жана алты хан катышкан чоң чогулушта Бээжинге карай жүрүштө кол баштаган жалпы ханыбыз Бакай болсо деген сунуш ортого коюлат. Ошол учурда жалпы Түрк-мусулман көпчүлүгү чурулдап: «касиеттүү Бакайды, канга ылайык көрөбүз» — дешип, сунушка бир добуштан макул болот. Бул окуянын өзү Бакайдын кадыр-баркы кыргыздар үчүн гана эмес, жалпы түрк боордош журттардын өкүлдөрү үчүн да бийик экендигин ырастайт жана Бакай эл аралык  маанидеги лидерлердин бири экендигин айгинелейт. Демек, биз «Манастагы» Бакайдын образына дайыма кеңири карашыбыз керек. Бул образ тар өлчөмдөр менен ченен-быча турган жөнөкөй образдардан эмес. Анын масштабы абдан кенен. Бакай Манас менен бирге кыргыз элинин гана эркиндиги үчүн эмес, канатташ, коңшулаш, тектеш калктардын да боштондугу үчүн күрөшкөн, алардын жалпы ынтымагына, аскердик конфедеративдик биримдигине кызмат кылган каарман. Ал кыргыз улутунун да, жалпы түркстандын да акылман, баатыр, лидер уулдарынын бири. Анын образынын калк аралык масштабын ар убак баалай жүрүүгө тийишпис.

Бакайдын ортого “көпүрө”, данакер боло билүү өнөрү бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын элчилерине, саясатчыларына жана мамлекеттик ишмерлерине табылгыс таалим-сабак. Кээде мамлекеттик атка минерлерден “Манас” эпосу боюнча экзамен алуу керек деген газеталарга жарыяланган сунуштарда логика бар.

            5.Бакайдын мүнөзүндөгү асыл касиеттер-адилеттүүлүк, чынчылдык, адамгерчилик,  сабырдуулук, туруктуулук.  Бакай үчүн чындык бардыгынан жогору турат. Платон менин устатым, бирок чындык андан  жогору турат деп Сократ айткандай сөздү, Бакай да айта алат. Бакай жандай көргөн досу жана Ажо экенине карабай, Манаска кетирген кемчилигин бетине түз айтып, дайыма чындыкты туу катары карманат: “Элчилерге жана жуучуларга өлүм жок” деген эл аралык эреженин Манастын ордосунда бузулганын көрүп, абакка жабылган алты хандын элчилерин камактан чыгартып, аларга сый-урмат көрсөттүрүшү- Бакайдын адилеттүүлүгүнүн, калыстыгынын көрсөткүчү. Ал эми Ажо Манастын кеңешчисимин, хан Бакай аталган каадалуу жанмын деп манчыркап көтөрүлбөй, атынан түшүп, чечинип таштап, согуш талаасындагы жарадар жоокерлерди өз колу менен дарылап жатышы Бакайдын жөнөкөйлүгүн, асыл адамгерчилигин, кишичилик касиетин мүнөздөйт. Семетейди 12 жыл, Сейтекти 14 жыл зарыгып-саргайып күткөн сабырдуулугу, сүйгөн кызы Көрпаянга жетпеген көп жылдык ички арман-күйүтүнө түткөн чыдамкайлуулугу, Көрпаяндын сүйүүсүн барктаган улуулугу жана ага болгон өзүнүн махабатына ак бойдон калган адамдык туруктуулугу Бакайга болгон кадыр-сыйыбызды, урматтообузду ого бетер күчөтөт.

  1. Бакайдын адам тирлигинин негизи болуп эсептелген эмгек деген улуу нерсеге да өзүнүн көз карашы, философиясы бар. “Манастагы” кайталангыс керемет уста Бөлөкбайдын “ата журт үчүн тердеген” эмгек-мээнети жөнүндөгү Бакайдын терең мазмундуу, курч монологу эмгекке арналган өзүнчө бир гимн сыяктуу. Ошону менен бул монолог манастын аскер куралдарын жасаган тендешсиз чебер уста Бөлөкбайга сөз менен тургузулган эстелик өңдүү. Монологдун терең логикасын аңдасак, бул жерде эмгектин өзүнчө бир концепциясы жатат. Бакайдын философиясы боюнча, эмгек – бакыттын, береке-байлыктын булагы, кара жанды да, калайык-калкты багуунун да, өзүндү жана өзгөнү сактоонун да амалы, өзүнүн кара жемсөө кызыкчылыктарын гана канааттандыруунун чегинен чыкпаган эмгектин кадыр-баркы болбостугу, башкалардын бакыбатына, жамааттын жакшылыгына багышталган “ата журт үчүн тердеген” эмгектин маңыздуулугу, кундуулугу, социалдык-баалуулугу, эмгектин, адамдын адеп-ахлактуулугунун көрсөткүчү, чен-өлчөмү жана кишинин өзүнүн ички жөндөм-мүмкүнчүлүктөрүн, адамдык патенциалын ачуунун, өзүн өлбөс кылуунун жолу.

Бакайдын кеменгер акылынан чыккан бул насыят кыргыздын дайыма көңүлүндө алдейлеп алып жүрө турган руханий мүлкү, ата мурасы.

  1. “Манас” эпосунда Бакай улуттук ички биримдик, ынтымак идеясынын жарчысы катары көрүнөт. Ал “серпишкенге бой бербес, сепил болуп калгыла”, деп калкты бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга үндөп, көсөм акылы менен көпчүлүккө жол көрсөтүп турат. Бакай эл-журттун ички ынтымагын жана биримдигин жеңиштердин, ийгиликтердин ачкычы, тышкы карсанатай күчтөрдүн кысымы алдында сепил сыяктуу кебелбес, ноюбас болуунун кепилдиги, турмуштун бороон-бурганактуу жолдорунда калктын аман-эсен сакталышынынын куралы  катары туюнат. Мына ошон үчүн ал 90 жашка чыкканча, өмүрүнүн акыр-аягына чейин ак калпак журттун ички ынтымак-биримдигине доо кетирген Абыке-Көбөш алты арамга жана чыккынчы Канчоро-Кыяздарга каршы турган. Кеменгердин логикасы боюнча калдайган калың журтмун, сан жагынан сансызмын деп мактануу да эп мес. Эгерде ички ширелишкендиги жок болсо, калктын сан жагынан көптүгү капсалаңдуу кыйын-кезеңде ынанымдуу тирек болуп бербес. Мына ушундан улам Бакай ынтымагың жок болсо “пил да болсоң жыгыласың, миң да болсон кырыласың” “Ынтымактан качкандар, ыгы жок өзү кор болот” деген орошон осуятты айтып отурат. Ырасында эле, ичтен  ыдырап, бөлүнүп-жарылуунун айынан далайлаган империялар, калдайган калың журттар тарых сахнасынан орду-түбү менен жок болуп кеткендигин турмуш көп жолу далилдеп бербеди беле.

Өзүнүн тарыхый тагдырында калкыбыз ички бытырандылыктан, бөлүндүүлүктөн, өз ара уруу чабыштардан далай азап чеккен, бүгүн да трайбализм, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк илдетинен жабыр тартып отурат. Бирок ошондой болсо да, дагы айталы “Бөлүнсөн бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет”, “өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу” (Бакай) деген патриоттук даамышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген жана бул идея элибизди, улутубузду сактаган. Бакайдын улуттук биримдик идеясын бүгүн республиканын ички монолиттүүлүгүн чыңдоонун идеологиялык фактору катары таалим-тарбияда активдүү жашатышыбыз зарыл.

  1. Бакайдын баса белгилеп, атайын айта турган дагы бир сапаты-баатырдыгы. Ал көп кырдуу инсан. Бакай эпосто акылмандыгы, “караңгыда карсактын изинен жаңылбас” айлакерлиги жагынан гана эмес, кашкөй жоокердик, көкжал баатырдык сапаттары жагынан да ачылып көрүнөт. Бакайды боштондук үчүн болгон ар кандай майдандарда согуш өртүнүн эң алдыңкы чектеринен көрөбүз. Ал жеке жана массалык салгылашууларда өзүнүн “арстандыгын” далай жолу далилдеп көрсөтөт (Бакайдын бир эле Араник согушунда Кытайдын үч баатыры менен салгылашкан фактысын көз алдыбызга туталы). Ошон үчүн Манас өзү “Бакай аты болбосо, эрдиги менден кем эмес, артта жүрсө сан колдой, алдыда жүрсө ак жолтой” деп даңазалап, абакесин жогору баалаган. Бакай Манастын кошуунунда аскердик согуштук өнөргө  атайын машыгуудан өткөн профессионал жоокер (“Көкөтөйдүн ашында” Бакайдын кырк чоро менен бирге көпчүлүккө оюн түрүндө тартуулаган аскердик-согуштук өнөрүн эске түшүрөлү). Бакайдын майдан салгылашууларындагы жеңиштеринин, ийгиликтеринин сыры бир чети ушунда.

9.Бакайдын Манас баатыр менен болгон достукка актыгы, түздүгү, бекемдиги жана бирилгендиги өзгөчө баага жана сыйга татыктуу. Манас менен Бакайдын достугу− чыныгы достуктун үлгүсү. Экөөнүн биримдиги Улут кызыкчылыгы деген улуу «материядан» агып чыгат. Бул жагдайды академик Болот Юунусалиев “өскөн жерди, туулган элди сүйүү мотиви каармандардын кылган аракеттерине, кулк-мүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат”, деп туура белгилеген (Юнусалиев Б. Кириш сөз. –Китепте: Манас, Фрунзе, 1958, 30-б). Экөөнүн достугу, дагы айталы, бийик идеялык чекиттен кездешкен философиялык достук. Ата журт эркиндиги философиясы эки шер үчүн эч нерсе менен алмаштырылгыс эң жогорку дөөлөт. Ушул жогорку дөөлөткө кызмат кылууну экөө өмүрдүн маңызы катары санашат. («…калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин» — Манас. “Үзүлгөндү улап жүр, чачылган журтту жыйнап жүр”- Бакай). Экөө ички ой-тилек, мүдөө-максат жагынан эгиздер. Эки шердин ичтен ширелишкендигинин, жуурулуушкандыгынын себеби ушул жерде. Кулаалы жайын куш кылган, курама жыйып журт кылган кайран арстан Манастын көзү жумула турган болгондо, калайык-калк өкүлдөрү, журт башкарган жакшылар коштошкону чогулуп келишет. Токсондогу карт Кошой: «кантейин Манас кабылан, кара жаак айбалта, кайкалатпай ким аштайт? Каңгайдан болсо чоң мүшкүл, алакандай журтумду, мунун акылын таап ким баштайт?» — деп кыргыздын мындан аркы тагдырын ойлоп, тилден калган Манастын башында каргылданып ыйлап турду. Ал эми Бакайдын ичинен кан өтүп, өрттөнүп ыйлап турганын көрүп туруу өтө кыйын. Бакай катуу буркурап, «көзүнөн аккан кандуу жаш, акырек ылдый куюлуп» турат.  Бакайдын бул ыйын көрүп туруп ой кетет. Минтип «асылым Манас өлбө»  деп, көзүнөн кандуу жаш агызып, арманын какшап айтып, айкөлүнүн артынан кошо кетчүдөй болуп, чын жүрөгүнөн кайгыруу Бакайдай чыныгы Ак кан достун гана колунан келиши мүмкүн. Бул буркураган ыйды улуу ый деп айтаар элек. Анткени, бул ый ак калпак калктын эки улуу уулунун достугу акыл-эстин гана достугу эмес, жүрөктүн да, жан-дүйнөнүн да достугу экендигин айгинелеп берип отурат. Акылдаш да, жүрөктөш да достордун жуурулушкан биримдигин күбөлөгөн ый. XXI кылымдагы кыргыздын бүгүнкү эгемендүү мамлекети элдик улуу мүдөөлөр менен бириккен Манастай, Бакайдай руханий жол башчыларга жана көсөм лидерлерге муктаж.

10.Ошону менен бирге мобу нерсеге да көңүл буруп коюу керек. Фольклордук чыгармалардын каармандарына илимпоздор тарабынан жандуу личность эмес, шарттуу фигура», тигил же бул адамдык сапаттын «көркөм символу», аксанатай же карасанатай күчтүн «жалпыланган элеси» персонификациясы,  «схема-маска» сыяктуу мүнөздөмөлөр берилген учурлар аз эмес. «Манастагы» Бакайдын образына мындай аныктама берүүгө болбос эле. Бакайдын образы, ырас, кыргыз элинин акылмандыгын жана башка жаркын сапаттарын алып жүрөт, ошону менен бирге бул каарман өзүнүн  кайталангыс тагдыры, ой жүгүртүүсү, эмоционалдык толгонуулары менен жашаган, жекелиги бар инсан, реалдуу турмуштук кыртыштан өсүп чыккан жандуу образ десек жаңылбас элек.

11.Бакайдын образы өзүнүн өзөгүндө улуттук жана жалпы адамзаттык маанидеги универсалдык руханий, моралдык-этикалык, гуманисттик нарктарды алып жүргөндүгү менен “Манас” эпосунун мазмунун байытып, дастандын деңгээлин дүйнөлүк бийиктикке көтөрүп турган залкар образ. Образдуу айтканда, Бакай руху Манас ааламынын Ала-Тоого жана адамзатка жарыгын чачкан өчпөс жылдызы.

Сөз акырында белгилей кете турган нерсе, социогуманитардык илимдердин өкүлдөрү адам коомундагы социалдык-тарыхый прогресстин башкы критерийи өндүргүч күчтөрдүн өсүшү эмес, адамдын моралдык өнүгүш даражасы болууга тийиш деп эсептешет. Эгер ушул чен-өлчөмдүн ыңгайынан “Манас” эпосуна карасак, анда Манас, Каныкей, Кошой, Бакай өңдүү каармандардын моралдык облиги, рухий маданияты кыргыз коомунун социалдык прогресс жагынан кыйла эле өйдөкү деңгээлге көтөрүлгөндүгүн күбөлөйт. Маселен, Бакайдын кыргыз элинин көз карандысыз өз алдынчалыгы, улуттук биримдиги (уруулук эмес) жөнүндөгү саясий-философиялык ойлому, калк аралык, инсандар аралык ынтымактын жарчысы катары чыгып, ошол ынтымактын аспабы катары диолог усулун карманып, ортого данакер боло билиши, чындыкты, акыйкатты туугандан, достон жогору коюшу, бийик адеп-ахлактык категориялар менен акыл чуркатышы, эл-журттун, мамлекеттин жогорку кызыкчылыктары тууралуу ой-жүгүртүүсү, айлана-тегерекке сын көз менен карашы, көртирликтин майда-баратынан, бийлик, байлык  азгырыгынан жана кумарынан жогору тура билген рухий аристократтыгы – дал ушул менталитет кыргыз коомунун социалдык-тарыхый прогресс жагынан бир топ эле цивилицазиялуу даражага өсүп келгендигин айкындайт. Кыргыз социумунун мыкты сапаттарын өзүндө алып жүргөн Бакайдын мындай менталитети бүгүнкү XXI кылымда да адамзат үчүн актуалдуу. Демек, “Манас” эпосу мындайча айтканда, кыргыздын руханий цивилизациясынын, “байыркы кыргыз рухунун туу чокусунун” (Ч.Айтматов) өлбөс дөөлөттөрүн көркөм образдар аркылуу чагылдырып, даңазалап  тургандыгы менен дүйнөлүк мааниге эгедер. Бакайдын образы – фольклордук улуу дастан аркылуу чагылдырылган чыгыш даанышманынын улуттук жана жалпы адамзаттык маанидеги көркөм бейнеси.

 

Макалабыздын соңунда Бакайдын “Манастагы” жети осуяты менен окурмандарды тааныштырып коелу:

Бакайдын жети осуяты

(«Манас» эпосунда Бакай айткан насаат сөздөрдөн)

  1. Кара кылды как жарган, калыс болгун калкыңа.
  2. Үзүлгөндү улап жүр, чачылган журтту жыйнап жүр.
  3. Ынтымагың жок болсо, пил да болсоң жыгыласың, миң да болсоң кырыласың.
  4. Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет.
  5. Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук жок.
  6. Серпишкенге бой бербес, сепил болуп калгыла.
  7. Ата-журт үчүн тердесең, зоболоң сенин зор болот.

 

Мындан ары карай Бакайдын акыл ой кенчтерин жана асыл адеп-ахлагын муундарга жеткирүүнүн усулдук технологиясы жөнүндө ар бир тарбиячы мугалим терең ойлонот деген ишеничтебиз.

Эгерде “Манастагы” Бакайдын образынын чечмелениши менен кененирээк, деталдуу таанышууну каалагандар болсо, аларга “Бакай-чыгыштын даанышманы, кыргыздардын руханий лидери жана улуу патриоту” аттуу китепти сунуш кылабыз.

 

Советбек Байгазиев

Филология илимдеринин доктору, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер