“БАЙЫРКЫ ОШ ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН ЧОРДОНУНДА”

  • 24.04.2019
  • 0

Ушундай аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция 20-апрелде Ош мамлекеттик университетинде өттү. Ага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, КР Президентинин Аппарат жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева, КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана түрк дүйнөсүнөн келген расмий коноктор, окумуштуу аалымдар катышышты.

“БАЙЫРКЫ ОШ ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН ЧОРДОНУНДА”

Конференцияга келген коноктор ОшМУнун имаратынын фоесинде коюлган байыркы Ош шаары тууралуу сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышып, университеттин оркестринин жандуу музыкаларына күбө болушту.

3000 жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош шаары 2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болуп «ТУРКСОЙ » уюму тарабынан чечилиши Кыргызстан менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдейт деген ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго эл аралык мааракенин ийгиликтүү өтүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун атынан университетке белегин тапшырды.

“БАЙЫРКЫ ОШ ЦИВИЛИЗАЦИЯНЫН ЧОРДОНУНДА”

Конференцияда т.и.д, профессор Байболот Абытов “Ош — Улуу Жибек жолунун маанилүү аскердик-стратегиялык, соода-экономикалык жана маданий борбору”, Түркия мамлекетинин Маданият жана туризм министринин орун басары Халык Дурсун “Түрк дүйнөсүндөгү тоолор менен шаарлардын байланышы”, т.и.д., профессор Жээнбек Алымбаев “Ош шаардык архивдик булактарда”, Түркия мамлекетинин шаарды өнүктүрүү жана жашылдандыруу министринин орун басары Мужахит Демирташ “Түркиядагы байыркы шаарлар жана байыркы тоолор жөнүндө”, “Сулайман -Тоо” улуттук музей комплексинин башкы директору Султанбек Абдракманов “Сыр катылган Сулайман-Тоо”, Өзбек Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Закиржан Машрабов “Улуу “Бабурнааме” энциклопедиялык чыгармасында байыркы Оштун чагылдырылышы”, т.и.к., доцент Сыдык Смадияров “Ош-байыркы Ферганадагы Давань мамлекетинин борбору” деген темаларда баяндама жасашты. Пленардык баяндамалар суроо-жооп, талкуулар менен коштолду. Баяндамалар ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият жана теология факультетинин окутуучулары тарабынан англис, түрк тилдерине синхрондук которулуп берилип турду.

Иш-чаранын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин журналисттерине ТҮРКСОЙдун Басма сөз сыйлыктары ыйгарылды.

“Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чараларына ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жигердүү катышышты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер