БАГЫТТЫ ДА, БАСЫМДЫ ДА STEMГЕ БУРАЛЫ

  • 30.03.2023
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлигинде жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын жана лабораториялык жабдуулардын сапатын жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов жана КР Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, ошондой эле КББА президенти Н.Дюшеева ж.б. катышты.

БАГЫТТЫ ДА, БАСЫМДЫ ДА  STEMГЕ БУРАЛЫ

Жыйынды ачып жатып Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев алдыдагы PISA — 2025 изилдөөсүнө катыша турган 125 миң окуучу жана  болжолу сегиз миңден он миңге чейинки STEM мугалимдери даярдык көрүш керек, жалпы билим берүү уюмдарын компьютердик техника, класстык жабыктар, китептер менен камсыздоо, мугалимдерди курстардан өткөрүү үчүн кеткен чыгымдардын бюджети 3%дан 10%га көтөрүлсө өнүгүү болоруна токтолду.

Ал эми  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүн баш калаабыздын  №69 Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясына барган сапарындагы мектептин материалдык-техникалык базасы, анын ичинде класстардагы интерактивдүү панель, планшеттер менен жабдылганы, виртуалдык лабораториялар аркылуу жасалган лабораториялык иштер жөнүндө айтып өттү.

            -Биз тез арада колдо бар ресурсубуз менен бардыгына текши, колдон келсе 100% , балдарды техникалык каражат, анын ичинде виртуалдык лабораториялар менен камсыздайлы. Эң башкысы ресурстук борбор түзүүбүз зарыл, жаңы муундагы мугалимдерди тартып, педагогдун аброюн көтөрүшүбүз керек. Гимназия менен лицейлердеги балдардын жаш өзгөчөлүгүн карайлы. Математика, так илимдерди окуткан предметтерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек, анткени келечектеги жаңы кесиптерге, креативдүү ой жүгүртүүгө, логикага түздөн-түз таасири бар. Келгиле, балдарыбыздын келечегине кам көрөбүз десек, багытты да, басымды да STEMге буралы, — деди Э.Байсалов.

Иш-чаранын алкагында  бир катар алдыңкы билим берүү мекеме жетекчилери башка өлкөлөрдүн STEM багытындагы тажрыйбасы, келечек муунга тийгизген таасири, пайдасы, методикасы жана ошондой эле биздин өлкөдөгү STEM билим берүү жана анын келечеги, долбоордук  иш-чаралар, заманбап электрондук окуу китептери жөнүндө кеңири презентациялары менен тааныштырып өттү. Катышуучулар “Эмне үчүн STEM?” деген суроонун айланасында талкуу куруу менен келечек муунду бүгүн ошол багытта окутуу актуалдуу экендигине басым жасады.  Себеби McKinsey прогнозу боюнча 2030-жылга чейин дүйнө жүзүндө 10дон 800млн. чейинки жумушчу орун автоматташтырылышы мүмкүн. Демек, биздин балдар эртеңки кесипке даяр болушу үчүн бүгүн трансформацияланган билим алышы керек.

А.Ааналиева “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер