БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

  • 09.12.2019
  • 0

30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Салттуу ушу федерациясы жана Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору жоокердик өнөрлөрдүн “Баатыр” эл аралык фестивалын өткөрдү.

БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

Фестивалдын ачылышында Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси, Кыргызстандын Тайцзи цюань федерациясынын вице-президенти Саматбек Ибраев жана Дүйнөлүк салттуу ушу ассоциациясынын баш катчысы Наталья Нещерет куттук сөз сүйлөштү. Театрлаштырылган ажайып оюн менен коштолгон салтанатка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, ошондой эле Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн салттуу ушу, таэквондо, тай боксу боюнча 4 жаштан 60 жашка чейинки курактардагы 300дөн ашуун спортчу келди. Үйрөнчүктөр менен дасыккан чеберлер фестивалдын бир нече бөлүмүндө катышты. Алар шарттуу таймаштарда куралсыз жана ар түрдүү куралдар менен жекече жана тайпалар менен чыгып, өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүштү.

БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

Фестивалдын лауреаттарына сыйлыктарды Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси  Саматбек Ибраев, КР Салттуу ушу федерациясынын президенти, Дүйнөлүк салттуу ушу ассоциациясынын президенти, КР эмгек сиӊирген машыктыруучусу, дүйнөнүк, Европанын чемпиону Евгений Лопаткин жана “Сейтек” борборунун жетекчиси, КР билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты наук Сабийра Челпакова тапшырышты.

 

Айкөлдүккө умтулабыз

 

Саматбек Ибраев, Жогорку Кеӊештин аппарат жетекчиси:

— Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев, Жогорку кеӊештин төрагасы Дастан Жумабеков да спортко өзгөчө көӊүл бөлүп келишет.Спорттун бул түрлөрү жаштардын таалим-тарбиясына зор таасир этип, биздин өлкөнүн дүйнөдө таанылышына, коомубуздун гүлдөп-өнүгүшүнө да өбөлгө түзөт.

 

БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

Владимир Марусич, Кыргызстандын Тайцзи цюань федерациясынын президенти, Дүйнөлүк салттуу ушу ассоциациясынын вице-президенти, “Планетанын кареги” эл аралык маданий долбоорунун деректири:

— Бул ажайып майрам. Жоокер өнөрлөрү үчүн мелдеш эле эмес, фестивалдык формат да зор мааниге ээ. Анткени мелдеште атаандаштыкка басым жасалса, фестивалда ар бир спортчунун чеберчилигин көрсөтүү менен бирге кызматташуу, достук маанай биринчи орунга чыгат. Фестивалдын “Баатыр” аталышы да абдан жакшы коюлду. Баатыр деп эпосто кайрат-күчү жагынан эле эмес, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, айкөлдүгү, акылмандыгы менен да айырмаланган адамды айтат. Бүгүнкү фестиваль атына заты төп келгидей деӊгээлде өттү.

 

БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

Татьяна Жигалкина, Казакстандын Алматы шаарындагы “Тайчи, цигун 8+1” студиясынын жетекчиси:

— Бүгүнкү фестиваль – өтө кооз, жаркын, шаӊдуу майрам. Биз жыл сайын келип турабыз. Жылдан-жылга фестиваль мазмуну бай, деӊгээли бийик болуп баратат. Былтыр бир гана ушу боюнча эле, быйыл жалпы жоокер өнөрлөрү боюнча уюштурулду. Кыргызстандын Евгений Лопаткин жетектеген Ушу федерациясы менен Сабийра Челпакова жетектеген “Сейтек” борбору ушу жана Тайцзи цюанды жайылтуу жагынан өтө маанилүү, чоӊ ишти аткарып келишет.

Биздин студияда негизинен улуу курактагылар, саламаттыкты чыӊдоо максатында машыгышат. Дем алуу, жай, ийкемдүү кыймыл, мээнин иштеши туура нукка салынганда, адамдын өмүрү узарат. Бүгүнкү фестивалга “Камажай” казак эл ыры жана элдик бий ыргактары менен ушу көнүгүүлөрүн айкалыштырып чыктык.

 

БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

Олег Семаев, венчу-ушу клубунун жетекчиси, машыктыруучусу:

— Ушунун венчу стили кыйла катуу келет, бул Брюс Ли таанылган багыт.

— Жаӊы баштагандарга кандай кеӊеш бересиз?

— Мага келгендердин көбү адегенде жакшы мушташканды үйрөтүӊүз дешет. Эки жылдан кийин муну унутушат. Чыгыш таймаш өнөрлөрү жөн эле кара күчтү өстүрбөстөн, биринчи кезекте рухий жетилүү, адамгерчилик, дилгирлик калыптанат, бекемделет. Бул өнөрдөн ар ким өзүнө керектүү нерсени табат.Мына ушуну эске алгыла демекчимин.

 

БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

Наталья Нещерет, Дүйнөлүк салттуу ушу ассоциациясынын баш катчысы:

— Бул фестиваль буга чейин салттуу ушу боюнча өткөрүлгөн “Ажыдаардын туулушу” республикалык фестивалдын жаӊы баскычтагы улантылышы болуп калды. “Ажыдаарлар” туулуп, баатырларга айланышты. Эми таймаштын башка түрлөрү боюнча да өлкөбүздүн баардык аймактарынан, кошуна Казакстандан да келип, сонун өнөр көрсөтүштү.

 

Жылдан-жылга чеберчилик артууда

БААТЫРЛАРДЫН САЛТАНАТЫ АЖАЙЫП

Чжан Шицай, БМУга караштуу Конфуций институтунун деректири:

Ушу жана Тайцзи цюань стилдери Кытайдагы негизги жоокер өнөрлөрүнөн. Бүгүнкү фестиваль абдан жогорку деӊгээлде өттү. Кыргызстандын балдары, жаштары бул өнөрдү ушунчалык жакшы өздөштүргөнүн көрсөтүп, мыкты бааларга татыктуу болушту. Калыстар курамында кыргызстандык жана казакстандык белгилүү спортчулар, дүйнөлүк чемпиондор отурганы да салтанаттын шаӊын арттырды. Мунун баары бизди абдан кубандырат.

— Сиз Кыргызстанда бир топ жылдардан бери иштейсиз. Биздин балдардын жетишүүсүндө өсүштөр байкалабы?

— Менин келгениме беш жылдай болуп калды. Адегенде көбүнчө борбордук секциялар иштеп жатканын көрдүм эле. Андан бери ушу жана башка чыгыш таймаш өнөрлөрүн үйрөтүүчү борборлор орто мектептерде, жеке менчик билим берүү жайларында ачылып, өлкөнүн баардык аймактарына кеӊири жайыла баштады. Машыктыруучулардын деӊгээли өтө жогору, алар Кытайдагы кесиптештери менен да тыгыз кызматташып келет. Былтыр республикалык чемпионат болгондо да келип катыштым эле. Байкаганым, баары жылдан-жылга чеберчилик жагынан өсүп жатышат.

Биздин Институттун миссиясы – кытай маданиятын жайылтуу, ал эми ушу жана Тайцзи цюань сыяктуу таймаш өнөрү – биздин маданияттын ажырагыс бир бөлүгү.

— Биздин жаш ушучуларга кандай каалоо-тилек айткыӊыз келет?

— Ушу – спорт эле эмес, адамдын жан дүйнөсүн тарбиялоочу өнөр дагы. Бул өнөр аркылуу киши мүнөзүн калыптандырып, өзүн бекем тартипке сала алат. Биздин Конфуций институту ушуну жайылтуу үчүн көмөктөшүүгө дайым даярбыз. Кыргызстандык ушучулардын келаткан Жаӊы жылда чыӊ ден соолуктуу жана кеӊ келечектүү болушун тилейм.

Бөлүшүү

Комментарийлер