БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ — 71 ЖЫЛ

  • 18.12.2019
  • 0

К.Мамбеталиев атындагы орто мектеби 1977-1978-окуу жылында ишке берилип, 405 орунга ылайыкталып салынган. Азыркы учурда мектепте даярдоо классын кошкондо 632 окуучу билим алууда. Мектеп ишке киргизилгенден бери 42 жыл аралыгында эч кандай оңдоо-түзөө иштери болгон эмес. 2016-2017-окуу жылында мамлекет тарабынан 12 млн. 633 миң сом бөлүнүп, мектептин чатыры, терезеси, жылытуу системасы толугу менен алмаштырылды. 2017-2018-окуу жылында 16 млн. 854 миң 279 сомго мектептин ичи-сырты толугу менен оңдоо-түзөө иштеринен өттү.

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛБААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

Социалисттик Эмгектин Баатыры  Көкөбай Мамбеталиев эмгектенген мектепте 1948-жылдан баштап 5-7-класстарга биология сабактарынан берүү менен ал өзү мектепке зоология бурчун уюштурган эле.

Социалисттик Эмгектин Баатыры талантуу педагог Көкөбай Мамбеталиевдин жаркын элесин, өрнөктүү өмүр жолун, жаш муундарга, мугалимдердин сабак өтүүдөгү көрсөтмөлүүлүгү үчүн жасаган эмгегин  басма сөз аркылуу жайылтууну туура көрдүм. Себеби мында жасалган иштер мугалимдердин сабак өтүүсүнө, окуучулардын билим алуусуна чоң таасирин тийгизет. Агайдын жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоо жаатындагы ишмердиктерин коомчулуктун бардыгы эле, өзгөчө кийинки муундагы жаштар биле бербесе керек.

Көкөбай Мамбеталиев 1913-жылдын 10-январында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Дөң-Алыш айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Окуп, билим алуунун  кыйын кезегине туш келген Көкөбай агай 15 жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланган. Бала кезинде эле элпек, зээндүү, сергек, кичи пейил, чыйрак бала болгон. Баланын зээндүүлүгүн билген Көкөбай агайдын  биринчи мугалими (кийин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Ленин орденинин ээси болгон) Абдыразак Жалпетеков агайды туулуп өскөн айылына жакын  Кызыл-Дөбө орто мектебине киргизген. 1928-жылы мектепке кирип, 1930-жылы Кызыл-Дөбө орто мектебин эң жакшы бүткөн. Мектепти эң жакшы бүткөндүгүн эске алып, мектепте мугалим жетишпегендиктен Көкөбай агайды ошол эле мектепке мугалим кылып кабыл алышкан. 1930-1936-жылдары тынымсыз иштеп элдин, айыл элинин кадыр-баркына татыктуу болгон. Абышка кемпирлерден бери алдынан кыя өтүшпөй сыйлап келген. Көкөбай агай өкмөт менен партиянын тапшырмасынын негизинде Ош облусундагы Сузак районуна караштуу Орто-Жийде айылындагы жети жылдык мектебинде жана Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыргызстан жети жылдык мектебинде 1-4-класстын мугалими болуп 1937-1941-жылдары эмгектенген. 1941-жылы Кочкор районундагы Талаа-Булак  айылындагы жети жылдык мектебине которулуп келген. Ал жерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директорлук кызматтарында 1941-1954-жылга чейин иштеген. 1948-жылдан баштап 5-7-класстарга биология сабактарынан берүү менен мектепке зоология бурчун уюштурган эле. Ошол эле 1948-жылы Пржевальскидеги эки жылдык мугалимдер институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн «Естество география» факультетине  тапшырып, 1950-жылы аяктаган. Көкөбай агайды  ошол кезде эле Пржевальскийдин музейи, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы край таануу музейлери кызыктырып, аларга жыл сайын барып, уюштуруучуларынан, устаттарынан кеңеш алып турган. Музей уюштурууга кызыккан Көкөбай агай 1948-жылдан баштап эле жаныбарлардын кебин катырып, зоология сабагына колдонуп, окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын  арттыра баштаган. Иштеген ишинин жакшы алгылыктуу экендигин байкаган  районо Көкөбай Мамбеталиевди 1954-жылы Кызыл-Дөбө орто мектебине 5-10-класстарга биология сабагынын мугалими кылып которгон. Ал жерден да окуучулардын, ата-энелердин, коллективдин жардамы менен  мектепке ар кыл айбанаттардын кебин чогултуп катырган. 1954-жылдан 1961-жылга чейин ушул эле мектепте иштөө менен канаттуулар менен жаныбарлардын 103 түрүнүн кебин  (аркар, кулжа, теке, эчки, элик, карышкыр, түлкү, суур, кашкулак ж.б. жаныбарлардын)  катырып, ошол мектепке белек катары таштап, 1961-жылы өзүнүн мурдакы иштеген Талаа-Булак  сегиз жылдык мектебине которулуп 5-8-класстарга биологиядан сабак бере баштаган.

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

Анын жөнөкөй өткөн сабакка караганда, көргөзмөлүү сабак жемиштүү болоорун аныктаган мугалим жогорудагы иштерин уланткан. Мектеп коллективи менен акылдашуу менен өз край таанууга ылайыкташтырылган зоология музейин уюштуруу идеясын көтөрүп чыккан. Бул идеяны ишке ашырууну көздөгөн Көкөбай Мамбеталиев мектеп окуучулары,  мугалимдер коллективи, ата-энелер менен бирге өзгөчө, мергенчилик кылган адамдар менен жакындан байланышып, музейди уюштурууга киришкен. Маселен ботаникалык гербарийлерди чогултуу үчүн 5-6-класстын окуучуларына жайкы каникул мезгилинде атайын ылайыктаган тапшырмаларды,  малчылардын балдарына жайлоодогу ар кыл өсүмдүктөрдүн түрлөрүн баардык органдары менен катырып келүү сыяктуу тапшырмаларды берген. Мына ушундай белсемдүү иштердин натыйжасында жапайы өсүмдүктөрдүн 400гө жакын гербарийлери чогултулуп, топтолгон. Бул гербарийлерди 5-6-класстарда ботаника сабагынан атайын көрсөтмө катары колдонуп окуткан. Албетте, өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн көрсөткөнчө, кармап көрүү бир кыйла алгылыктуу. Зоологиялык музейди уюштурууда ар дайым  мугалимдер коллективинин жана ата-энелердин жардамына  таянып иш жүргүзгөн. Ата-энелерге, окуучуларга экспонаттарды эскиртпей, уйпалабай, таза алып келүү үчүн көп кеңештерди берген.

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

Мына ушундай музейди тынымсыз эмгектердин натыйжасында алдыңкы педагог, биолог мугалим, Социалисттик Эмгектин Баатыры Көкөбай Мамбеталиев  Кочкор районуна караштуу Дөң-Алыш айылындагы азыркы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебине 1964-жылы «Зоология музейин» уюштурган.  Музейдин уюшулганына жарым кылым болуп олтурат, ал музей азыркыга чейин окуучуларга, жалпы эле жаратылышка кызыккан адамдарга, көрүүчүлөргө, көрсөтмө курал катары пайдалануу үчүн мугалимдерге кызматын кылып келүүдө. Биология сабактарын окутууда ар түрдүү канаттуу куштардын кептери, курт-кумурскалардын коллекцияларынын эң чоң мааниси бар экенин көпчүлүк  биле бербейт болуш керек. Зоология курсунун канаттуулар, сүт эмүүчүлөр, курт-кумурскалар жана башка бөлүмдөрүн өтүүдө жасалган кептерди, коллекцияларды сабактарда колдонуу бул окуучулардын жеңил түшүнүүсүнө жардам берээри белгилүү. Ушундай зарылчылыкты сезе билген агайыбыз Көкөбай Мамбеталиев  «Зоология музейин» уюштуруп ,  Кочкор өрөөнүндөгү сүт  эмүүчүлөрдүн кебин  тирүүсүндөй катыруу үчүн көптөгөн аракеттерди жумшаган. Канаттуулардын жумурткаларын, алардын уяларын музейге топтоп, курт- кумурскалардын коллекцияларын жыйнаган. Азыркы мезгилде музейдеги экспонаттар окуучулардын билим алуусуна чоң таасирин тийгизүүдө, алар улам-улам жаңыланууда. Өлкөбүздөгү сүт эмүүчүлөрдөн 82 түрү, канаттуулардын 340 түрү, жерде сууда жашоочулардын 25 түрү белгилүү. Ушундай жаныбарлардын түрлөрү Кочкор өрөөнүндө да кездешет. Музейде түлкү, карышкыр, каман, суу күзөн, суусар, сүлөөсүн, аркар, кулжа, тоо теке, элик, ак суур, суур, кашкулак жана башка сүт эмүүчүлөр, ал эми канаттуулардан болсо ак кажыр, ак куназ, балта жутар, таз жору, бүркүт, ителги, кара куназ, кара каш кекилик, чил, бөдөнө, кара боор бачайы чымчык, чулдук, эчки маарек, өрдөктүн түрлөрүнүн кептери бар. Ошондой эле ботаникалык гербарийлерди топтоо иштери алгылыктуу болгон. Ушундай аракеттердин натыйжасында жапайы өсүмдүктөрдүн 400гө жакын гербарийлери топтолгон. Учурда музейде 900 экспонат сакталууда. Бул иштерди Көкөбайдын уулу ага мугалим, Кыргыз ССР нин эл агартуу отличниги, мугалим-методист,  айылдык кеңештин депутаты, «Нарын облусунун ардактуу атуулу» Нукан Көкөбаев жасап, музейди жетектеп ата жолун улантып келе жатат. Музейдин окуучуларды тарбиялап өстүрүүдө таасири чоң, өзгөчө башталгыч класстарда жапайы айбанаттар, үй айбанаттары, канаттуулар деген темаларды окутууда, жаратылышты үйрөтүү, биология сыяктуу сабактарда музейдеги экспонаттарды пайдаланып, музейге экскурсия жасап, окуучулардын билимин жогорулатуу менен окуучулардын жаратылышты коргоого болгон тарбиялык аң-сезимдерин өөрчүтсө болот. Жаратылышта көрбөгөн айбанаттарды, канаттууларды музейден өз көздөрү менен көрүшөт.

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

БААТЫР ЖАСАГАН ЗООЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙГЕ - 71 ЖЫЛ

1985-1990-жылдардын аралыгында бир нече ирет облустук, республикалык музейлердин конкурсуна катышып «Алдыңкы музей» деген конкурстун жеңүүчүсү болгон. 1989-жылы Ташкент шаарында өткөн конкурста союздук деңгээлдеги алдыңкы музейлердин тизмесине кирген, ошондой эле «Зоологиялык музей» мектеп музейи деген наамды алып паспорттоштурулган. 1990-жылы Билим берүү министрлигинин  республикалык деңгээлде Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинин базасында биология мугалими, Кыргыз ССР нин эл агартуу отличниги, мугалим-методист «Нукан Көкөбаевдин педагогикалык  алдыңкы тажрыйба мектеби» ачылып,  ага өлкө аймагындагы бардык мектептерден 25 алдыңкы чыгармачыл  биолог мугалимдер үч күндүк семинарда болуп, музейдин жасалгаланышына зор ыраазычылыктарын билдиришкен. Учурда  райондук, облустук республиканын мектептеринин окуучулары да музейге экскурсияга келип турушат. Музей Кыргызстандын жаратылышы жана жапайы-жаныбарлары, курт-кумурскалар, суу жаныбарлары, жырткыч канаттуулар, талаа-чөлдүн жаныбарлары деген бөлүктөрдөн турат. Мектеп азыркы учурда Социалисттик Эмгектин Баатыры, талантуу педагог Көкөбай Мамбеталиевдин ысымын алып жүрөт, мектептин жамааты демилгелүү уюштуруу иштерин жасашып, Көкөбай агайдын мемориалдык комната музейин 1978-жылы түзүшкөн. Ал жерде Көкөбай агайдын пайдаланган жазуу иштери, изилдөө иштери, сабактарда колдонуучу методикалык колдонмолор, адабий көркөм китептери, фото документтери коюлган.  Музейди уулу Нукан Көкөбаев жетектеп келет. Нукан Көкөбаев агайдын уулу Көкөкбайдын небереси Жанат атасына жардам берүү менен экспонаттарды күбөдөн сактоочу дары-дармектер, эскирип бараткан экспонаттарды жаңылап жаңы жаныбарлардын сөөктөрүн катырат, ошондой эле  Жанат мергенчилер союзунун мүчөсү, кээ бир жаныбарларды өзү кармап музейди толуктап турат. Көкөбай агай учурунда 1968-жылы Подгорныйдын колунан Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган. Учкуч-космонавт Социалисттик Эмгектин Баатыры Быковский менен жолугуп, эмгектери тууралуу баарлашкан. Мына ушундай тынымсыз эмгектеринин натыйжасында талантуу педагог Көкөбай Мамбеталиевдин эмгегин өкмөт тарабынан жогору бааланып 1948-жылы  «1941-1945-жылдардагы Улуу ата мекендик согуштагы, эмгектеги каармандыгы», 1956-жылы  «Эмгектеги артыкчылыгы», 1960-жылы «Эмгек Кызыл Туу» ордени», 1964-жылы «Кыргыз ССРинин  мектептерине эмгек сиңирген мугалими» наамы, 1968-жылы «Социалисттик Эмгектин Баатыры жана Ленин» ордени, «Орок жана Балка» алтын жылдыз медалы, 1970-жылы Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата юбилейлик медалы менен сыйланган. Селолук, райондук, облустук советтерге бир нече жолу депутаттыкка шайланган. Мугалимдердин Республикалык  III-IV-cъездинин бүткүл союздук СССР агартуу кызматкерлеринин жана жогорку окуу жайлар профсоюзунун делегаты болгон. Агай узакка созулган оорудан кийин 1976-жылы 16-июнда дүйнөдөн кайткан. Анын ысымы өзү эмгектенген  мектепке ыйгарылган.  Көкөбай Мамбеталиев жөнүндө китептер жана документалдуу фильмдер жарык көргөн. Мугалимдер агайдын усулдук колдонмолорун сабактарда колдонушуп эмгектерин баалап келишүүдө. Агайдын эмгегин Нукан агай уулу Жанат менен улантып келе жатышат, мындай эмгектер эч качан мугалимдердин эсинен чыкпайт.

Дайырбек Айдарбеков, Кочкор району. Ак-Чий орто мектебинин директору, КР Билим берүүсүнүн жана билим-илим профсозунун отличниги, КР журналисттер союзунун мүчөсү, Кочкор районунун ардактуу атуулу

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер