БААРЫБЫЗ БАЛА БОЛГОНБУЗ ЖАНА БААРЫБЫЗДА БАЛА БАР!

  • 05.02.2020
  • 0

Дагы айтам, Кыргызстанда БАЛАНЫН УКУГУНУ КОРГОЙБУЗ деп жатып МУГАЛИМДИН УКУГУН ТЕБЕЛЕП бүттүк. Азыр окуучулар арызданчаак, эне-аталар ашкере баласаак болуп калдык. мектепке балдарыбыз татыктуу билим алсын, адам болсун, жакшы менен жаманды ажыратып таанысын, тил үйрөнсүн, дүйнө таанымы кеңейсин деп жиберип жатканыбызды унутуп койдук.

Кыргызда «Эти меники сөөгү сеники» деген сөз бар. Бекеринен Жакып атабыз Манасты койчусу Ошпурга тапшырып берген эмес, кагылып-согулсун, бышсын, үйрөнсүн деп берген. Демек, баланы мектепке бергенден кийин, мугалимдер аларды камырдай кылып ийлейби, чекесинен сылайбы, балага билимин берип, акылын айтып, бала тарбия алып келиши керек. Биз окуучу кезде ата-энелерибизге мугалимдин урганын, какыс-кыкыс кылганын айтып келсек «СООП БОЛОТ, ЫРАС КЫЛЫПТЫР» дечү. Алар бала кезде мугалимдери тентек кылганы, тапшырманы аткарбаганы, тартиптүү жүрүм-турумунун жоктугу үчүн суу тал чыбык менен сабаганын, чүкөнү чыкыйына толгоп, ТИРСЕГИНЕН ИЛИП койгонун кеп кылышчу.

Аны укканда, шүгүрчүлүк келтирип, күнөө өзүбүздө экенин сезип, тырышып окуп, тартиптүү жүрүп калчубуз. Биз бала кезде ушул жердеги классташтарым деле калп айттырбайт, мугалимдерден жакшы эле таяк жедик. Өсөөртө коюшчу, өлгөн жокпуз. Указкасы сынып калганча сабаган күндөр болгон, жонубуз көгөргөн менен майып болуп калган эмеспиз. Ал тургай, бир боюу узун балабыздын талылуу жерине ошондой КАТУУ ТАРБИЯ учурунда агайыбыздын тизеси тийип кетип, ал ооруканага жатып чыккан. Алтымыштан ашык окуучунун биринен бул тууралуу КЕП класстан сыртка чыккан эмес. «Ойноп атып оорутуп алды» деген менен иш бүткөн. Азыр ошол күндөрдү эстегенде ошол эже-агайларга кек сактаган бир баланынын сөзү жок. Баарыбыз агай-эжелерге ыраазыбыз, баарыбыз аларды көчөдөн көрсөк токтоп учурашып, унаабызга салып жетчү жерине жеткирип, ийилип турабыз. Агайлардын «токмогу бизге май эле болгон экен» дейбиз. Тынч отурбасак, кыздарды ыйлатсак, мектептин дубалдарын тепкилеп, лампочкаларды чапкылап, партадан партага аттасак, жашабай жатып 10-11-класста чылым чегип көрсөк, анан токмоктобогондо эмне кылышмак эле?!

Азырчы?

Азыр абал аябай начар. Байкуш мугалимдерге баары чоң. Ай сайын РАЙОНО, ОБЛОНО деген чоңдор кыдырып, балдарды жакшы окутпай жатасыңар деп сызгырышат. Андай сын уккан мугалимдердин да айлыгы аз чыгат. Азыр ошондой система. Анан кантсин, мугалимдер балдарды жакшылап окуталы дешет, бирок, кашайып балдарыбыз окубайт. Чөнтөктөрүндө акча, колдорунда сотка. Киргендери интернет… Көп эле мугалимдер менен жамандык-жакшылыкта бирге отуруп калам, «ай, окуучуларга катуураак сүйлөгөндөн коркобуз, бирдеме десек эле, арызданып кууратышат. Соткага тартмай дагы өнөр чыкты, коркуп эле отурабыз» дейт. Кайран гана мугалимдер… Силерди ушунча коркок кылган экенбиз…

Жакында эле көлдөн бир аяшымдын сөзүн уктум. «Окуучу кыздарымдын бирине предметтик мугалим «Ай, кыз» деп кайрылган экен, Мектепте жаңжал болду. Энеси «менин кызымдын аты бар, эмнеге ай кыз деши керек, ыя?!» деп деректирге жетип келип, анан ал мугалимди ортого салып, районго чейин арыздана турган болуп, араң бас-бас кылдык» дейт. Эми Кудай урбадыбы? Ошончо окуучудан атын таппай калса эмне болуптур, бул кылмышпы?

Дагы бир ушул сыяктуу окуя шаардын четинде болду. Былтыр. Норуз майрамына карата майда кыласстарды чоң класстын кыздары бийге даярдап жаткан маалда бир 8-класстын кызы 3-класстын кызын «кыздар менен тең бийле катардан калбай» деп далы ортого алаканы менен бир таптап коюптур. Ошол эле күнү мектепте «бомба»! «Эмнеге менин кызымды мугалим өзү бийлетпей, кайдагы бир кыздарга сабатат, ыя?! Менин кызымдын аркасы чыгып кетсе ким жооп берет, ыя?» Мен доктурга алып барам, текшертем, таарынбагыла!» деген энени эки-үч күн дегенде араң өзүнө келтиришти. Сааттуудай болуп, майрамга классты даярдамакчы болуп, чоң кыздардан көмөк сураган байкуш мугалим, баарына кайыл болуп мектептен чыгып кала жаздады. Моралдык кысым, психологиялык басым… Ал эми кантип көңүлдөнүп бала окутат?!

Койгула. Койолу. Мындай жорукту жойолу. Мугалимдерге жоопкерчилик менен кошо укук да берели. Окут дедикпи, балдарыбызды окутсун. Болбосо, чекесинен черткенде жарылып кетчү жумуртка балдарыбызды эрке талтаң кылып төрүбүзгө коюп алып, жалданма педагог жалдап окута берели. Азыр андай кызмат көрсөткөндөр кокодон. Алар балдардын ою менен болуп, сылап-сыйпап, алдап, шоколадын көтөрө келип, окутушат. Айлыгы болсо асмандын башы. Алар алган акчаны мектептеги мугалим беш айда алат…

Чекисттерге, милицияларга, сотторго салынган үй же бу байкуш мугалимдерге салынбаса?! Же буларга социалдык колдоо, коргоо болбосо? Жок дегенде, ооруканага элден арзаныраак дарылана алышпаса? Жылуулуккка, жарыкка жеңилдик албаса? Керемелди кечке биздин отуздаган балдардын оосурагын жыттап, жетекчиден кагуу жеп, эне-аталардан коркуп, тентек балдарды катуураак тескегенден айбыгып, кечинде үйүнө келип, «кана тамак?» деген балдарына тамак жасап… Мугалимдерди коргобойлубу,ыя? Колдобойлубу? Мугалимдер болбосо биз ким болот элек?

Тынчтыкбек Алтымышев

Бөлүшүү

Комментарийлер