Б.Зулуев: “КАЙДЫГЕР КАРАП  ЧЕТТЕ ТУРА АЛБАЙБЫЗ…”

  • 24.03.2020
  • 0

ОГПИнин жалпы эмгек жамааты бир күндүк эмгек акысын элдин коопсуздугун алдын алуу иштери үчүн бөлүп берди.

Бүткүл дүйнө жүзүн кооптондуруп, күн өткөн сайын элибиздин тынчын алып жаткан КОРОНАВИРУС илдетин алдын алуу жана ал боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан түрдүү иштерге колдоо көрсөтүү  максатында Ош гуманитардык-педагогикалык институту жалпы эмгек жамааттын бир күндүк эмгек акысын (170 000 с.) которду.

Бул тууралуу окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев билдирип, бул чечим жетекчиликтин демилгеси, жамааттын колдоосу менен ишке ашканын белгиледи. Ошондой эле ректор өз сөзүндө, баарыбызды дүрбөлөңгө салган апаатты бир гана бири-бирибизди колдоо, тынчтыкты кармоо жана белгиленген эрежелерди сактоо менен гана жеңе алаарыбызды айтып, мындай оор кырдаал учурунда четте карап турбай  институттун атынан азда болсо жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер