БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖАРДАМЫ ЖАНА ЖАРЫГЫ

  • 28.04.2023
  • 0

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖАРДАМЫ ЖАНА ЖАРЫГЫ

Коомчулукта көптөн бери мектептердеги акча чогултуулардын мыйзамдуулугу боюнча талкуулардын аягы үзүлбөй жаткан учурда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, мындай кыжаалат кыйкырыктын ордуна бүтүрүүчүлөрдүн мектепке болгон көмөгүн уюшкандыкта жүргүзүү жөнүндө демилге көтөрдү.

Министр “Билим берүү системасын реформалоо” боюнча концепцияны презентациялоо учурунда, “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” деген социалдык долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатканын билдирип,

– Ар бир бүтүп кеткен бүтүрүүчү кантип өз мектебине бир жылда жок дегенде 100 сомдон салым кошо албасын? Жүрөгүндө патриоттук сезими бар ар бир жаран мектепке аз да болсо колунан келген жардамын бергиси келет. Болгону ошондой инсандардын башын бириктирген бир долбоор болушу керек. Биз ошол долбоорду иштеп чыгып, мыйзамдуу жолдорун караштырып жатабыз, — деп баса белгиледи.

“БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕКТЕПКЕ ЖАРДАМ БЕРИШСЕ”

Акыркы жылдары бүтүрүүчүлөр мектепке жардам бергендин ордуна каражаттарын башка жакка жумшап жатышканы өкүнүчтүү. Азыр мектепке жардам берейин дегендер негедир мурдагыдай эмес. Мектептин ордуна мечитке, жол оңдоого ж.б. иштерге каражат чогултуп беришет. Албетте, ал иштери деле жакшы, бирок, окуп кеткен мектебине бир аз жардам колун сунуп турса туура болмок. Себеби ошол мектепте билим алып чоңойду, тарбияланды. Мечитке жардам бергендер ансыз да толтура, араптар каржылаган бир канча фонддор бар дегендей. Жол салуу, суу чыгаруу болсо ансыз да жергиликтүү бийликтин жана өкмөттүн кыла турган иштери. А мектепти ойлогон адамдар аз. Мектепке жардам берүү бул мажбурлоо түрүндө эмес, адамдын чын жүрөгүнөн болууга тийиш. Билим уясына жардам берүү – мечитке жардам бергендей эле чоң сооптуу иш. Бирок пайдалуу жагынан алда канча алдыда болот десем жаңылышпайм. Анткени мектепте канчалаган бала окуп билим алат. Мисалы, окуп жаткан окуучунун татыктуу билим алуусу үчүн бир заманбап компьютер алып берип койсо, ал менен канча бала колдонуп билимин тереңдетсе, ошончолук сооп болору  Ислам дининде деле баса белгиленип келет эмеспи. Мамлекет канчалык аракет кылганы менен мектептин бардык кем-карчысын толуктап бере албайт. Азыр заман күндөн-күнгө өнүгүп, заманбап техникалар жыл сайын өзгөрүп, окутуунун жаңы технологиялары кирип жаткан заманда мамлекеттин бардык тараптан камсыздап берүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Анан мектептерде айла жоктон жанагыдай ыктыярдуу акча чогултуулар келип чыгууда. Министр демилгелеп чыккан “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” эң жакшы келечектүү долбоор. Муну жапа тырмак колдоп, туруктуу бир долбоор кылып алсак, мектептердеги анча-мынча акча чогултуулар өзүнөн өзү токтойт. Бул социалдык долбоор азыркы учурда мектеп үчүн абадай керек. Эч кимде күмөн саноо да жаралбайт. Анткени бүтүрүүчүлөр жардам бергиси келсе мугалимге же директорго эмес, мектептин банктык эсебине салат жана ал жактан акчасы кай жакка сарпталып жатканы тууралуу маалымат алып турат.

““БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ” ДЕГЕН ЭМНЕ?

“Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” бул министр сунуштап жаткан социалдык долбоор. Аталган долбоор ишке кирсе, мектепти бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр өз демилгеси менен ыктыярдуу түрдө банктык эсеп аркылуу мектепке салым кошуп турат. Бардыгы ачык-айкын жана ар ким которгон акчасы каякка жумшалып жатканын билип тургудай долбоор болот. Атайын уставы жана жобосу иштелип чыгат. Бул долбоор учурда жогорку окуу жайлардын дээрлик көбүндө бар. Мектептерге да иштесе азыркыдай көмүскө акча чогултуу токтоп, мектептин бардык кем-карчысы ушул аркылуу толукталып турат.

“САЛТКА АЙЛАНЫП КАЛГАН”

Билим уясына жардам колун сунуп, патриоттук сезимдери жүрөгүндө оргуштаган, берешен инсандар коомдо аз эмес. Буга мисал, Нарын облусунун алыскы Ак-Талаа районунун Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде көп жылдан бери бүтүрүүчүлөр мектепке ар кандай жардамдарды берип келишет. Бул иш мектепти бүтүп жаткан жана бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр үчүн салт болуп калган.

Көп жылдан бери биздин бүтүрүүчүлөр мектеп үчүн деп ар кандай жардамдарын берип келишет. 10 жылдык, 20 жылдык деп келген бүтүрүүчүлөр мектепке материалдык жардамдарын аяшпайт. Бүтүрүүчүлөрдүн жардамы менен акыркы он жылда  көптөгөн жакшы иштер жасалды. Мектептин айланасын тостук, кире бериш жана киши баскан жерлерге таш тамандарды (брусчатка) төшөдүк, мектеп үчүн парк уюштуруп, ар түрдүү көчөттөрдү отургуздук, мектептин ичине ар бир класска телевизор орноттук. Мунун баары бизден бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрдүн жардамы менен ишке ашууда. Андан сырткары, жаңы бүтүп жаткан окуучулар өз каалоолору менен мектепке жардам жана эстелик катары деп өздөрү окуган бир окуу класстын шкаф, доска, пардо сыяктуу кем-карчыларын алып берип кетишет. Беш жыл мурун бир ишкер жигитибиз мектеп үчүн деп жети орундуу жеңил унаа алып берген. Ал менен азыркы күнгө чейин мектеп окуучуларын жана мугалимдерди ар кандай кароо сынактарга алып барып келебиз. Мурда ар кимге жалдырап барып келчү элек. Азыр мектептин өзүнүн унаасы бар көп пайдасы тиет, — дейт мектеп директору Айбек Кожоев.

Ушундай эле жакшы иштерди Ысык Көл облусунун Кожояр атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү да кылып келет. Мектеп директору Түгөл Бугубаевдин айтымында, бүтүрүүчүлөр бири-бирине атаандашып жардам беришет.

1955-жылкы бүтүрүүчүлөрдөн баштап бүгүнкү күнгө чейин эстафета иретинде бири-бирине өткөрүп берип, мектепке жакшы жардамдарын беришет. Быйылкы 10,20 жылдык бүтүрүүчүлөр  алты классты интерактивдүү доска, проектор, ж.б. техникалык каражаттар жабдып берели деп жатышат, — дейт.

Ушуга окшогон жакшы иштерди жасап келишкен, колу ачык инсандар коомдо көп. Интернет желесинен мындан жакшы иштерди кылып жаткан адамдарды да көрүп, угуп эле жүрөбүз. Эми ошолордун башын бириктирген жогорудагы ассоциация түзүлсө, мектептердин майда барат иштери, кем карчысы толукталып, мектепти жана мугалимдерди жаман көрсөткөн акча чогултуучу фонддор жоюлуп, эл арасындагы эки ача ой токтоп калар эле.

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер