БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДӨН КӨҢҮЛ ЖИБИТКЕН БЕЛЕКТЕР

  • 13.05.2023
  • 0

Бул жылы 2013-жылы мектепти бүткөндөр 10 жылдыкка, 2003-бүткөндөр 20 жылдыкка барат. Учурда алар көптөн күткөн жолугушууга катуу даярдык көрүп жаткан кези. Айрымдары бул майрамды шаан-шөкөт менен өткөрсө, кээ бирлери  чогулткан акчаларын кайрымдуулукка жумшайт.    

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДӨН КӨҢҮЛ ЖИБИТКЕН  БЕЛЕКТЕР

Нарын шаарынын тогуз мектебинин он жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү да учурда он жылдык тойго кызуу даярданып жаткан кези. Алар башкалардан айырмаланып чогулткан акчасын кафе-ресторандарга төгүп бербейт. Азыр өздөрү окуган мектептерге жана турак-жайга муктаждарга жардам берүүнү пландоодо.  Бул шаардын жигиттери он, жыйырма жылдыктарда муктаждарга жардам берүүнү салтка айлантып алышкан. Былтыр мектепти аяктаганына он жыл болгон бүтүрүүчүлөрү муктаж айылдаштарына тогуз үйдүн ачкычын тапшырып, элдин алкышына ээ болгон. Мындай демилгени төрт жыл мурун мектепти бүтүп кеткенине он жыл болгон мырзалардан турган Ынтымак тобу көтөрүп, жыл сайын бири-бирине эстафета катары өткөрүп берип келе жатышат.  Былтыр он жылдыгын белгилеген классташтар дагы бул демилгени колдоп, чогулткан акчасына бир короодо жайгашкан барак тибиндеги үйдү сатып алып, турак-жайга өтө муктаж болгон беш үй-бүлөнү киргизип коюшкан.

— Нарын шаарынын Чкалов орто мектебинин 2012-жылкы бүтүрүүчүсүмүн.  Былтыр Нарын шаарындагы тогуз мектептин, анын арасында түрк лицейи, мектеп интернаты биригип, он жылдык мааракенин урматына аз камсыз болгон тогуз үй-бүлөгө үй алып бердик. Ар бир үй кырк чарчы метрди түзөт.  Эки бөлмөдөн туруп, жылытуу системасы, суусу, душу жана башка шарттары бар. Бизге бул жакшы жөрөлгө өзүбүздөн улуу агаларыбыздан берилген. Нарын шаарынын 2010-жылкы бүтүрүүчүлөрү бул ишти баштап, көзү азиз үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир алып беришкенден кийин эстафетаны 2011-жылы окууну аяктаган агаларыбызга өткөрүп беришкен. Алар да көп балалуу үй-бүлөнү үйлүү кылышкан. Башында биз бир эмес, беш үй-бүлөнү турак-жайлуу кылууну максат кылганбыз. Кудай буйруп, дагы төрт үйдүн каражатын атын атагысы келбеген бир агабыз биздин колубузга тапшырып берип, натыйжада тогуз үй-бүлөгө ачкыч тапшырганбыз, — дейт Адилет Чирикчиев.

Он жылдыктар муктаж адамдарды Нарын шаарындагы социалдык коргоо органдары, кайрымдуулук иштерин жасап жүргөндөр аркылуу таап, бардык мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан комиссия түзүп, чыныгы муктаждарды дыкат изилдеп, үймө-үй кыдырып көрүшкөн. Үйгө муктаж адамдар абдан көп болгондуктан, ириде, үйүндө майыптыгы бар адам болуп, ал ишке жөндөмдүү башка үй-бүлө мүчөсүнүн колун кармагандарга басым жасашкан. Беш үйдү жолдошунан ажырап, балдарын атасыз өстүргөн энелерге беришкен.

Алар алгач кимдерге үй берилери тууралуу алдын ала айткан эмес. Ошондуктан шаардын стадионуна ээрчитип келип эле тапшырышканда, баарына күтүүсүз болгон. “Кудайдан суранганбыз” деп кубанычтан көздөрүнө жаш алгандар андан көп болгон.

— Негизи биз бул ишти “эл көрсүн” деп жасаган жокпуз.  Ошол кезде социалдык тармактарга таратып жиберишиптир. Бир чети тараганы деле жакшы болду. Биз кылган ишти дагы бирөө жасап жакшы иш арты-артынан уланып кетсе жакшы экен. Биздин тилегибиз да ошондой эле. Биз деле жашпыз деп кафеге отуруп чардап койсок болот, кайрымдуулук кылууга 20 жылдыкта деле жетишебиз десек деле жарашмак. Бирок биз андайга барган жокпуз. Жердештерибизди үйлөрүнө көчүрүп келип киргизип жатканда да чоң дасторкон даярдап, элди, ага-инилерибизди чакырып, бата алып, эстафетаны өзүбүздөн бир жаш кичүү инилерибизге өткөрүп бергенбиз.  Буюрса, алар да быйылкы он жылдыкка кызуу даярданып жатышат, — дейт Адилет.

 

БИЛИМ УЯСЫНА КОЛ СУНГАНДАР

Нарын шаарынын бүтүрүүчүлөрү минтип кайрымдуулук иштерин жасап, муктаждарга кол сунуп жатса, өзү билим-тарбия алган мектебин унутта калтырбай, колунан келген жардамын бергендер да арбын. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы №80 Хабибулло Тожиматов атындагы орто мектебинин бир бүтүрүүчүсү заманбап үлгүдөгү жабдуулар, интерактивдүү такталар менен жабдылган класстары бар жаңы корпус куруп берген.

2018-жылы Алай районунун Каблан-Көл айылындагы №25 Эшкул Мурзаев атындагы мектебинин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрүнүн окуткан мугалимдеринин эмгегин баалап жана окуучуларга стимул берүү максатында, мектептеги мыкты мугалим менен тарых сабагы боюнча облустук олимпиадада 2-орунду ээлеген окуучуга Дубайга он күндүк жолдомо белек кылганы алигиче баарыбыздын эсибизде. Мына ушуга окшогон демилгелүү жаштар республиканын чар тарабында бар. Мисалы, Ат-Башы районуна караштуу Башкайыңды айылынын 20 жылдыктары мектептин кире беришине 330 миң сомдук кафель төшөтүп беришкен.

— Биз он жылдыкта мектепке китеп жетишсиз экендигин билип, беш китеп болсо дагы жардам болсун деген максатта башталгыч класстардын окуучуларына китептерди белек кылганбыз. Мектеп союз мезгилинде курулуп баштап, кийип тарап кеткенде бүтпөй калгандыктан, ашар жолу менен салынган. Ичи көп оңдоо-түзөө иштерин талап кылат, жабдууларга да муктаж. Ошондуктан «Эшигин көрүп төрүнө өт» демекчи, 20 жылдыгыбызда мектептин кире беришин кафельдеп бердик. Менин оюмча, мектепке ар бирибиз кичинеден жардам көрсөтсөк, “Тамчыдан көл куралат” дегендей, мектептердин бир топ муктаждыгын жаап бермекпиз. Биз 35 окуучу бүткөнбүз. Арасында чет жерге чыгып кеткендер да бар, алар да акчаларын салып жиберишти.  Албетте, жашоо-шарты туура келбей кошула албагандар да болду. Ошентсе да баары колунан келген нерсесин алып келип, биргеликте жасадык. Негизи мектепке жардам берүү каражат менен гана чектелбейт. Айрымдары керектүү материал менен камсыз кылып берсе, башкасы аны өз колу менен жасап берип деле чоң колдоо көрсөтсө болот, — дейт Чоробек Жумагулов.

Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн «Келечек» орто мектебинде кыргыз, өзбек тилдүү окуучулар билим алат.  Жыл сайын 60-70 бүтүрүүчү уядан учат. Башка мектептердей эле бул мектептин бүтүрүүчүлөрү дагы ар жылы 10, 20, 30, 40 жылдыгын белгилейт. Акыркы коңгуроодо мектебин жана мугалимдерин түрдүү белектер менен кубандырышат.  Быйыл мектепте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, 20, 30 жылдыктар биригип, музыкалык аппаратура алып берүүнү чечишти. Он жылдыктар болсо  мектеп жамаатынын суранычы менен окуучуларга улуттук кийимдерди тиктирүүдө.

— Негизи 80ге жакын бүтүрүүчү бүткөнбүз. Арасынан отуз жигит акылдашып, мектепке жардам берели деп жатабыз. Мектепте иш-чараларга кийүү үчүн кыргыз, өзбек улуттук формалары жок экен. Биз маселени ортого салып, кеңешип, башталгыч жана жогорку класстын окуучуларына ылайыктап, жалпы 26 даана көйнөк тиктирип жатабыз. Андан сырткары, эки оор шартта жашаган өзбек жана кыргыз улутундагы классташыбызга кырк миң сомдон жардам кылабыз, — дейт он жылдыкка даярданып жаткан Турсунбек Курбанбеков.

 

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер