БҮТ ӨМҮРЛҮК САБАК

  • 14.02.2023
  • 0

Тажикстандын Мургаб (Сарыкол) жергесинен Кыргызстанга көчүп келген акын Өскөнбай Бердибаев биздин редакцияга баш бакты. Ал өзүнүн мыкты мугалимдеринин бири Жума АЛАХУНОВ жөнүндө айтып берди.

БҮТ ӨМҮРЛҮК САБАК

— Өскөнбай, эскерүүгө татыктуу агай болгон окшойт бул киши, андан калган буюмдарды сактап жүргөнүңө караганда?

— Туура. Алахунов Жума агай биздин Көөнө-Коргон айылыбыздан болот. Биз мектепте окуган жылдары ал жашы пенсия жашына жетип калган эле. Бизге да сабак берип калды. Өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап келген бул агайды эч качан унутпайбыз.

— Бул көргөзмө куралдарга караганда, химия жана биологиядан сабак берген экен ээ?

— Ооба. Мунун баарын өз колу менен даярдап, кабинетти жасалгалаган.

— Мүнөзү кандай эле?

— Менин эсимде калганы – ал өзүнө да, башкаларга да бекем талап койчу. Жоопкерчиликтүү киши кандай болот дегенде Жума агайды эстейбиз.

БҮТ ӨМҮРЛҮК САБАК

— Сабагын кандай өтчү эле?

— Башка көпчүлүк мугалимдерден айырмаланып, дайыма кызыктуу уюштурар эле. Сабакка ушунчалык берилип, эргүү менен окутчу. Эӊ татаал темаларды элестүү сүрөттөп, өз колу менен жасаган көргөзмө куралдарды, райборбордон сатып келген тасмаларды колдонуп, турмуштук мисалдар менен абдан жеткиликтүү түшүндүрчү. Адатта окуучулар “мунун эмне кереги бар?” деп жактырбаган илимий билимдердин практикалык маанисин ачып, ар бир адамдын турмушуна жакындатып берчү.

— Викторина үчүн даярдаган чоӊ барактагы суроолору да окуучуларды ойлонтуп, талкууга баарын катыштыргыдай кызыктуу түзүлүптүр. Көргөзмө куралдарынын дагы канчасы сакталбай калган окшойт ээ?

— Ооба. Балдары мага берип жиберген экен буларды. Сабактан тышкаркы башка иш-чараларды – класстар аралык мелдештерди, ыр кеселерди дайым уюштурчу. Атаандаштыкты туура пайдаланып, балдарга шык-дем берчү. “9-класс, кийинкиде 8-класска кайрадан утулуп калбагыла, силердин эмнеӊер кем?” – деп балдарды намыска чакырганы эсимде.

Жеӊүүчү класстарга, окуучуларга өз чөнтөгүнөн байге (кызыктуу китеп, таттуу, акча ж.б.) берчү. Айрыкча интернатта иштеген кезде түркүн-түмөн конкурстарды, чыгармачыл жарыштарды көп уюштурчу. Кийин ойлосом, ал балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн экен.

— Балдары жакшы окубай калган же тартиби начар болгон ата-энелер менен кандай иштешчү эле?

— Ар бир окуучунун үйүнө барып, үй-бүлөсүнүн турмуш абалын, сабак даярдашына түзүлгөн шартын өз көзү менен көрөр эле. Биринчи кезекте баланын артыкчылыктарын айтып, көӊүлүн көтөрчү. “Балаӊыз акылдуу, ачылбай жаткан шык-жөндөмдөрү бар. Убакытты текке кетирбей, жакшы жетилиши үчүн сиздер да колдон келишинче көӊүл бөлүӊүздөр”, — дечү. Маанилүү кеңештерди берчү. Ар бир баланын мүнөзүнө, үйүндөгү мүмкүнчүлүгүнө карай өзүнчө ийкемдүү мамиле жасачу.

БҮТ ӨМҮРЛҮК САБАК

— Магнитофонго эмнелерди жаздырып калтырган экен?

— Өтүлгөн сабактарда, иш-чараларда магнитофонду иштетип койчу экен. Балким, өзүнөн кийинкилерге кереги тиет дегендир. Эстелик үчүн жаздырган болушу да мүмкүн. Эгерде азыркыдай санарип мүмкүнчүлүктөрү болсо, окуучуларга абдан кызыктуу видеолорду тарттырмак экен. Менин колума он бештей кассета тийди. Ырас, техникалык сапаты ар кандай. Бирок буларды укканда Жума агайдын сабакта, ар кандай иш-чараларда балдар менен кандай дилгирлик менен иштегенин билсек болот. Биз санарип форматка көчүрүп алдык.

Жума агайдын дагы бир ишин айтайынбы?

— Ооба, айт!

— Биология сабагынан окуткан темаларын практика жүзүндө бышыктоо үчүн Мургабдын шартында эксперимент жүргүзгөн. Деӊиз деӊгээлинен төрт миӊ метрдей бийик жерде жашылча-жемиш өспөйт деген көз карашка түзөтүү киргизген. Биздин Көөнө-Коргондон өйдө барганда Ак-Байтал деген сай бар. Ошондо шамалды жар тосуп турган жерге окуучуларын ээрчитип барып, кызылча, картөшкө, шалгам, арпа да өстүрүп көргөн. Талаада практикалык сабак өткөрүп жүргөн.

Түшүм алып, өзү болжолдогон чындыкты далилдеген. Ошонун аркасы менен Жума агайга өкмөттөн “кумурска” (муравей) мотоцикль, кийинчерээк “Ивановец” деген кичинекей трактор да берилген. Айтмакчы, Жума агайдын бул демилгесин жактырбай, тоо жеринде дыйканчылыкты жайылтууга тымызын бут тоскон жердештерибиз да болду…

Пенсияга чыккандан кийин да тим отура албады. Совхоздор жоюлган кез эле, бир короо койду арендага алып, тоого чыгып кетти чабан болуп. Төлүн жакшы алып, өкмөткө көбөйтүп тапшырганда өзүнө да чарба түптөдү.

— Балдарынан атасынын жолун жолдогондор болдубу?

— Жок. Техникага кызыгып кетишти, баягы тракторду иштетип. Курулушта иштегендери бар. Бирок, эӊ башкысы, мыкты таалим алып өсүштү.

— Окуучуларынын арасында жогорку билим алгандар барбы?

— Көп! Догдур, агроном, зоотехник, ветеринар, мугалим ж.б. кесиптерде чоӊ ийгиликке жетишкен шакирттери бар.

БҮТ ӨМҮРЛҮК САБАК

Сүрөттөрдө:

1. Жума Алахуновдон калган таберик – анын дептерлери, сүрөттөрү, өздүк документтери, көргөзмө куралдары. (Магнитофонго жаздырылган бир тасмадан үзүндүнү сайтыбыздан ачып угасыздар).

2. Өскөнбай Бердибаев

 

Маектешкен Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер