Б.КУПЕШЕВ: “МИНИСТРЛИКТИН АР БИР МУГАЛИМДИ КОРГОГОНГО КУДУРЕТИ ЖЕТЕТ”

  • 15.11.2021
  • 0

КР Билим берүү жана илим министри Б. Купешев Чүй облусунун мектеп директорлору менен жолугушууну улантууда. Ал Кемин районундагы мектеп директорлору менен жолугушуусунда билим берүү тармагында болуп жаткан ийгиликтерди, кемчиликтерди талкуулап, биргелешип чечүү, алдыдагы максат-талаптарды аныктоо үчүн жакындан таанышуу максаты бар экенин билдирди.

Б.КУПЕШЕВ: “МИНИСТРЛИКТИН АР БИР МУГАЛИМДИ КОРГОГОНГО КУДУРЕТИ ЖЕТЕТ”

Жолугушууда райондун мектептеринин жылуулук менен камсыздалышы, коронавируска каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, мектеп эмеректерин алмаштыруу ж.б. маселелер талкууланды. Анда ошондой эле Кемин районунун тургуну А.Канкулиевдин райондук билим берүү бөлүмүндөгү, мектептердеги орун алып жаткан терс көрүнүштөр жөнүндө жазган арыз каты каралды. А.Канкулиев буга чейинки эки министрге да арыз жазганын, бирок ал өзү күткөндөй жыйынтык бербегендигин айтып, адилеттүү чечим чыгарып берүүсүн суранды. Ага жооп иретинде арызда көрсөтүлгөн фактыларды чогуу талкуулап, бир жыйынтыкка келели деген пикирин билдирген министр мырза, кандай маселе болбосун тартип менен чечүүгө, бири-биринин беделине көө жабуудан алыс болууга чакырды.

— Ушул жерде айтылган маселелердин баарын калыс талдап, акты ак, көктү көк деп ажыратканга аракеттенебиз. Эгерде иши ак болсо мен колдоп, коргогонго даярмын, жок туура эмес болсо, аны да көрөбүз, жалпылап баа берели, себеби бир жактуу болбосун,эң негизгиси, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк болсун” — деди Б.Купешев.

 

Айнагүл Кашыбаева,

Кемин району.

Бөлүшүү

Комментарийлер