БҮГҮНКҮ МУУН – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

  • 06.03.2020
  • 0

Редакциядан:

Мугалимдик кесипти өз жанындай көргөн педагогдор болот. Андайлардын оюнан басса-турса мектеби, күнүмкү сабагы кетпейт.  Мына ошондой ак пейил агартуучулардын бири — Сузак районуна караштуу №19 Абдукаимов Адилбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Майлыбаева Гүлнара. Гезитибиздин активдүү окурманы Гүлнара Майлыбаева жакында Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү алты мектептин арасында өткөн “Жылдын мыкты мугалими” сынагында баш байгени жеңип, райондук сынакка жолдомо алды. Биз элеттик эмгекчил эжейди жеңиши менен куттуктап, төмөнкү ой-толгоосун Сиздерге сунуштайбыз.

БҮГҮНКҮ МУУН – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

Мен даанышмандардын “Өзүн билбесең, өзгөлөрдөн үйрөн, аракеттен артат билимдүү дүйнөң” деген накыл сөзүн туу тутуп, ар дайым тажрыйбалуу мугалимдерден жаңылыкты үйрөнүүнү өзүмө максат кылып келем. Чындыгында, башка мугалимдердин сабагына кирбесең, педагогика, психология, методика жаатындагы китептерди окуп турбасаң, педагог, мугалим катары өсө албайсың.

БҮГҮНКҮ МУУН – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

Мен быйылкы 2019-2020-окуу жылында өз билимимди сыноо максатында “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышууну туура көрдүм. Биздин  Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө алты жалпы билим берүүчү мектеп бар.  №20 Маткаримов Мамасадык атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте болуп өткөн мугалимдер сынагы мен үчүн унутулгус күнгө айланды. Сынакта азыркы санарип заманындагы окуучуга терең, жугумдуу билим берүү менен алардын ой жүгүртүүлөрүн, аң-сезимдүүлүгүн өнүктүрүү талабы  коюлуп, замандан артта калбай  жаңы усулдарды, окутуу технологияларын колдонуу талап кылынды.

БҮГҮНКҮ МУУН – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

Быйылкы сынакта мында келген бардык мугалимдердин жоопкерчилиги жогору экени көрүнүп турду.  Ар бир катышуучу этаптык тапшырмаларды талапка ылайык аткарды.  Баарыбыз колубуздан келишинче мыкты сабак өтүүгө аракет кылдык.

Сынакка катышып жатып, мен “Чыныгы чыгармачыл мугалим өз билгенин өзгөлөргө  да үйрөтөт” деген кептин бекеринен айтылбаганына ынандым жана атаандаштардан көптөгөн мыкты усул-ыкмаларды өзүмө үйрөндүм десем жаңылышпайм.  Сынакка катышкан ар бир мугалимдин өзүнө таандык чыгармачылык дүйнөсү бар экенине күбө болдум жана буга аябай таасирлендим.

Талбаган мээнеттин жемиши – мугалимдин жеңиши экенин билебиз. Мугалимдик кесип талбаган изденүүнү, түмөн түйшүктү талап кылат.  Бул кесиптин башкы милдеттеринин бири- азыркы жаштарга терең билим, ар тараптуу акыл, туура тарбия берүү. Ушуну түшүнүп биз, бардык катышуучулар сынактагы ачык сабактарыбызда заманбап инновациялык ыкмаларды, техникалык каражаттарды колдонуп, таасирдүү сабак өтүүгө аракет жасадык.

БҮГҮНКҮ МУУН – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

Менин түшүнүгүмдө, кандай сынак болбосун, ал мугалимдердин кесиптик тажрыйбаларын арттыруунун натыйжалуу иш-чарасы болуп эсептелет.

Акыры баарыбыз күткөн сынактын жыйынтыгы жарыя кылынды. Калыстар тобунун калыс чечими менен мен жакшы даярдыкта келген таланттуу, чыгармачыл, өз кесибин сүйгөн атаандаштарымдын арасынан мыктылардын мыктысы деп тандалып, кароо — сынактын райондук туруна жолдомо алдым. Бул — мен үчүн чоң жоопкерчилик.

Мен мугалим катары, бүгүнкү илимдүү, өнөрлүү жаш муун – эртеңки келечегибиз экенин, аларга терең билим, татыктуу тарбия берүү ар бир мугалимдин инсандык, кесиптин ыйык парзы экенин жүрөк түпкүрүнөн туюп, өзгөчө сезимдердин кучагында алдыда болуучу райондук турга даярданып жатам.

Майлыбаева Гүлнара, Сузак районуна караштуу  №19 Абдукаимов Адилбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер