БӨБӨКТӨРДҮН ЖОМОК ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 11.03.2023
  • 0

БӨБӨКТӨРДҮН ЖОМОК ДҮЙНӨСҮНДӨ

Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан “Жомок” бала бакчасынын тарбиячысы Райгүл Жетигенова үчүн бул күн өзгөчө жооптуу күн эле. Анткени эмгек жамааты 8-март майрамынын алдында жогорку тайпанын бөбөктөрү менен бирге театрлаштырылган жомок даярдап жаткан. Үй-бүлөсү түп көтөрүлүп жардамдашып, ансыз да аябай толкунданып жатканда, семинарга коңшу облустардан кесиптештери келерин угуп, бирге иштеген кесиптештери, бала бакча башчысы, ал тургай райондук, облустук жетекчилери даярдыгы кандай экендигине тынчсызданып кайра-кайра телефон чалып, ого бетер тыпырап калышты.

Акыры көптөн күткөн күн да келип “Адептүүлүк жана сылыктык биз менен” деп аталган семинар башталды. Катышуучулар эки топко бөлүнүп, мектепке чейинки даярдоо тайпаларынын тарбиячыларынын ачык сабагына күбө болушту. Райгүл Жакиновна өзү жазып даярдаган сценарий боюнча кичинекей бөбөктөр менен коен, карышкыр, аюу ж.б. токойдогу жаныбарлардын катышуусунда театралдаштырылган жомок тартуулады.

Мындай жооптуу ишти уюшкандыкта ынтымакта аткарбаса, ийгилик кайдан жаралсын. Кудум жомоктогудай жасалгаланган залда олтурган меймандардын жүзүндөгү жылмаюуну көргөндө, түн уйкудан калып даярданган эмгеги текке кетпегенин түшүндү. Айрыкча, кичинекей бөбөктөр өзүнө берилген тапшырмаларды жаңылбай, такалбай жан дили менен аткарып беришкенде, кубанычы койнуна батпай толуп, толкунданып чыкты. Бардыгы өздөрү каалагандай болду: залдын жасалгасы, слайд шоу, көргөзмөлөр катышуучулардын купулуна толду.

Аламүдүн районунда учурда жалпысынан алганда 48 бала бакча иштейт. Алардын арасында мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана кыска мөөнөттүү үч сааттык бала бакчалар да бар. Биз сөз кылып жаткан “Жомок Аламүдүн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Айнагүл Эралиева келген меймандарды бала бакчанын таржымалы менен кыскача тааныштырып өттү. 1968-жылы курулган бала бакчанын башынан эмнелер гана өтпөптүр: бир мекеменин карамагынан экинчисине өтүп, ал тургай бөлмөлөрү ижарага берилип, бир убакта бала бакча кейпи кетип кароосуз да калган экен. 2007-жылы 240 орундуу бала бакчанын имаратын Аламүдүн айыл өкмөтү өз карамагына алгандан тарта акырындап абалы оңоло баштаганы байкалды. 2010-жылы Найзабек Көлбаев деген жигит айыл өкмөт башчысы болуп дайындалгандан кийин, оңдоп-түзөө иштери кадыресе жанданып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы тайпалар ачыла баштаган. Ошентип, 2020-жылга чейин ар түрдүү долбоорлордун, фонддордун жардамы менен оңдолуп-түзөлүп олтуруп, аты аталгандай эле жомоктогудай азыркы абалына келген.

– Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түздөн-түз колдоосу менен бүгүнкү ийгиликтерге жетишип олтурабыз. Андыктан, айыл өкмөт башчысы Найзабек Асанбекович жетектеген эмгек жамаатынын эбегейсиз зор эмгегин баса белгилеп кетпесек болбос. 2018-жылы Каржы министрлиги тарабынан уюшулган үлүштүк колдоочу гранттар долбоорунун алкагында “Бала бакчанын тосмолорун капиталдык оңдоо” жана “Бала бакчанын отканасын жылдырып, оңдоп-түзөө” деген 2 млн 273 миң сомдук долбоор менен иштедик. 2019-жылы Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна долбоор жазып 1 млн 50 миң сомго бала бакчанын айланасы, жолдору оңдолуп, бассейн капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ал эми 2020-жылы Каржы министрлигинин үлүштүк колдоочу гранттар долбоорунун алкагында 1500 м2 аянтка 3 млн 500 миң сомдук долбоор утуп, бала бакчанын балдар ойноочу аянттары, спорт аянтчасы толугу менен көп түстүү жумшак резиналар менен кооздолуп жабылган, — дейт Айнагүл Бостоновна.

БӨБӨКТӨРДҮН ЖОМОК ДҮЙНӨСҮНДӨ

Бүгүнкү күндө бала бакчадагы сегиз тайпада 380 бала тарбияланат, аларды жалпы жонунан 35 кызматкер тейлейт.  Электрондук кезекте 230 бала турат. Бөбөктөргө үч маал аштизме боюнча витаминдештирилген 57 түрдөгү азык-түлүк берилет.

“Жомоктун” тарбиячылары мектепке чейинки билим берүү тарбиячыларынын арасында республикалык деңгээлде уюштурулган Манас таануу интеллектуалдык телетаймашына, “Чоң энемдин жомогу” сыяктуу көптөгөн кароо-сынактарга жигердүү катышып, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тилин сактоо, өнүктүрүү, руханий байлыктарды даңазалоо багытында балдарга таалим-тарбия берип, талыкпай эмгектенип келишет.

Чүй облустук усулдук бөлүмүнүн башчысы Райымбек Султанов жыйынтыктоо сөзүндө ушундай жогорку деңгээлдеги семинарды уюштурган бала бакчанын эмгек жамаатына, слайд шоуларды даярдап, бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштери, жетишкен ийгиликтери менен бөлүшкөн Чүй облусунун ар бир райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, мектепке чейинки билим берүү бөлүм башчыларына ыраазычылык кат тапшырды.

– Биз бул эстафетаны Ысык-Көл облусундагы кесиптештерибизден алган элек. Мына бүгүн алар өздөрү да келип катышып олтурат. Ушундай тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн билим кербенин уюштуруу демилгесин көлдүк кесиптештер көтөрүп чыккан эле. Чүй облусу аны улантып, байсалдуу узак жол каалоо менен Нарын облусуна узатып жатабыз. Билгендерибизди бири-бирибизге бөлүшүп, биримдикти, ынтымакты даңазалаган билим кербени улана берсин, сапары карыбасын! — деди Райымбек Карагулович.

Семинардын катышуучулары бала бакча менен таанышып, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү. Алар бала бакчанын босогосунан тарта кооздолгонун, айрыкча, залдагы пононун заманбап, эстетикалык жасалгасы жакканын белгилешти. Айрым катышуучулар интерактивдүү тактанын жардамы менен иштеп жаткан кесиптештерине суктангандарын жашырган жок. Тарбиячылар балдар менен иштөө ыкмасына, балдардын ырдап, бийлеп, өздөрүн ашыкча көрсөтмөсүз эркин алып жүргөнүнө көңүл бурушту.

БӨБӨКТӨРДҮН ЖОМОК ДҮЙНӨСҮНДӨ

Айнагүл ЭРАЛИЕВА, «Жомок» бала бакчасынын башчысы

Аалам улук, аалам кенен,

Андан улук эне деген.

Таза болот, тунук болот,

Дүйнө жүзү эне менен!

БӨБӨКТӨРДҮН ЖОМОК ДҮЙНӨСҮНДӨ

Райгүл ЖЕТИГЕНОВА, усулчу

Билим берүү тармагында, айрыкча, мектепке чейин билим берүүдө эмгектенгендердин дээрлик 99 пайызын түзгөн аялзатына ушул саптарды арнаган Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева, тарбиячылардын, мугалимдердин үйдө балдарга, неберелерге таасири чоң экендигин белгиледи.

– Агартуу тармагында жүргөн айымдарга ар дайым таазим этем, алар – чыныгы мугалимдер. Ар бир үйдө бала бар. Айрымдарыбыз үйүбүздөгү үч-төрт балабызга ээ боло албай калабыз. Мугалимдик кесипти аркалап келатканыма 40 жыл болсо да, кай бирде неберелерибизге “авторитетибиз” өтпөй калат. Мисалы, мен төрт жаштагы неберем үйгө келгенде, “Силер билбейсиңер, муну эжекем өрүп берген” деп бала бакчадагы эжекеси өрүп берген чачына эч кимибизди тийгизбейт. Балдар окуп-жазганды эле эмес, жүрүм-турумуна чейин мугалимдерден үйрөнөт. Айрыкча, бала бакчадагы тарбия башатында сиздер – бала бакча тарбиячылары турасыздар! “Жомок” бала бакчасынын жаштардан куралган жамаатын көрүп суктандык. Семинардын темасы да актуалдуу, балдардын катышуусу да активдүү экен, — деп ыраазычылыгын билдирди.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчалар боюнча методисти Анипа Асанбекова чүйлүк кесиптештеринен эстафетаны алып жатып, эң жакшы саамалыкты чын дилден колдошорун, аларда да башкалар ала турган тажрыйба арбын экенин белгилеп өттү: “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши – эң жоопкерчиликтүү, эң түйшүктүү иш. Баарыбыздын келечек муундарына татыктуу тарбия берсек деген изги максатыбыз бар. Айрыкча, семинардын жүрүшүндө кичинекей балдар адептүүлүк жөнүндө айтып беришип, жомоктогу каармандар аркылуу адептүү бала, адепсиз бала кандай болорун жеткиликтүү көрсөтүп бергендери көңүлүбүзгө төп келди. Ушунун баары – “Жомок” бала бакчасынын тарбиячыларынын талыкпаган эмгегинин үзүрү экенин көрдүк, күбө болдук, даярдыктарына суктандык. Кесиптештерибизге чоң-чоң ийгиликтерди, чыгармачылык изденүүлөрдү каалайбыз”.

БӨБӨКТӨРДҮН ЖОМОК ДҮЙНӨСҮНДӨ

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер