«АЗИЯ БАЛДАРЫ II»:  ЛЫЖА ЖАРЫШЫ БОЮНЧА НАРЫНДАН 12 БАЛА КАТЫШУУДА

  • 02.03.2023
  • 0

Учурда Россиянын Кемерово шаарында өтүп жаткан «Азия балдары 2» кышкы спорт оюндарына Кыргызстан да катышып жатат. Анын ичинде нарындык да улан-кыздар бар.  Бул тууралуу Нарын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин лыжа жарышы боюнча машыктыруучу, Кыргызстандан барган лыжа жарышы боюнча спортчулардын башкы машыктыруучусу Муратбек Искенов билдирди.

"АЗИЯ БАЛДАРЫ II":  ЛЫЖА ЖАРЫШЫ БОЮНЧА НАРЫНДАН 12 БАЛА КАТЫШУУДА

 

Анын айтымында учурда тоо лыжасы, хоккей жана лыжа жарышы боюнча мелдештер болуп жатат. Мунун ичинде лыжа жарышы боюнча барган спортчулар мындай ири мелдешке алгачкы ирээт катышып жатышат. Бирдиктүү форманы спорт департаменти берсе, жарышка катышуу үчүн кийилүүчү форманы ар бир катышуучунун ата-энеси алып берген.

— Мындай ири мелдештерге жаңыдан катышып жаткандыктан бизде көптөгөн жетишпестиктер бар экенин байкадык. Алдыда дагы да машыгууларды көп кылып, чоң-чоң ийгиликтерге жетерибизге ишенем. Ал эми көп мелдештерге катышкан, бизге караганда алда канча тажрыйбалуу хоккей боюнча барган Кыргызстандын курама командасы мыкты ойноп жатат, —  деди Муратбек Искенов.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер