АЗГЫРЫКТАН АРАЧАЛОО ЗАРЫЛ

  • 02.11.2022
  • 0

Маалымат доорунун өтө ыӊгайлуу, пайдалуу жактары менен катар опурталдуу, кооптуу жактары да бар экендиги көп эле айтылып келет. Балдарды азгырыктан алып калуунун аргасы бар дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими Пазилет ТАЖИБАЕВА.

 

Опурталдуу телефон

 

2019-жылы Кызыл-Кыя шаарынан менин Кызай Зулпиева деген окуучум кандидаттык диссертация жактады. Ал балдарды компьютерден кантип алаксытуу үчүн жаӊы технологияларды пайдалануу жолдору жөнүндө эле. окумуштуулар телефон беш жыл ичинде канчалык агрессивдүү таасир көрсөтөрүн айтышкан. Ошол эле жылы 2-класстан 4-класска чейин атайын предмет окутуу керек деп адистер чечишкен. Атайын стандарт түзүлүп, жоболор иштелип чыккан.

Бирок андан бери үч жыл өттү, эч ким кыймылдаган жок. Окуучумдун идеялары канчалык орчундуу экенин мен ар кайсы коомдук уюмдарда иштеген ата-энелерден да угуп билип жүрөм. Телефондун, интернеттин айынан өтө жаман окуялар болууда. Өз жанын кыйгандар, өз ара мушташкандар көбөйгөнү буга далил. Мугалим катары, эне, чоӊ эне катары балдарымдын, неберелеримдин телефонго абдан катуу берилип кеткенин көрүп отуруп, бул маселени чечүү зарыл экен деп, окуучумдун илимий эмгегинин жыйынтыктарын практикага киргиздирүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдым. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова өзүм таанышып, окуп көрөйүн деди.

Элдик демилге

Бул идея жалгыз меники эмес. Ошол кезде ар кайсы облустардан замандаштар да өздөрүнүн кызыктуу ойлорун айтышты. Мисалы, Нарындан Бакыт аттуу жигит кыргыздын улуттук оюндарына кызыктыруу аркылуу балдарды телефономаниядан айыктырсак болот деп сунуш айтты. Кочкордон Курманбек аттуу киши шахмат боюнча балдар үчүн китеп жазыптыр. Алты жаштан тартып жогорку класстардагы окуучуларды, чоӊдорду да шахматка кантип кызыктырууга,  үйрөтүүгө болот деп иликтеп, усулдук колдонмо иштеп чыгыптыр. Ысык-Көлдөн Жылкычы деген киши менен тааныштык. Ал боз үй тууралуу үч томдук китеп жазыптыр, чыгара албай жүрөт экен. Ушул сыяктуу салттуу жана улуттук дөөлөттөргө балдарды тарталы деп, бирдиктүү багытыбызды аныктап алдык.

Жогорку Кеӊеште Нуржигит Кадырбеков менен Шайлообек Атазовго кайрылдым. Бул мазмундагы темаларды өзүнчө предмет же дене тарбия, эмгек сыяктуу сабактар менен айкалыштыруу керек деп иштеп чыккан методикабызды сунуштасак, Жогорку Кеӊештин депутаттары колдоду. Алар Билим берүү жана илим министрлигине ушул маселелерди карагыла деп тапшырма беришти. Тилекке каршы,  бизди абдан дилгирлик менен колдогон мурунку министр Алмаз Бейшеналиев жакында кызматтан кетип калды. Маданият министрлигиндегилер да жакшы пикирлерин айтышты.

Маселенин олуттуулугун эске алып, Коопсуздук кеӊешинин катчысы Марат Иманкуловго да кайрылдым. Ал Каржы министрлигине, Социалдык коргоо министрлигине 2026-жылга чейинки концепцияӊарга киргизгиле деп тапшырды. Министрлердин орун басарлары менен сүйлөшүп, көп сунуштарымды киргиздим. Кайсылары концепцияга камтылганы азырынча белгисиз.

Кырдаалдын канчалык орчундуу экенин, аны кантип чечүүгө болорун телеканалдарга да чыгып айттым. “Башканы коюп баланы айт” деген телеберүү чыкты. Мына азыр эле окудум – бир мугалимди сабап салышыптыр! Эгер бала мугалимге кол көтөрсө, ата-энеси да кошулуп куугунтуктаса, биз каякка бараткан болобуз?!

Окуучу кароосуз калбасын

Мектепте жарым кылым иштеген мугалим катары дайыма өзүмдүн сунуштарымды айтып келем. “Окуучу – ата-эне – мугалим” үч бурчтугунун чокусунда бала турушу керек. Үй-бүлө менен мектеп анын эки тиреги болууга тийиш. Бул үч жаат бириксе гана иш илгерилейт. А бизде бириккен жок. Ата-эне же мугалим жетиштүү колдоп турбаса, бала арасат абалда калып, аӊ сезими бузулат. Ал баладан кандай жакшылык күтөбүз?

Ушул маселелерди чечүү зарыл деп чуркап жүргөнүмдө Баткенге кол салышты. Элдин баары ошого алаксып калды. Мен өзүм да баш отум менен ошол көйгөйгө кирип кеттим. Азыркы оор жагдайда элге кантип жардам беребиз деп долбоорлорго катыша баштадым. Бирок баары бир балдардын жан дүйнөсүн кароосуз калтырууга акыбыз жок.

Президент Садыр Жапаров улуттук нарк-насилди сактап өнүктүрүү жөнүндө үч жолу жарлык чыгарды. Кыргыздын эзелки каада-салттарын, үрп-адаттарын бүгүнкү күндө жайылталы деп. Тилибизди, дилибизди, динибизди жоготуп баратабыз. Баары чаржайыт, каякты карашты эл билбей калды. Бир тобубуз батышты, бир тобубуз араптарды тиктеп калдык. Башатыбыздан алыстап бараткандайбыз. Биз бүгүнкү маалымат селинен балдарды коргоп калышыбыз керек.

Эзелки таалим эскирбейт

Кыргыздын чыныгы таалими такыр башкача болгон. Кагып-силкпей, тилдебей, кыйкырбай, бир эле сөз менен көптү туюнткан, элдик макал-лакаптар менен тарбиялаган илгерки кыргыздар. Ата-энелерге да ушуну үйрөтүп, балдарды сөз угууга көндүрүшүбүз керек. Кыска-нуска сөздөр абдан сыйымдуу, таасирдүү болгон. Бүгүн айкырып, кажылдап, акарат айтышып жатат бири-биринин сөзүн укпай… Мугалимдер да азыр мурдагыдай эмес. Ал коомдун күзгүсү, жаштар карап түзөнгүдөй өрнөк болууга тийиш. Мугалимдин сүйлөгөнү, баскан-турганы, караганы, адамдар менен болгон мамилеси, тиричилиги ж.б. баары элдин көз алдында. Ошондуктан бүгүн илгерки макалды өзгөртүп, “мугалимге кырк үйдөн тыюу” дегим келет. Бүгүнкү агай-эжейлер кырк жаман адаттан таза, эркин болушу керек.

Эгер элге өрнөк боло албасаӊ, мугалим болбой эле кой! Чыдабасаӊ, базардагы бакырчаак болуп чыгып кет! Бирок мугалим да колдоого муктаж. Ага ылакап ат коюп алган ата-энелер бар. “Койчу ошол мугалимиӊди – кечээ эле сетирейип базарда отурбады беле! Өткөндөгү тойдо жалжаӊдап сүйлөгөнүчү?» дейт. Анан бала кантип сыйласын эжейин, агайын?

Ошондуктан жогоруда айткан үч бурчтукту бириктирип, бекемдөө зарыл дейм. Мунсуз таалим-тарбия болбойт. Баланын көӊүлүн коркутуу, жазалоо менен да, жалынуу менен да ала албайсыӊ. Айткан сөзү менен кылган иши шайкеш келген чыныгы устаттын таалими гана балдардын жүрөгүндө калат. А.П.Чехов “адамдын бой-турпаты, кийими, ой-кыялы – бардык жагынан сулуу болушу керек” дегендей, мугалим сүйлөгөн сөзүнө, бой-келбетине, баскан-турганына, кийимине, боёнгонуна чейин каранып жүрүшү зарыл. Анткени элдин баары сени көрүп турат. Башкаларга көӊүл бурбашы мүмкүн, бирок мугалимди карайт.

Мугалим дайым сергек, кыраакы, тыкан жүрүшү керек. Адамдардын көз карашынан, үнүнөн мамилесин сезип турушу керек. Эски мугалимдердин арасында ушундай устаттар көп эле. Азыр барбы?.. Бүгүнкү жаш агай-эжейлерди атайын окутуп, тарбиялап алышыбыз керек, атайын сабактарды, жолугушууларды уюштуруп. Мурдагы мыкты мугалимдер пенсияда, ошолорду чакырып, нускоо сөзүн угуп, кеӊеш сурай билиши керек жаштар. Аларды төргө өткөрүп, акылын укса, кандай жакшы болмок.

Устаттардан сабак алгыла

Бирок Мугалимдер күнү да ардагерлерди эстеп коюшпайт. Мисалы, Кызыл-Кыядагы 500дөй мугалимдин ичинен мен жалгыз эмгек сиӊирген наамын алганмын. Ушундай майрамдарда шаардык билим берүү бөлүмүндөгүлөр жок дегенде эки ооз сөз менен куттуктап койбойт. Жетимиштен аштыӊыз, устатыбызсыз деп жылуу сөзүн айтса болбойбу? Бүгүн улууларды сыйласаӊ, эртеӊ өзүӊ сый көрөсүӊ. Бул мектеп жетекчилерине, рай/шаарББ башчыларына тиешелүү кеп.

Быйыл Сокулукта неберелерим окуган мектепте майрамга катышып калдым. Мурдагы иштеп кеткен мугалимдерди чакырышкан экен, ар бирине гүл берип, көӊүл эргиткен сөздөрүн айтышты. Мен ошолор үчүн сүйүндүм. Муну жергиликтүү бийлик эле уюштуруп коёт экен. Ошенткиле деп министр буйрук бериши керекпи? Эл менен иштейин, өсөйүн-өнөйүн деген жетекчинин иши бул.

Мага окшогон эски педагогдордун билгенин жаштарга алып калуу керек. Бирок өзүм билем деп чалмакейди чалгандай көп. Чындыгында билген сайын билбегениӊ көп экенин сезесиӊ деп байыркы акылмандар айткан эмеспи.

Деректир да эми мындан ары өмүр бою чакчайып ордумда отурам деп ойлой албай калды. Жакшы чечим болду! Билими тайкы, иш билбеген, акчанын күчү, тааныш-билиш менен кирип алган деректирлер толтура. Чыныгы иштейм деген мугалимдер сыртта калып кетет.

Жетекчи кандай болсо, мектептеги маанай, жамааттын ишке мамилеси ошондой болот. Мугалим кандай болсо, окуучу ошондой болот. Окуучу менен мугалимдин мамилеси ата-энеге да таасир этет. Ушул үч бурчтукту бекемдөө зарыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер