АЙЫЛЫНДА ОРДУ БИЙИК ЭЛЕ…

  • 22.09.2023
  • 0

АЙЫЛЫНДА ОРДУ БИЙИК ЭЛЕ...

Жонунан  устун-тактай түшүрбөй,  кыш-күз дебей өз колу менен чакалап ылай ташып, айылдыктарды “ашарга” чакырып, машина-тракторлор менен  таш-шагыл-кум ташып, мектептин фундаментин куюп, кээде мугалим, кээде прораб болгон Аскар Өмүралиев агай өз айылындагы биринчи кыргыз тилдүү мектептин салынышына  зор салым кошкон.

МЕКТЕПКЕ ЖӨӨ БАРЫП КЕЛЧҮ

Аскар Өмүралиев 1954-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. 1961-жылы Ак-Суу районундагы Ново-Вознесеновка  айылындагы орто мектептин босогосун аттап, 1971-жылы  Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы №2 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Каракол шаарындагы мугалимдер институтунун орус тил жана адабият факультетине тапшырган.  Студенттик жылдары спортко өтө жакын болгондуктан, дене тарбия, орус тили жана адабиятынан сабак өтүп жүргөн.  1975-жылы окууну аяктаган соң  үч чакырым  алыс жайгашкан Түп районундагы К.Үсөнбеков атындагы Кутурга орто мектебине жөө барып-келип иштеген.  Капысынан гана унаасы бар тааныш кезигип калып эле унаа менен барбаса, башка учурларда жөө жүрчү. Ошентсе да иш дегенде шымалынып турчу.

1980-жылы Ой-Тал орто мектебинин директорунун орун басары, 1991-жылдан 2005-жылга чейин Ой-Булак орто мектебинин директору болуп иштеген. Кутурга, Ой-Тал жана Ой-Булак айылдарындагы мектептерде жалпысынан кырк жылдай эмгектенсе, анын жыйырма жылдан ашыгында айтылган мектептерди жетектеген.

УНИВЕРСАЛ МУГАЛИМ

Аскар Өмүралиев ар бир сабакты көрсөтмөлүү кылып өтүүнү, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырууну бардык мугалимдерден катуу талап кылар эле. Муну менен бирге ар бир мугалимге түздөн-түз жардам берип, кеп-кеңешин айтып турчу. Ошондуктан Кашымбек уулу Аскар агайдын убагында айылдагы мектеп “ишенимдүү мектептердин” катарына кирген. Кийин ден соолугуна байланыштуу жөнөкөй мугалим, анан бир топ жыл спорт ийриминин жетекчиси болуп эмгектенген.

Көп жыл коомдук-саясий иштерге катышып, мектептин комсомол комитетин, кийин партия уюмун жетектейт жана айылдык кеңешке депутат болуп шайланган. Анын демилгеси менен “Жалын” жаш куруучулар бригадасы түзүлгөн. Окуучулар арасында “Смена” эмгек бригадасы уюштурулган. Айылдык жаш өспүрүм балдарды окууга эле эмес, эмгек жана спорт менен да машыктырып, тарбиялаган. Мындай эң жакшы эмгеги үчүн бекер жолдомо менен Болгарияга чейин барып келген. “Комсомолдордун алдыңкы мугалими” төш белгисине да татыктуу болгон. Атайын арналуу саатты белек катары алган. 1995-жылдан бери «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы», 2008-жылдан бери Кыргызстандын дене тарбия жана спорттун мыктысы, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын “Ата-Журт” төш белгиси да ыйгарылган. Ошондой эле ал 2018-жылы Түп районунун “Ардактуу тургуну” төш белгисине татыктуу болгон. Себеби мектеп жетекчиси катары Аскар Кашымбекович ден соолугу чың, психологиялык жактан туруктуу, спорттук чеберчилиги бийик окуучуларды даярдап, эр жүрөк, мекенчил инсандарды тарбиялаган. Ата мекен менен аскердин тагдыры ажырагыс деген маанини өркүндөткөн. Агайынын мыкты тарбиясынан аркасында окуучулары азыр күч органдарынын ар кайсы тармактарында, тагыраагы, Улуттук коопсуздук кызматында эмгектенишет.

Кыргыз мектептин курулушу –анын жетишкендиги

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн өңдөнгөн Аскар Өмүралиевдин өз айылында орду бийик. Ал кыргыз элине Эгемендик келгенден тартып, айылына жаңы мектеп кура баштаган. Айылдаштарын “ашарга” чакырып, эчен жолу кызыл ишембиликтерди өткөрүп, мектептин жерпайын түптөгөн. Кыш-күз дебей өз колу менен чакалап ылай ташып, жонунан устун-тактай түшүрбөй жүрүп, 5-6 жылдык кажыбаган мээнеттин арты менен 1998-жылы заңгыраган орто мектепти мамлекеттин каражаты менен куруп бүтүргөн. Ошентип, балдардын кыргыз тилин жеткиликтүү билишине, жаңы муундун мамлекеттик тилде ой жүгүртүүсүнө чоң маани берген Аскар Өмүралиевдин тоодой аракети менен кыргыз тилиндеги мектеп пайда болгон.

Кесибин сүйө билген, Көл өрөөнүндө биринчи жолу пилоттук долбоор уюштурган инсандардын бири, универсалдуу педагог, ар тараптан жөндөмдүү чыныгы мугалим, элдин сыймыгы болгон Аскар агайдын эң чоң жетишкендиги — жаңы мектеп курганы. Жаңы мектепке кадрларды туура тандаганы, жада калса сырттагы айылдаш кыз-келиндердин ар-намысына тийип мектепке чогултканы, окуучулар менен мугалимдердин билим деңгээлин көтөргөнү баары аягында көзгө көрүнбөгөн иш болуп кала берген.

КЕСИПТЕШТЕРИНЕ ҮЛГҮ АГАЙ

Түп районундагы С. Исмаев атындагы Ой-Булак жалпы орто билим берүү мектеби мектебинин директору Гүлмира Жумаева кесиптешинин эмгек жолу, мугалимдик өзгөчөлүгү, бийик адамгерчилиги тууралуу баяндады. Анын айтымында, Аскар Өмүралиев жалпы отуз жыл агартуу тармагында иштеген болсо, анын 14 жылында жетекчилик кызматты аркалаган.

– “Өмүр бизден өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин” демекчи, Аскар Өмүралиев агайдын биздин айылыбызга, мектебибизге кошкон салымы абдан зор. Агайдын жасаган иштери, эмгектери менен биз ар дайым сыймыктанабыз. Кесиптештер арасында өзүн жетекчи катары эмес, “Улууга урмат, кичүүгө ызат” көрсөтүп, жөнөкөйлүгү менен ишти алдыга жылдырган инсан эле. Табият берген бай тажрыйбасы, терең билими менен окуучулар, ата-энелер, кесиптештер арасындагы мамилени чыңдоонун улуу устаты болгон. Мугалимге тиешелүү мыкты сапаттары, тыкандыгы, жоопкерчилиги, иш билгилиги, насаатчылыгы өсүп келе жаткан муунга, жаш адистерге үлгү болуп кала берди. Аскар агайыбыздын өзгөчөлүгү – өз кесибин мыкты билген жана ага берилген кесипкөйлүгү. Улуттук каада-салтты бийик тутуп, окуучулардын патриоттук сезимин ойготкон, уюштургуч инсан эле, — деди.

Ошондой эле мектеп директору өзүнүн сөзүндө Аскар ага кесиптештеринин, окуучуларынын ар бир ийгилигине баа берип, кошо кубанган, алдыга умтулушуна түрткү берген мотиватор болгондугун, сабактын максатына жетүү үчүн окуучулар менен кошо тапшырмаларды кошо аткарып, өзгөчө спартакиадага барарда ар бир окуучу менен жекече да, команда менен да иштегенин баса белгиледи.

Аскар агай пенсия курагында да жөн отурбай, мектепте кружок түзүп, окуучуларды ар кандай спорт оюндарга жогорку деңгээлде даярдап, дайыма жеңиш менен кайтчу.

Аскар Өмүралиевдин башына 2003-жылы оор операция жасалып, кийинчерээк кан басымы менен алышып жүргөн. Быйыл кан басымы түшүп кетип, Түп районунун ооруканасына жетпей каза болгон.

Билим берүүнүн өнүгүшү үчүн алгылыктуу иштерди аткарган Аскар Өмүралиевдин Индира, Лира, Асель аттуу кыздары жана Эркинбек, Жөлөнбек аттуу уулдары бар. Арасынан Лира кызы ата жолун жолдоп, учурда Күрмөнтү айылындагы орто мектепте чет тилдер сабагынын мугалими болуп эмгектенет.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер