АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ ДЕМ БЕРГЕН АСЕЛ АЙЫМ

  • 01.02.2024
  • 0

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ ДЕМ БЕРГЕН АСЕЛ АЙЫМ

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 12 жылдан бери өткөрүп келаткан «Биринчи мугалим» сынагына мен төрт жолу катышып, ар бир катышкан сайын мага баа жеткис билим байлыгын топтоого өбөлгө түзүп жатканына сыймыктанам. Анын негиздөөчүсү жана директору Асел Даниярова «Биринчи мугалим» долбоору атайын айылдык мугалимдерге, тактап айтканда, элет жериндеги мектептердин башталгыч класс мугалимдерине арналганын ар дайым баса белгилеп келет.

«Жакшынын жарыгы жалпыга тиет» дегендей, аталган фонд билим берүү тармагынан тышкары, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, белгилүү инсандардын өмүр таржымалы, 1916-жылдагы Үркүн ж.б. арбын темаларды камтыйт. Мен өзүм мугалим болгондуктан, аталган фонддун билим берүү тармагына кошкон салымы тууралуу сөз кылгым келип жатат.

Мен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы эң алыскы, бийик тоолуу, шарты катаал Сары-Жаз өрөөнүндөгү Эңилчек деген айылда жашайм. Бул сынакка катышуу мен үчүн эки эсе сыймык экенин айтпасам да сезип жаткан чыгарсыздар. Жети облусубуздун бардык аймактарындагы башталгыч класстарынын мугалимдеринин бул сынакка катышуусу өзүнчө бир табылга, зор кубаныч. Ананчы, сынактын жардамы менен борбор калаабызга барып, көптөгөн кесиптештерибиз менен таанышып, баарлашып келебиз. Чындыгында башталгыч класстын мугалимдеринин эмгектери көп жерде көрүнбөй калат. Асел айымдын кыраакылык менен бул мугалимдерге дем-күч берейин деген аракети бекеринен эмес чыгар. Мугалимдердин ишин баалап, демине дем кошуп, кесиптик өнүгүүгө демилге берип, моралдык жактан колдоо көрсөткөнү кандай сонун! Биз, башталгыч класстын мугалимдери бул сынакка өтө кызыгуу менен дилгирленип катышабыз. Айрыкча, эң алыскы Ак-Суу районунун мугалимдеринин активдүүлүгүн Асел Санжарбековна өзү да белгилейт. Буга биздин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин да салымы чоң.

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ ДЕМ БЕРГЕН АСЕЛ АЙЫМ

Сынакка жыл сайын эң актуалдуу, эң кызыктуу темалар тандалып алынат. Мисалы, мен төртүнчү жолу катышып жатамын. Аралыктан катышууга бизге абдан ыңгайлуу (биз катаал жерде жашагандыктан, жолдун татаалдыгынан кээ бир сынактарга катышууга мүмкүн болбой калган учурлар көп болот). Биринчиден, аралыктан эле дилбаяндын темасы жарыяланат, экинчиден, баардыгы үчүн жеткиликтүү жана үчүнчүдөн, бул эң башкысы деп ойлойм, бул – жеңүүчүлөр ошол эле жерден ачык добуш берүү аркылуу аныкталат. Дилбаян жазууда эң жогорку упай топтоп, экинчи турга өткөндөрдү залда олтургандардын баары оозеки таймашта көрүп, кимдин дарамети канчалык экенин баалай алат.

Бул сынакка катышуу учурунда биз, мугалимдер көп жакшы нерселерди ала алдык. Кесибиңди сүйүүгө, өнүгүүгө жол ачат. Мугалим: «Дагы канткенде мен мыкты мугалим боло алам?» деп изденет. Жеке мен үчүн бул сынак балдардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, жакшы окуп кетишине ар тараптуу салым кошууга, тарбиялоонун жолдорун издеп, чыгармачылык менен иштөөгө себепкер болду десем жаңылышпайм. Бул сынактын жобосунда көрсөтүлгөн шарттары, өткөрүү формасы, убактысы, баары жакшы ойлонуп пландалган. Алсак, сынактын биринчи турунда аралыктан дилбаян жазуу сунушталат. Темалары мугалимдер үчүн эле эмес, окуучуларга, ата-энелерге да кызыктуу. Маселен, 2012-жылы «Менин окуучуларым мага эмнени үйрөтөт?» деп аталса, кийинки жылы «Мугалимге балдарды тарбиялоодо ата-энелерге шериктеш» деп аталып, ата-энелерди мектепке тартууга дагы бир түрткү берди. Ал эми 2015-жылдагы тема «Үйлөрүндө китеби жок балдарды көркөм адабий китептерди окууга кантип көндүрсө болот» деп аталып, мугалимдер, ата-энелер, окуучулар болуп бул теманын айланасында кызуу талкууларды өткөрдүк. Андан тышкары, «Кызыктуу саякат» (2019) «Менин чөлкө таануу музейим» (2020-жыл) темалары өзү айтып тургандай эле балдарды жаратылышка аяр мамиле жасоого жана ошондой эле өзүң жашап жаткан айлыңды жакындан таанып-билүүгө өбөлгө түзөөрү анык. «Заманбап маданият үйү» (2021), «Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу» (2022) темалар да эч кимди кайдигер калтырган жок. Ал эми былтыркы «Эмгек миграциясы жакшыбы же жаманбы?» деп аталган дилбаяндын темасы жалпы эле коомчулуктун көйгөйүн көзгө басып көргөзүүгө, бул маселенин чечилишине жалпылап жол издөөгө жардам берери шексиз.

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ ДЕМ БЕРГЕН АСЕЛ АЙЫМ

Мага өзгөчө жакканы – мугалимдер жазган дилбаяндарды баалоо системасы. Ал алты критерий менен бааланат. Талабына жооп берүү үчүн мугалим ойлонуп, изденип, чыгармачылык менен жазат. Ар бир теманы ачуу мугалимдик кесипке жана окуткан окуучуларынын иш-аракетине байланыштуу болот. Мына ушунун өзү эле мугалимдин шыгына шык кошуп, изденүү, жаңылануу менен иштөөгө өбөлгө болуп жатпайбы. Экинчи турунда эң жогорку упайларды топтогон алты жеңүүчү оозеки таймашат. Талапкерлер окуучу, ата-эне, мугалим үчөөнүн иш-аракетине байланышкан суроолоруна жооп беришет. Биринчи орунду ээлеген жеңүүчүгө ыйгарылган сыйлык – баарынан кымбат жана баарынан баалуу. Бул — «Биринчи мугалим» дипломуна ээ болуу жана Москва шаарына 10 күндүк маалымат арттыруучу саякатка баруу! Жеңүүчү мугалим Москвадагы дүйнөгө таанымал музейлерге, галереяларга, театрларга ж.б. барып, көрүп, күбө болот. «Миң уккандан бир көргөн» дегендей, ал келип, кесиптештерине, окуучуларына ажайып кооз нерселерди көргөндөрүн айтып берет. Мугалим өзү канчалык көп билсе, окуткан окуучуларына да ошончолук көп нерселерди үйрөтө алат эмеспи. Ошол эле биринчи орунду ээлеген мугалим сынакта экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген жеңүүчү эки мугалим классындагы окуучулар менен биргеликте дем алыш күндөрү Бишкек шаарына маданий маалымат арттыруучу экскурсияга келишет. Элестетсеңиз, бир класстагы 20-30 окуучу мугалими жана ата-энелер комитетинин өкүлү менен кошо Бишкекке келип, балким мурда көрбөгөн куурчак театрына барып спектакль көрүшөт. Андан тышкары борборубуздагы эң кооз жана тарыхый баалуу музейлерди кыдырат. Чындыгында балдар өздөрү айткандай, мурда Бишкекке келишсе да, кафеге тойлорго, кийим алуу үчүн базарларга барып, кайра кетишет эмеспи. Муну биз, мугалимдер жана ата-энелер мойнубузга алышыбыз керек жана «Биринчи мугалим» долбоорунун уюштуруучусу, мугалимдердин руханий байлыгын арттырууга салым кошуучу Асел Данияровадан үлгү алып, башка балдарды алып келбей эле коелу, өзүбүздүн эле балдарыбызды музей-театрларга алып барууну адат кылалы. Жеңүүчү мугалим менен Бишкекке келген окуучулардын, мугалимдердин кубанычтарында, ыраазычылыктарында эми чек жок. Ата-энелери да абдан ыраазы. Мен Асел Санжарбековнага жалпы мугалимдердин атынан терең ыраазычылыгыбызды билдирип кетким келет. Мугалимдердин билим куржунун толтуруп, руханий байлыгын арттырууда аткарып жаткан иштеринде ийгиликтер мол болсун.

Айгүл ЧОЛПОНБАЕВА,
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек башталгыч мектебинин мугалими.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер