АЙЫЛ ЖАШТАРЫ АЙТМАТОВ МЕНЕН АЛЫКУЛДУН ААЛАМЫНДА

  • 15.12.2022
  • 0

​Ош облусунун Өзгөн районундагы ​ Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан №50 Осмон Жакыпов атындагы орто мектебинин окуучулары ​ 12-декабрь Улуттук адабият күнүн ​ быйыл өзгөчө белгилешти. Алар демилгечи мугалимдердин нускоосунда ​ улуу ойчул, гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма”, “Гүлсарат”, «Кызыл жоолук жалжалым»,  “Ак кеме” повесттеринин негизинде кыска тасмаларды тартып, көрүүчүлөргө тартуулашты. Жаш киносүйүүчүлөрдүн эмгектеринин арасында Алыкулдун таза сүйүүсүн даңазалаган тасма да бар. Төмөндө видеофильмди жаратуучулар менен аткаруучулардын ой-пикирлери менен сиздерди тааныштырабыз.

АЙЫЛ ЖАШТАРЫ АЙТМАТОВ МЕНЕН АЛЫКУЛДУН ААЛАМЫНДА

 Мунара МАМЫТОВА, О.Жакыпов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, демилгечи:

— Бул күн кыргыз адабиятын өз чыгармалары менен бүт дүйнөгө тааныткан улуу инсан, Кыргыз Республикасынын эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыз поэзиясын жаңы нукка буруп, аз жашаса да, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү. Мурда мен окуучуларга эки залкар инсандарыбыздын адабият үчүн жасап кеткен эмгектерин кантип жеткирем деп көп ойлончумун. Буюрса эмгегибиз текке кетпеди. “Миң уккандан бир көргөн артык” деген чын экен. Окуучулар кыска көрүнүштөр аркылуу чыгарманын мазмунуна сүңгүп кирип, адамзат менен табияттын биримдигин туя алышты. Кыска-нуска кино тасмалар  коомдогу көз жаздымда калып келген көйгөйлөрдү талдоо үчүн окуучуларга даяр окуу материалы болуп калды. Тасмадан үзүндүлөр бардык көрүүчүлөрдүн купулуна толду деп ойлойм.

Алмазбек ЭШНАЗАРОВ, Өзгөн районундагы О.Жакыпов атындагы орто мектебинин директору, жаштардын насаатчысы:

Мага мугалимдер  «Кино тартууга жүк ташуучу унаа таба албай жатабыз. Айыл четиндеги кыш заводуна барып, бир-эки саатка да бош унаа сурай албадык. Ушул маселени чечип берсеңиз?” деп кайрылышты. Жумуш убактым бүткөндөн кийин, Куршаб дарыясы тарапка барып, шагыл ташуучу унааны кантип таап келүүнү ойлонуп жаттым. Айылда өзүм жакшы тааныган кишиге жолугуп, эртеси саат 11лерге унааңыз менен мектепке келиңиз десем, “Шагыл ала барайынбы?” дейт. Күлүп, “Жөн эле келиңиз!” дедим. Макул болду. ​
Эртеси Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасы боюнча тартылган “Делбирим” тасмасынан алгачкы үзүндүсү бир дубль менен эң сонун тартылды. Айыл жергесиндеги нукура адабият сүйүүчү жаштарыбыздын таланттарына абдан суктандым.
12-декабрь күнү биздин мектептин базасында “Ыр сабын кара сөзгө айланткан күн” аттуу райондук деңгээлдеги семинар өтүп, анда кыска тасмалар көрсөтүлдү. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Муратов Аязбек Султанович, райондук усулдук каананын усулчусу Жусуева Анара, Жусупбекова Нурхан, райондук мектептердин адабиятчы мугалимдери жана ата-энелер катышты.

​Жумалидин СОПУЕВ, О.Жакыпов атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими, тасманын оператору:

​Мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштегениме аз эле убакыт болду. Бирок жан дүйнөм адабиятты сүйөт. Кээ бир учурда кесиптештерим “адистикти жаңылыш тандап алыпсың, адабиятчы болсоң дурус болмок. Өзүң Алыкулга да окшоп кетесиң» деп калышат. Ыр жазууга шыгым болбосо да, көркөм окууну жактырам. Ыр окусам, өзүм жазгандай берилип, окуп жатканымды сезбей да калам. Адабият — менин жан дүйнөм. Жашоодо таппаган сулуулукту, көркөмдүктү адабияттан табам. Көркөм тасма тартуу — менин экинчи кесибим. Мунара эжеке баш болуп, адабият сүйүүчүлөр тобунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көпкө талдадык: кайсыл учурду, кимдин образын жарата алабыз, кандай шартта тартылат деп көпкө ойлондук. Окуучулар менен иштөөдө анчалык кыйынчылыктар болбоду. Алар Айтматовдун чыгармаларын тасмага тартылууга чейин кайрадан окуп чыгышыптыр. Алыкулдун образын жаратуу мага кыйла оор болду. Айдай Чотуеванын “Мезгил жана Алыкул” көркөм тасмасын бир нече ирет кайталап көрүүгө туура келди. Алыкулдун жашоосу көз алдыма тартылды. Ысык-Көлдүн көрүнүшүн алуу үчүн, айылыбыздын этегиндеги Кемпир-Абад суу сактагычын тарттык.

Жасмина НЫШАНБАЕВА, О.Жакыпов атындагы орто мектебинин окуучусу, “бейтааныш сулуунун” ролун аткаруучу:

​“Кызыл алма” чыгармасындагы “бейтааныш сулуунун” ролун мага сунушташканда, чексиз кубандым. Анан чыгарманы кайрадан окуп чыктым. Көркөм тасмасын көрүү менен өзүмдү даярдап жаттым. Акыры тасмага түшүүчү күн белгиленди. Тасма Куршаб айылындагы “Чынар бак” эс алуу жайында тартыла баштады. Биринчи жолу ролду аткаргандыктан, ары-бери өткөн адамдар баары мени карап тургандай болуп абдан сүрдөдүм. Бирок, баары ийгиликтүү бүттү.

Дастан АБАБАКИРОВ, О.Жакыпов атындагы орто мектебинин окуучусу, тасмада Темирдин ролун аткаруучу:


Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасындагы Темирдин ролун аткаруу мага сунушталды. Кичинекей кезимден бери бул тасманы бир нече жолу көргөн элем. Бирок, тасмадагы көрүнүштү өзүм аткарам деген ой менде болгон эмес. Ролду аткарууда көп жолу жаңылып жаттым. Себеби, көргөн оңой, ал эми аткаруу абдан кыйын экен. Бет маңдайыңда турган кызга алма сунуунун өзү оор тура! Тасмага түшүү мага абдан жакты. Монтаждалгандан кийин жалпы мектеп окуучулары, ата-энелер, сырттан келген коноктор менен биргеликте көрдүк.​ Абдан толкундандым. Баары мени карап жатышты.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер