АЙЫЛ БАШЧЫ МЕКТЕПТИ КЕРЕКТҮҮ КАРАЖАТТАР МЕНЕН ЖАБДЫДЫ

  • 23.01.2025
  • 0

Талас облусундагы Таш-Төбө орто мектебин жаңы жыл алдында Кең-Кол айыл өкмөтү тарабынан керектүү каражаттар менен мектеп камсыздалды.

АЙЫЛ БАШЧЫ МЕКТЕПТИ КЕРЕКТҮҮ КАРАЖАТТАР МЕНЕН ЖАБДЫДЫ АЙЫЛ БАШЧЫ МЕКТЕПТИ КЕРЕКТҮҮ КАРАЖАТТАР МЕНЕН ЖАБДЫДЫ АЙЫЛ БАШЧЫ МЕКТЕПТИ КЕРЕКТҮҮ КАРАЖАТТАР МЕНЕН ЖАБДЫДЫ

Маалыматка таянсак, айыл башчы Тилек Сакеев мектепке муздаткыч (холодильник), тамак бышыруучу чоң мескей (кастрюль), күнүмдүк колдонулуучу идиш-аяктар, ички жарыктандыруулар, т.а. мектептин коридору толук жаңыртылды. Ошондой эле Брайль шрифти менен жазылган мектептин аталыш тактасы, микротик аппараты, жылытуу системасынын автоматы алмаштырылды. Мындан тышкары телефон кутучасы орнотулду жана башка жууп тазалоочу каражаттар менен да толук камсыздалды. Демек, иштесе болот экен. Каражат жок дебей, билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүп жаткан айыл башчыга эл ыраазы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер