АЙТМАТОВГО МАЖАРСТАНДЫН УРМАТ-СЫЙЫ

  • 11.11.2021
  • 0

Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтыгы Кеңешинин Будапештеги Өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен “Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы” аттуу илимий-популярдык китеп  Бишкектеги “Улуу тоолор” басмасынан кыргыз, орус тилдеринде  жарыкка чыкты.

АЙТМАТОВГО МАЖАРСТАНДЫН УРМАТ-СЫЙЫ

Китептин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борборунда болуп өттү. Иш-чарага Мажар Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, түрколог, этнолог Даут Шомфаи Кара, Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов, Китептин түзүүчүсү, аталган Кеңештин Венгриядагы өкүлү Аида Памирбек Шомфаи, окумуштуу Абдылдажан Акматалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, китептин котормочусу Памирбек Казыбаев ж.б. окурмандар, журналисттер, жазуучулар катышты.

Залкар жазуучу Ч.Айтматовго арналган бул басылма Түрк Кеңешинин Мажарстандагы Өкүлчүлүгүнүн тектеш түрк элдеринин улуу инсандары жөнүндөгү алгачкы эмгеги болуп саналат. Китепте Мажарстандык чыгармачыл, илимий чөйрө өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандык авторлордун макала-маектеринде Ч.Айтматовдун өмүр баяны менен чыгармачыл бейнеси жана мурастары кыйла таасирдүү, нускалуу берилген.

-Мажар окурмандары үчүн кыргыздын уулу Чыңгыз Айтматов Орто Азиянын жарчы адамы. Анын чыгармаларында Ушул аймактагылардын ой-мүдөөсү, күнүмдүк турмушу, өз дүйнөсү тууралуу көз караштары, өзүнүн мекени жана замандаштары жөнүндө кандай сезим-туюмдар менен жашаганы чагылдырылат. Өз мезгилинде бул нерселер мажар окурманына жаңылык катары таасир эткен. Советтик мезгилде мажарлар Орто Азия республикаларыдагы адамдардын турмушу жөнүндө дээрлик билген эмес. Айтматовдун чыгармалары аркылуу тууган көчмөн элдердин турмушу тууралуу кызыктуу маалыматтарды ала баштадык. Бул басылманы окурманга сунуштап жатып айтайын дегеним, Чыңгыз Айтматов биздин да жазуучубуз болгон. Биз мажарлар кыргыз элинин улуу уулунун чыгармаларын өзүбүздүкүндөй көрөбүз. Жан дүйнөбүз Айтматов жана анын каармандары менен тууганчылыкта, -дейт элчи мырза Шандор Дороги өз сөзүндө. Белгилей кетчү жагдай, мындан 20 жыл мурун кыргыз кызы Аида жана мажар жигити Даут баш кошушканын биздин гезит жазып чыкты эле. Аиданын атасы, белгилүү журналист, изилдөөчү Памирбек Казыбаев өз сөзүндө 20 жыл ичинде Аида менен Даут эки элдин ортосуна чоң данакер болуп келишкенин кубануу менен баса белгиледи.

-Мындан ары да бекем ден соолукта, турмуштук ынтымакта болуу менен бирге бири-бириңе арка-бел болгула. Коомдук-илимий иштериңер илгерилеп, үзүрүн өзүңөр, эки өлкө бирдей көрсүн. Кыргыз-мажар жана жалпы тектеш мамлекеттер кызматташтыгына да зор салым кошкула,- деди П.Казыбаев өз сөзүндө. Акыйкатта бул китептин чыгышына кыргыздын күйөө баласы, белгилүү түрколог, этнолог Даут Шомфай менен кыргыз кызы, Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Аида Памирбек кызынын да эмгеги зор болду. Буга чейин  Мажар жигити, окумуштуу Даут Ч.Айтматовдун бир катар чыгармаларын кыргызчадан мажарчага которгон.  Кечеге келгендер кыргызча таза сүйлөгөн Даутка ыраазы боло, катуу кол чабышты.

Мажар эли Айтматовдун чыгармаларын бийик баалап, ызаат менен мамиле жасашат. Атам да кезегинде мажар элинин ийгилигине кубанып турчу, -дейт жазуучунун уулу Элдар.  “Мажар күндөлүгү” журналынын башкы редактору Золтан Яноши: Айтматовдун тебетейи астынан бүгүн бизге дүйнөлүк адабияттын нуру тийип турат. Анын ичинде мажар шооласы да бар,- деп жазса, тарыхчы, түрколог , Түрк Кеңешин Мажарстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Янош Ховари: Айтматов жалпылап алганда түрк дүйнөсүнүн Гомери жана Габриэль Маркеси эмеспи деген ойго кетесиң, -деп жазгандары бар. Демек, Айтматовдун чыгармалары мажар топурагында терең тамыр жайып, рухий дүйнөсүндө түбөлүктүүлүккө айланып баратат десек аша чапкандык болбос. Буга аталган китептин ачылышындагы сүйлөнгөн сөздөр да күбө боло алат.

Тушоо кезүү аземинде Айтматовдун уулу Аскар Айтматов да чыгып сүйлөп, Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Мажарстандагы өкүлчүлүгүнө, Мажарстандын КРдагы элчилигине, китепти басып чыгарууда кызматташкан бардык авторлорго терең ыраазычылыгын билдирди.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер