АЙТМАТОВГО  АРНАЛГАН ӨМҮР

  • 25.04.2023
  • 0

Илим чөйрөсүндө “Айтматов десек Акматалиевди түшүнөбүз” деген кеп бар. Бул жөн жерден чыккан сөз эмес. Бул Айтматов менен Акматалиевдин ортосундагы ата-баладай, ага-инидей болгон мамилелерден улам чыккан сөз.

АЙТМАТОВГО  АРНАЛГАН ӨМҮР

Абдылдажан Акматалиев Чыңгыз Айтматовдун жанында жыйырма сегиз жыл жүрдү. Ал жөнүндө, анын чыгармалары, чыгармачылыгы жөнүндө жүздөгөн илимий макалаларды жазды, ондогон терең талданган, омоктуу ойлорго сугарылган илимий изилдөөлөрдү жаратты.

Чынында эле кыргыз илимпоздорунун ичинен аалам жазуучусу Айтматовго жакындап, мамиле түзүп, чыгармаларын, чыгармачылыгын изилдеген, сыр чечишип, чер жазышкан жалгыз Абдылдажан Акматалиев болду. Мындай мамилени Айтматов өзү да “Кыргызстанга келгенде, эң оболу Абдылдажанды издейм, ал мага эң жакын адамдардын бири…” деп тастыктаган экен. Дагы бир жолкусунда “Өзүмө ишенгендей сага ишенем” деген сөздөр жазылган катын да жолдоптур. Мына ушундай фактылар эле бул эки академиктин ортосундагы мамиле канчалык жакын, канчалык ысык экенин далилдеп турат.

Сапалкан Арипов айткандай, бул эмгек чындап эле Абдылдажан Акматалиевдики.

– Залкар сүрөткер Ч.Айтматовго жагыш кыйын эле, алгач аны этибарга алышпаганы да ачуу чындык. Жан алы калбай, шашып жүргөн, илимий иштерин биринин артынан бирин жазып жүргөн мээнеткеч инсан катары гана санашкан. Мэлистин таскагы андан кийин чыкты. Ана, көрүп ал! Казак адабиятын, аты-жыты чыккан жазуучуларынын, дегеле казактар өздөрү жакшы түшүнө элек жазуучуларынын ичи-койнуна кирип, материал чогултту. Алардын чыгармаларына талдоо жүргүзүп, кыргыз менен казак элинин адабий байланышын шурудай тизип жазып чыкты. Казактарга казак адабиятын тааныштырган кыргызга кимдер кол чаппайт. Колдор чабылды. Илимий иши жогору бааланып, мамлекеттик жогорку сыйлыкка арзыды, — дейт Сапалкан Арипов “Кумурска” аттуу эмгегинде.

Ооба, чынында эле ошондой. Сапалкан агай айткандай, анын эмгеги тоо булагындай жылжып барып акырындап чоң дарыяга – адабият таануу илимине кошулду. Ал өз Айтматовун тапты. Ак эмгегинин акыбети кайтып, “Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы” деген монографиясы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына арзыды. Ошентип, мамилелер күндөн-күнгө, жылдан-жылга бекемдей берди. Бири-бирине болгон ишенимдер арта берди. Акматалиев “Эл аралык Айтматов клубу” менен “Эл аралык коомдун Ч.Айтматов академиясын” негиздеди. 1994-жылы Түркияда Айтматов күндөрүн өткөрдү.

– Акматалиев окурмандардын арасынан жазуучунун жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгу сезимдерге сугарылган “Уу үстүндөгү гүлдөгөн гүл” фельетонун окуган жалгыз адам. Фельетон эч бир жерге жарыяланган эмес. Анын басма сөз каражаттарына берилбей калышына башкы себепчи да А.Акматалиев болгон. Бул учурунда улуу устаттын шакирттин жүйөлүү кебине муюшу эле, — дейт Сапалкан Арипов.

Айтматов өзү да “Улуттук маданиятыбыз Акматалиев сыяктуу берендерге жүктөлсүн. Ошондо өз баркыбыз менен өнүгөбүз” деп илимпоздун эмгегин жогору баалады. Ошого жараша А.Акматалиев
Айтматовдун кылган мамилесин иши менен далилдеп, болгон чыгармачылык дараметин Айтматов таануу илимине жумшап, мүмкүнчүлүгү жетишинче, колунан келишинче жазуучубузду окурмандардын эсине, коомчулукка шардана кылып келет. Мисалы, ал илим жолуна түшкөн 80-жылдардан бери жетимишке жакын китеп, монография жазса, анын отуз төртүн Айтматовго арнады. Байкап көрсөк, 1981-жылдан бери ар бир жылда жок дегенде үчтөн эмгек жаратса, анын бирөө сөзсүз Айтматовго таандык экен. Мисалы, 1981-жылы Ч.Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы”, 1988-жылы “Ч.Айтматовдун чыгармачылык жолу”, “Айтматовго таасирленүү”, “Ч.Айтматов жана боордош элдер адабияты”, 1991-жылы “Чингиз Айтматов и взаимосвязи литератур”, “Слово об Айтматове” аттуу эмгектерин жараткан. “Чингиз Айтматов: Жизнь и творчество” аттуу кыскача очерки орус, англис, француз, немец тилдеринде жарык көргөн.

А.Акматалиевдин эң жемиштүү иштеген жылдары 2000-жылдардан берки мезгил экен. Бул жылдары кырктан ашык эмгек жаратып, кыргыз адабият таануусуна эң керектүү ондогон китептердин чыгышына демилгечи болду. Анын арасында Ч.Айтматовдун 5, 8, 10, 12 томдуктары, “Айтматов энциклопедиясынын” үч томдугу да бар.

Акматалиев үчүн Айтматов дүйнө салган жыл жана андан кийинки жылдар абдан оор болду. Аны жоктоп “Айтматов бар Аалам толук көрүнчү”, “Аалам атын Айтматовго беришип”, “Өмүрдөн Сиз кетпей деги койсоңуз” деген ыр топтомдорун жазды. Сапалкан Арипов айткандай, аны жөн жазган жок. Ыйлап жазды. Муңканып жазды. Улуу Адамга болгон кусалыгын, арыз-арманын, күйүтүн алакандай кагаз бетине түшүрдү. Кагаз бетине тамчылаган көз жаштар поэзия берметтерине айланды. Сөз куралды. Поэтикалык саптар жаралды. Жөн саптар эмес Акматалиевдин Айтматовго болгон, жыйырма сегиз жыл жанында жүрүп, ата-баладай, ага-инидей болгон мамилелердин туундусу болду бул ырлар.

Ушул эмгектеринин биринде Акматалиев минтип жазат: “Жан дүйнөсү өтө сезимтал, наристедей таза, жаш баладай ишенчээк, өспүрүмдөй романтик, жаш жигиттей ачык айрым, жайкалган акылман аксакалдай айкөл, кең пейил, океандай терең болчу. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн мен жаздын жылуу-жумшак, мээрим төккөн күн нурун, жыпар-жыттуу алма багы гүлдөгөн апакай учурун, чокусу асман тиреген бийик-бийик аска-зоолорун, тоолорун, мелмилдеп жаткан көгүлтүр көлүн, шаркырап агып жаткан дайрасын, кызыл-тазыл гүлдөргө оролгон шаарларды, мына ушу сыяктуу пейзаждуу картиналарды көрөр элем. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн адамдарга болгон жылуулукту, сулуулукту, суктанууну, жакшылыкты, тазалыкты, адамгерчиликти, боорукерликти, гумандуулукту дагы-дагы көптөгөн топтолгон, уюган алтындай касиеттерди байкаар элем. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн кичүүлөргө ызаатты, улууларга урматты, кыргыз элинин каада-салттарын, Чыгыш менен Батыштын дүйнөлүк руханий дөөлөттөрүнүн тогошкон, ширелишкен мезгилин сезээр элем. Айтматовдун жан дүйнөсүнөн тээ бала кезден өмүрүнүн аягына чейин уланып, нөшөр сымал төгүлүп келген улуу эпосубуз “Манастын” жаңырып турганын угар элем”.

Акматалиев “Манас” эпосунун Айтматовдун инсан болуп калыптанышына, чыгармачылык жактан өсүп-өнүгүшүнө тийгизген таасири, андан алган таалим-тарбиясы тууралуу жакында эле чыккан “Манас”: талаш, таймаш, баалаш…” аттуу 400 беттен ашуун көлөмдүү эмгегинде да өзгөчө орун берген. Бул китепте автор Ч.Айтматов менен бирге кыргыздын акын-жазуучуларына да эпостун тийгизген таасири, алардын отузунчу, элүүнчү, сексенинчи жылдары эпосту сактап калууга, анын элдүүлүгүн далилдөөгө кошкон салымы жана анын айланасында болгон талаш-тартыштарга кайрылып, обьективдүү баа берүүгө аракет кылат. Автор айткандай, “Манас” эпосу биздин алгачкы акын-жазуучулардын инсан болуп калыптанышына кандай таасирин тийгизсе, эпостун айланасындагы карама-каршылыктар тескерисинче, ошончолук ыркын кетирип, көбүн кайгыга салган, айрымдарынын өмүрүнүн акырына чейин коштоп келген. Бул чындык.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер