«АЙТМАТОВДУН КЫТАЙДАГЫ ТААСИРИ»

  • 13.12.2021
  • 0

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына карата «Айтматовдун кытайдагы таасири» аттуу адабий кече  өткөрдү. Кечеге Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы Фуцзянь провинциясынын соода палатасынын төрагасы Лин Цзиндиан,  Ч.Айтматов боюнча Кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжэн, Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук-окутуучулук курамы,  студенттер катышты.

"АЙТМАТОВДУН КЫТАЙДАГЫ ТААСИРИ"

Иш-чарада жазуучунун “Тоолор кулаганда” чыгармасынын негизинде “Жаабарс” сахналык көрүнүшү тартууланды. Ошондой эле кыргыз, кытай тилдеринде чыгармаларынан монологдор айтылып, иш-чара сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер менен коштолду.

Адабий кеченин жүрүшүндө Ч.Айтматов боюнча кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжен «Ч. Айтматов жана Кытай» деп аталган темада баяндама жасап, студенттердин суроолоруна жооп берди.

«Чынгыз Айтматовдун кытай тилине которулган чыгармаларын кызыгып окуйм, кытай тилине жарык көргөн чыгармаларынын баарын өзүм топтоп келем. Алтымыш жылдан бери Айтматовдун чыгармалары бир нече жолу которулуп, басмадан чыгып келет. Кытайдын Шанхай шаарында жайгашкан Чыгыш педагогикалык университетинде «Ч. Айтматовдун чыгармаларын изилдөө борбору» да бар. Борбор тарабынан жазуучунун чыгармалары изилденип келүүдө», — деди Рен Чжен.

Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы Фуцзянь провинциясынын соода палатасынын төрагасы Лин Цзиндиан,  Ч.Айтматов боюнча Кытайдагы эксперт-изилдөөчү Рен Чжэн иш-чаранын алкагында  Чынгыз Айтматовдун кытай тилине которулган китептерин ОшМУнун жана Кыргыз-Кытай факультетинин китепканасына белекке тапшырды. ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастурахан Шарипова Кытай элинен келген конокторго ыраазычылык билдирип, окуу жайдын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды.

Кечеде окурмандар үчүн жазуучунун кытай тилине которулган 40 тан ашуун китептеринин көргөзмөсү, кытай элинин салттуу каллиграфия жана сүрөттөрү жарманкеге  коюлду.

Бүгүнкү күндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 165тен ашык тилге сүйлөйт. Кытай тилине алгачкы ирет 1961-жылы “Жамийла” повести которулса, учурда жазуучунун дээрлик бардык чыгармаларын  кытай тилинде окууга болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер