«АЯН» МЕНЕН «БИЛИМ АЗЫГЫ» МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТТУ

  • 31.01.2023
  • 0

Ош областына караштуу Ноокат районунун «Кеңеш» орто мектебинин жалпы жамааты, алдыда боло турган Эл аралык баалоо программасына даярдык көрүү менен бирге, PISA 2025 тууралуу толук маалымат алды.

«АЯН» МЕНЕН «БИЛИМ АЗЫГЫ» МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТТУ

Мугалим — коомду тарбиялоочу инсан катары бардык жаңы заманбап методикалардан кабардар болушу керектиги айтылып келет. «Кеңеш» орто мектебинин мугалимдери кызыгуу менен бул жаңы багыт тууралуу кандай иш алып барууну пландоону билип үйрөндү. Билимге жапа тырмак салым кошуу ар бир инсанды милдети эмеспи.  “Аян” окуу борбору менен “Билим азыгы” мугалимдер коомдук бирикмеси биргеликте жалпы мугалимдерди PISA 2025 багытында жана компьютердик сабаттуулук, онлайн платформалар менен иштөө боюнча окутту.

Азыркы билим берүү системасы чыгармачыл ойлоно турган, маселеден көйгөйдү көрө билген, көйгөй чечүү жолун таба ала турган, аны чечүүдө өзү өздөштүргөн билимдерди колдоно ала турган жаштардын болушун талап кылууда. Бул багытта эл аралык билимди баалоо программасы иш алып барып бүгүнкү күндө өнүккөн мамлекеттер өз билими тууралуу объективдүү маалымат алууда.

Биздин өлкө алдыда боло турган Эл аралык баалоо программасына катышарын билдирген. Аталган эл аралык билим баалоо программасы жалпысынан 15 жаштагы окуучулардан тест алат.  Кыргызстан негизги үч багытта катышат. Бул окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук жана негизги деп аталган табият таануу сабаттуулугу.

  • Келечекте алтын муунду жаратууда коомчулук билимге салым кошуусу керек. Алдыда жыйынтыктар жогору болушуна тилектешпиз, — деп билдирет тренингдин жетекчиси Кундуз Арапова.
Бөлүшүү

Комментарийлер