АЙ ЖАРКЫН КИШИ – АЙБЕК ТҮМӨНБАЕВ АЛТЫМЫШТА

  • 08.11.2021
  • 0

Кыргыз улуттук университетинин жыйын залында 7-ноябрь — Улуттук басма сөз сөз күнүнө жана Журналистика факультетинин окутуучусу, акын, жазуучу Айбек Түмөнбаевдин 60 жылдык мааракесине арналган “ХХI кылымда журналисттик кадрларды даярдоонун маселелери жана учурдагы талаптар” деген темадагы тегерек стол чыныгы майрамдык маанайда өттү.

 

Ак көӊүл киши бай болот

АЙ ЖАРКЫН КИШИ – АЙБЕК ТҮМӨНБАЕВ АЛТЫМЫШТА

Калемдештер маараке ээсин куттуктап, жашоо таризиндеги, чыгармачыл жолундагы өзгөчөлүктөр тууралуу сөз кылышты. “Ак көӊүл киши бай болот” деген таанымал сапты кайталап, анын авторунун кышында муз жарып сууга түшкөн өнөрүн, бала пейил, шайыр, ачык-айрым мүнөзүн айтышты. Кыргыз адабиятынын аксакалы Түгөлбай Сыдыкбековду ой-боюна койбой көндүрүп интервью алганы, алдын ала макулдашылып түзүлүүчү демейки “салттуу”, өтө ыӊгайлуу суроолорду эмес, уккан адамды ойлонтпой койбой турган күтүүсүз, “тентек” суроолорду жаадырып, алп романчыны таӊ калтырганы ошол кезде көпкө чейин уу-дуу сөз болгон. Муну менен катар биринчи президент Аскар Акаевдин “сүйлөбөс” апасын сүйлөтүп, гезиттин эки бетине толгудай мазмундуу, окумдуу кылып даярдаган маегин да таланттуу журналисттин калемдештери маашырлана эскеришти.

Университеттин проректору Садык Алахан маараке ээсинин бийик адамгерчилигин, окутуучу катары студенттерге абдан жакын, сырдаш киши экенин белгиледи.

Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев “1924-жылы “Эркин-Тоо” гезити чыккан кезден эмес, байыркы Орхон-Енисей жазууларынан башталган” кыргыз журналистикасын азыркы доордо өнүктүрүү боюнча бир катар ойлорун ортого салды.

Түрк кеңештин башкы катчысынын орун басары, КР эл жазуучусу Султан Раев Түркиядан видео саламын жолдоп, калемдештерин куттуктады, досу Айбектин ажайып пейилин, кесипкөйлүгүн айтып, 1990-жылдарда «Кыргыз руху» гезитин чыгарып жүргөндөгү кызыктуу окуяларды эскерди.

Төргө өтүӊүз, Айбек агай

Факультеттин деканы Айна Дуйшекеева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУУнун ардактуу профессору Абдиламит Матисаков, “Сары Өзөн Чүй” мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Калыбек Тайтекеев, спорт журналисти Кабыл Макешов, эркин журналист Гүлзада Шаршеналиева, КР Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынын жетектөөчү адиси Элмира Мадиева, Биринчи радионун баяндамачысы Таалайкул Чабдарова жана ушул эле радионун кызматкери Зинакан Кайыпова юбилярды куттуктап, кыргыз журналистикасына тиешелүү орчундуу маселелерди сөз кылышты.

Иш чаранын соңунда Айбек Түмөнбаевдин сөзүнө жазылган “Арман” ырын белгилүү ырчы Жаннета Бобкованын аткарды. Факультеттин студенттери агайынын ырларынан көркөм окушту.

(Айсулуу Советованын макаласынан)

АЙ ЖАРКЫН КИШИ – АЙБЕК ТҮМӨНБАЕВ АЛТЫМЫШТА

АЙ ЖАРКЫН КИШИ – АЙБЕК ТҮМӨНБАЕВ АЛТЫМЫШТА

Калемдештердин айтканы

Зинакан Кайыпова:
— Азыр катардагы жарандар эмес, журналисттер, мугалимдер да көп ката кетире баштады. Бул өтө уят! Сөздүк менен иштейли. Турмушка узатарда кыздардын себине сөздүктөрдү кошуп берели. Сабатсыз жазуудан арданалы, наадандыктан арылалы!

Т. Чабдарова:
— Мекенчил болуу зарыл. Улуттук баалуулуктар эскирбейт, элге, жаңы муунга жеткирип туруу керек. Публицистикага көңүл бурбай калдык. Аны илимий изилдөөлөр керек. чыныгы публицисттер – коомдун күзгүсү, өлкө жашоосундагы бардык чөйрөлөрдү терең талдап, даана түшүндүрүп берет. билимибизди жаӊылап, унуткандарыбызды эстей жүрөлү. «Эмгек сиңирген» болсок да, окуп-үйрөнүүнү токтотпойлу.

 

Жолдош Турдубаев:

— Айбек Түмөнбаев менен замандаш, калемдеш эле болбой, Айнек зоотуна  чукул жанаша түшкөн кош кабаттуу ак тамда – Илимдер академиясынын мурдагы жатаканасында кошуна да туруп калдык. Устаттар, шакирттер, чыгармачылык тууралуу сүйлөшчүбүз, сырдашчубуз. Көптөгөн ырларын адегенде мага окутуп, пикиримди сурачу. Мисалы, “Ысык-Көл – 2003” конкурсунда ырдап чыгып баш байгени – “Волга” машинесин уткан ырдын текстин дал ушул ак көӊүл киши Айбек Түмөнбаев жазгандыгын кечээ жакынга чейин көпчүлүк билбей келди.

Чын ыкластуу, кеӊ пейил кишиге ыймандай сырын айтуудан эч ким тартынбайт эмеспи. Айбек байкеге атайын кездешип, көкүрөктөгү ой-санаасын айткан адамдар көп болчу эле. Бир жолу окуусун 3-курстан таштап салып Россияга кеткен студент кыз издеп келип, чай алып бергенче өзүнүн балалык кезинен баштап кийинки көргөн-билген, түшүнгөн нерселерине чейин сүйлөп берген экен. Ошол баянды иштеп чыкса, сонун сюжет болмок.

Жакшы адам өзүнө окшош кишилерди бир тууганындай эле көрөт. Боорукер, күйүмдүү, башкаларга жарыгы тийген замандаштары жөнүндө сөз кылганда, Айбек байкенин жүзүнөн нуру төгүлөт. Баланча мындай ыр окуп / окуя айтып берди, түкүнчө минтип күлдү, тамашалады деп калчу ошол жылдары.

Алтымыштын ашуусун ашкан Айбек Түмөнбаев дагы эле ошол жаркылдаган шайыр мүнөзү, ак пейили менен адамдардын көӊүлүн агартып, шакирттерине жол көрсөтүп келатат.

(Бүгүн биздин гезитке өзүнө арналган эмес, өзүнүн башка темадагы ырларынан да эмес, мектепте окуткан мугалими жөнүндө жазган ырын жарыялап коюуну өтүндү).

АЙ ЖАРКЫН КИШИ – АЙБЕК ТҮМӨНБАЕВ АЛТЫМЫШТА

Хасан агай жубайы Эмма эжей менен

Хасан агай

 

Орус тил, адабият сабагынан

Окуткан бир учурда Хасан агай.

Азыр мен алтымыштын кырындамын

Арадан өттү убакыт далай, далай.

 

Зыңкыйган жигит эле кычыраган,

Ар убак үтүктөлгөн костюм, шымчан.

Балабыз, баарыбызга таасирдүү  эле,

Басканын, сүйлөгөнүн үлгү туткам.

 

Учту жылдар удургуган булуттай,

Жүрөсүзбү дале бизди унутпай.

Жүдөп-какап жашап келем чалынып,

Өзүңүздөй бийик адам боло албай.

 

Суктандырат дале бизди бийиктик,

Улуу тоосуз, таазим этем ийилип.

Оюн салып оргуштаган булактай

Ушул ырды арнайм Сизге сүйүнүп.

 

28.08.21.

 

Өз кабарчы.

Фотолор: https://www.knu.kg/ky/index.php?option=com_content&view=article&id=7951:-i-&catid=909:-011012&Itemid=1

 

Бөлүшүү

Комментарийлер