АВТОРДУК АДЕП – БИЙИК НАРК

  • 20.12.2021
  • 0

Бирөөнүн жазганын шилтеме бербей көчүрүп алганды плагиат (текст уурулук) дейт. Мындай жосунга баргандар чет өлкөдө катуу жазаланат. Илимий чөйрөдө эле эмес, күнүмдүк турмушта деле башка бирөөнүн оюн же жасаган эмгегин пайдаланып жатканда кимдики экенин же кайсы булактан алынганын айта жүрүү – бул адептүүлүктүн белгиси.

Бирок азыр мен өзүм таптым, өзүмдүн гана идеям дегендер көбөйгөн заманда эл аралык тажрыйбага таянып, бекем эреже киргизүү зарыл болуп калды. Ошондуктан төмөнкү кеӊештерди дайыма эске ала жүрөлү. Мен муну англисчеден котордум. Булагына шилтеме тексттин этегинде келтирилди.

***

Оозеки же жазууда колдонулган булактарга туура шилтеме жасоо илимпоз же агартуучу үчүн демейки эле көрүнүштөй сезилиши мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, бул өтө зарыл талапка маани берилбей калган учурлар көп кездешүүдө.

Исаак Ньютондун бул сөздөрү өтө көп эскерилет: «Мен алптардын ийинине чыкканым үчүн гана эӊ алысты көрүүгө жетиштим». Бул ой пайдаланылган маалыматтын булагын көрсөтө жүрүү канчалык зарыл экенин туюндурат.

Албетте, илимпоздор булактарга туура шилтеме жасоодо кылдат болушу керек.  Эгер кээде кимдир бирөө пайдаланылган булактарга шилтеме бербей калса, кандайдыр бир себеби бардыр?  Кантсе да ушул теманы карап көрөлү да, шилтеме берүүнүн мааниси жөнүндө сөз козгойлу.

  1. Шилтеме берүү фактыларды текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ар бир жазууда, айрыкча илим тармагында жазганыбызда, тактык зор мааниге ээ.  Шилтемедеги булактарды текшерип көрүү менен, маалыматтын аныктыгын жана колдонулган идеянын туура же туура эместигин байкап, макала акырында берилген адабият тизмесин талдап, окшош изилдөөлөрдү салыштыруу мүмкүнчүлүгү туулат.

  1. Булактарды колдонуу сиздин мыкты изилдөөчү болушуӊузга жол ачат.

Жакшы изилдөөнүн айрым белгилерине майда-чүйдө деталдарга чейин көңүл буруу жана үлгүлөрдү аныктоо жана аларды байланыштыруу жөндөмдүүлүгү кирет. Жакшы цитата колдонуу да пайдалуу. Булактарга жасалган туура шилтемеде көптөгөн деталдар, мисалы, колдонулган макала жарыяланган китептин бети, автордун аты-жөнү, ошондой эле сиздин макалаңызда же башка эмгекте келтирилип жаткан фактылардын тактыгы белгилениши мүмкүн.

Ушундай майда-чүйдө деталдарга кылдаттык менен мамиле кылуу сиздин изилдөөчү катары кесипкөй адатыӊыз болууга тийиш.  Булактагы негизги идеяларды байкай билүү жөндөмүнө келсек, жакшы иштелген библиография ушул жагынан абдан пайдалуу болот.

  1. Жакшы цитата келтирсеӊиз, сөзүӊүздүн таасири артат

Биз баарыбыз жазган эмгегибиздин мазмуну мыкты чыгышын, шилтеме эрежелери кынтыксыз сакталып, ынанымдуу болушун каалайбыз.  Биз келтирген ар кандай фактыларга байланыштуу конкреттүү булактардын шилтемесин көрсөтүү менен биз интеллектуалдык жалкоолуктан, бүдөмүк ой жүгүртүү жана чаржайыт жазуу адатынан арылабыз. Таза иштесек, эч ким өтө үстүрт, жалпы, белгилүү эле калыпта жазыпсыз же ойлоруӊуз чындыкка туура келбейт деп сизге доомат коё албайт.

Булактарды туура белгилеп келтиргениңизде, сиз окурмандарыңыздын шектенүүсүнө, кыжаалат суроолорго байлануусуна жол койбойсуз. Туура шилтеме жасаган болсоӊуз, айткан жүйөлөрүӊүз окурмандын, редактордун же рецензенттин күдүк ойдо калуусуна мүмкүндүк бербейсиз.  Жакшы цитата келтиргенде, сиз академиялык же илимий эмгегиӊизди шектүү мазмундан арылтасыз.

  1. 4. Булактарды туура колдонуп шилтеме берүү сиздин илимий камылгаӊызды көрсөтөт.

Шилтеме жасоо, адабияттарды туура көргөзүү менен сиз макалаңызда, диссертацияңызда, китебиңизде колдонгон ар кандай булактардын тизмегин келтиресиз.  Ошентип, кеңири библиография, албетте, көп окуган жана жакшы маалыматка ээ илимпоздун өзгөчөлүгү болуп саналат. Бул сиздин ошол илимий булактарды окуганыӊыздын көрсөткүчү.

Мисалы, мен колдонгон адабияттардын абдан көп болушун кесиптештерим жактырышкан.  Илимий журналга макала жибергенде, окумуштуулардын эң көп жана катаал сын-пикирлери дал ушул колдонулган булактарга байланыштуу болот. Макаланызды окуган адистин эмне үчүн белгилүү илимий адабиятты колдонуп, шилтеме берген жоксуз дегени эң олуттуу сын болот. Бул өз тармагын жакшы билбейт деп сизге начар баа койгон менен барабар.

  1. Кылдаттык менен цитаталарды колдонуу сиздин окумуштуу катары аброюнузду арттырат.

Чынында, булакты көрсөтүү — бул жакшы цитаталуу макаланын белгиси. Булактарга жакшы шилтеме берген изилдөөчүлөр өз тармагындагы кесиптештеринин арасында ишенимге ээ болуп, кадыр-баркы өсөт. Изилдөөңүз жана жүйөлөрүӊүз канчалык жакшы эреже сактоо менен шилтемелерге негизделген болсо, илимдеги кесиптештериңиз үчүн ошончолук ишеничтүү болосуз.

  1. Цитата сиздин илимий ишиңизди жакшыраак текшерүүгө мүмкүндүк берет.

Ар кандай академиялык текст басылып чыкканга чейин бир нече жолу текшерилет. Рецензент болобу, редактор болобу же редактордун жардамчысы болобу, алар сиздин библиографиядагы булактарды тактап, цитаталардын так экенине ынанышы керек. Демек, эгер өзүңүздүн маалыматыңызды так жазып, колдонулган адабияттарды туура көрсөтүп, бардык тийиштүү булактарга шилтеме жасап, кылдат иштесеӊиз, анда сиздин макалаӊызга сын пикирлер өтө аз же жок болуп, ал текшерүүдөн тезирээк жана оӊоюраак өтүшү мүмкүн.

Neeraja Sankaran, Ph.D.

https://falconediting.com/en/blog/6-reasons-why-citation-of-sources-is-important-when-writing?fbclid=IwAR1Ml19LDdLAYGxIAs0A23esSNk7neKw4BDmlvt0wDQJuq5V_EAUe3Cdw-Y

Иллюстрация интернеттен алынды: https://kursoviks.com.ua/9-zapret-plagiata-pri-napisanii-studencheskikh-rabot-v-ssha

Англис тилинен которгон Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору

Бөлүшүү

Комментарийлер