АВТОР БОЛУӉУЗ

  • 21.06.2020
  • 0

АВТОР БОЛУӉУЗ

 

Биздин негизги окурмандар да, авторлор да – мугалимдер. Гезитке жазайын деп, бирок тартынган, жаза келгенде оюн ырааттуу бере албаган, тажрыйбасы жокко эсе агай-эжейлер көп. Колго кагаз-калем алганда эмнеден баштоо керек? Кайсы жоболорду эске алуу керек? Калемди кантип “курчутуп, төшөлтүүгө” болот? Бул ишке эмнелер тоскоолдук кылат? Ушул жана башка суроолорго чогуу жооп издейли.

 

Сиз да жаза аласыз!

 

Албетте, жазып-сызганга шык-жөндөм керек, бирок такыр эле шыгы жок адамдар болбойт. Эч качан жаза албайм дебеӊиз. “Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот”. Тил – ар бир адамдын шыбагасына буюрган рухий касиет. Ар ким сөз байлыгын арттырып, сабаттуулугун өнүктүрүп, өзүнүн оюн оозеки да, жазуу жүзүндө да жеткиликтүү туюнтууга машыга берсе, ийгиликке жетпей койбойт.

Тескерисинче, кайсы бир тилде көпкө чейин баарлашпай, жазбай калганда, унута баштайбыз. Адегенде өзүӊүз гана окуган күндөлүккө жаза баштаӊыз. Кааласаӊыз, башынан эле кесиптештерге, досторго жана башка жакындарга окутуп, сын пикирлерин, текстти жакшыртуу боюнча сунуштарын угуӊуз.

“Ой, сонун жазыпсыӊ! Укмуш! Шедевр!” – деген мактоолор көпчүлүк авторлорго майдай жагат, бирок сиз мактоо угуш үчүн эмес, чындап жазганды үйрөнүш, тажрыйбаӊызды арттырыш, чеберчилик деӊгээлине жетиш үчүн жазып жатканыӊызды унутпаӊыз. Ошондуктан сын пикирлерге көбүрөөк көӊүл буруӊуз, каталарды көрсөтүп берген кесиптештерге, окуучуларга алкыш айтыӊыз. Ал турсун жөн эле сын таккандай көрүнгөн сөздөргө деле терикпеӊиз. Сын пикир жаӊылыш экенин анык билсеӊиз деле андай эмес, мындай деп талашканга шашпаӊыз. “Ойлонуп көрөйүн (көрөлү)”, — деп коё туруӊуз. Эртеси же башка эле бир күнү сөздүн ыӊгайы келип калганда: “Баягы сөз мындай жазылат экен, китептен карадым (баланчадан сурадым)” – десеӊиз болот. Ошондо деле сындаган адам өзүнүкүн бербесе, талашпаӊыз.

Канчалык кыйналсаӊыз да, тажасаӊыз да, жактырбаган кеп-сөздөрдү көп уксаӊыз да, токтотпой жаза бериӊиз. Жок дегенде өзүӊүз гана окуган күндөлүккө жазып жүрсөӊүз, ким каршы боло алат?

 

Окуу китептерди барактай жүрүӊүз

 

Айтылуу Салижан Жигитовдон бир сабак. Ал таланты эле эмес, эмгекчилдиги, ишке тыкан, жоопкерчиликтүү мамилеси менен да зор бийиктиктерге жетишкен эмеспи. Кыргыз Совет энциклопедиясынын мыкты редакторлорунун бири болгон, башка редакторлорго дайым жол көрсөтүп, кыргыз тилинин илимий-популярдуу стилинин калыптанышына чоӊ салым кошкон.

Акаевдин тушунда Илимдер академиясынын тилчи окумуштуулары президентке кат жазып, Тил институтуна кошумча жардам сурашканда, аларды жарым беттик текстинен С. Жигитов бир кочуш ката таап, гезитке жарыялап, катуу уяткарган.

Ошончолук сабаттуу болсо да, кээде мектептер үчүн жазылган кыргыз тили китептерин барактап калчу дешет. Таӊ калып сурагандарга, окуй жүрбөсөк, билгенибизди да унутуп коёбуз деген экен.

 

Редакциялаӊыз

 

Жазган макалаӊызды 1-2 күндөн кийин карап чыксаӊыз, башында байкалбаган каталарын, кемчиликтерин көрөсүз. Бирок кээде тексттин баштапкы версиясы (баары болбосо да, айрым жерлери) кийинкисинен жакшы болушу ыктымал. Өзүӊүз редакциялап бүткөндөн кийин текстти бул тиркеме аркылуу текшерсеӊиз, билбестиктен эмес, байкоостон кетип калган каталарды көрсөтүп берет (бирок алкакка текстиӊизди мыш менен сала албайсыз – клавиатура аркылуу коёсуз: ktrl + v): https://tamgasoft.kg/orfo/

«Ката текшергичтин виндоустун кийинки версияларына жарагыдай жаӊысын иштеп чыктым, жакында колдонууга берилет», — деди эле бул тиркеменин түзүүчүсү Руслан Чодоев. Ошондо тиркемени эле компьютерге жүктөп алсак, каалагандай текстти ордунда эле текшертүү мүмкүнчүлүгү пайда болот окшойт.

Айтмакчы, кыргызча “ө”, “ү” жана “ӊ” тамгалары баардык компьютерлерден табылат, аларды ворддогу “Вставка” –→ “Символ” → “Другие символы” функциялары аркылуу орнотуп алсаӊыз болот. Эгер такыр эле орното албасаӊыз, анда бизге жибере турган текстти тергенде бул үч тамганын ордуна негизги алфавитке кирбеген белгилерди (мисалы, “ө” тамгасынын ордуна “=”, “ү” – “ъ” же “”, “ӊ” – “щ”) жазсаӊыз, автоматтык түрдө үч эле команда менен оӊой алмаштырып алабыз.

Тексттерди салыштырыӊыз

 

Педагогикалык практиканын баштапкысы пассивдүү деп аталчу эле го. Студент мектепте иштеген тажрыйбалуу мугалимдин сабактарына катышып, классты кантип уюштурганына, ар түрдүү кырдаалдарды кандайча жөнгө салганына ж.б. көз салып отурат. Өзүнүн теория жүзүндөгү билгендерин практикада көргөндөрү менен салыштырат. Мугалимдин ордунда болсом, кайсы учурда эмне кылмакмын, эмне үчүн деп ой жүгүртөт.

Жазуу кеби да билим менен тажрыйбаны айкалыштырганда өнүгөт. Башкалардын текстин жөн эле убакыт өткөрүш же маалыматты билип коюш үчүн эмес, текст жазганды үйрөнүш үчүн да окуш керек. Күн сайын айтылып, жазылып жаткан жаӊылыктардын ичинен өзүӊүзгө кызыктууларын иргеп, бир эле маалыматты ар кайсы сайттар, гезиттер кандай бергендигин салыштырсаӊыз, абдан пайдалуу сабак аласыз. Мисалы, анча зарыл эмес нерселерге убакыт коротпой, негизги ойду кантип ырааттуу, сыйымдуу туюнтууга болорун көрө баштайсыз. Сүйлөмдөрдү, сөз айкаштарын, жалпы текстти канчалык жакшыртуу мүмкүн экенин баамдайсыз.

Гезитке же сайтка жиберген текстти жарыяланган версиясы менен салыштырып көргөндү адат кылып алыӊыз. Компьютерде терген болсоӊуз, ворддо автоматтык салыштыруу функциясы бар экенин билерсиз: «Рецензирование» аркылуу «Сравнить» дегенди ачып, ал аркылуу бир документтин баштапкы жана редакцияланган версияларын (эки башка файлды) ачып, команда берсеӊиз, өзгөртүүлөрдүн баарын даана көрсөтүп берет. Бул эмне үчүн керек? Көп кездешкен каталарыӊызды кийинкиде кайталабаш үчүн.

 

Эмнени жазыш керек?

 

Автор колго калем алганда же компьютерди ачканда, эмнени, эмне үчүн, кантип жазыш керек деген суроолордун жообун билүүгө тийиш.

Жакшы мугалим эмнени жазат? Өзүнүн тажрыйбасын, усулдук табылгасын, ар ким эле биле же жетик түшүнө бербей турган чындыкты кесиптештерине, ата-энелерге, окуучуларга жеткире айткысы келиши мүмкүн. Мен билген, мен ойлонуп түшүнгөн нерсени башкалар да билсе, менчелик же менден да даанараак түшүнсө, жалпы иш кыйла жакшы жүрүшөт деген ишеним авторду жазганга шыктандырат.

Албетте, сиз бүгүн козгогон маселени башкалар мурун кеп кылып келген, азыр да талкуулап жүрүшөт. Бирок аны сиз башкача өӊүттөн (аспекттен), өзүӊүздүн көз караштан алып чыксаӊыз болот. Демек, эч кайсы идея жүз пайыз оригинал эмес, болгону сиз кыргыз мектебиндеги конкреттүү турмуштук жагдайга, жекече алган таасириӊиз менен жаза аласыз. Мисалы, мугалим менен ата-эненин мамилеси эзелтен бери эле сөзгө алынып, талаш-тартыш жаратып келет. Сиз “баламды окууга жибердимби, эми мектеп окутуп-тарбиялай берсин” деп четке чыга бергендер жөнүндө эмес, тескерисинче, үй-бүлөдөгү маанайды жакшыртуу (же кесип тандоо, гаджет колдонууну тескөө ж.б.у.с.) боюнча кайсы китепти окусам болот деп кеӊеш сураган ата же эне тууралуу да кеп кылсаӊыз болот.

Тилекке каршы, гезитке жазгандардын арасында көп кездешкен көрүнүш – башка бирөөнүн текстин эле көчүрүп алып өзүнүн атынан жарыялоого азгырылгандык. Мурда ушундай жол менен чыгып жүргөндөр көбүнчө кармалбай калышчу, бирок улам соӊку кездерде бул жосун опурталдуу болуп баратат – электрондук тексттин башка авторлордукуна дал келген жерлерин таап аныктоо опоӊой! Демек, жүйө катары пайдаланган цитатаны же ойду кайсы китептен/макаладан алганыӊызды сөзсүз белгилешиӊиз керек.

Бирок өз ишине, мектептеги, коомдогу жагдайга кайдыгер карабаган чыныгы мугалим болсоӊуз, эч качан даярына качырбай, кесиптештериӊиз сөзсүз окуп ойлонгудай, үн кошкудай ойлоруӊузду ортого салууга дареметиӊиз жетет. Ырас, кээ бир мектептерде, райондордо агай-эжейлердин ЖМК менен иштешүүсүн анча жактырбаган жетекчилер бар. Бирок жүйөлүү, негиздүү, жалпы иштин жүрүшү үчүн керектүү ойлорду тартынбай эле жарыя айта бериӊиз – ошол эле ашкере саксынган деректир ж.б. акыры сизди сыйлап калат. Сөзү өтүмдүү мугалимди окуучулары жакшыраак угат, ата-энелер кадырлайт.

Кайсы темалар, маселелер боюнча жазгыӊыз келет же башкалардын жазышын каалайсыз? Көӊүл өйүгөн суроолорду ортого салыӊыз. Сунуш айтыӊыз, кесиптештериӊизди талкууга чакырыӊыз.

 

Иллюстрациянын шилтемеси: https://www.englishdom.com/blog/na-zametku-kak-pisat-legko-i-pravilno-parochka-nuzhnyx-sovetov/

 

Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер