АВТО КЫРСЫКТАН МЕРТ КЕТКЕН МУГАЛИМДЕРДИН ЖАКЫНДАРЫНА МИНИСТРЛИК ЖАРДАМ БЕРДИ

  • 15.02.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты Кербендеги авто кырсыктан көз жумган мугалимдердин үй-бүлөлөрүнө бир күндүк эмгек акысын которуп берди.

10-февралда Кербен шаарында кечкурун жол жээгинде турган Аксы районуна караштуу Мамай айылынын №52 мектебинин төрт мугалимин машина сүзүп кеткен. Автоунаанын айдоочусу милиция кызматкери болгон. Ал маңдайында келе жаткан машинадан качам деп рулду башкара албай калып жол жээкте турган мугалимдерди сүзгөн. Натыйжада эки мугалим ошол жерден мүрт кетип, экөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Министрликтин кызматкерлеринин атынан Г.Кудайбердиева көз жумган мугалимдердин жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын эмгек жамааты, шаардагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору дагы даректүү жардам көрсөтүшүп, сексен эки миң сомдон ашуун акчаны банк аркылуу которуп беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер