АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИНДЕ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН МУГАЛИМДЕРИНИН СЕКЦИЯЛАРЫНДАТАЛКУУЛОО ҮЧҮН СУНУШТАЛГАН МАСЕЛЕЛЕР:
- 20.08.2019
- 0
Башталгыч класстарда предметтер боюнча компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу жана аларды баалоо жолдору;
- “2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”, “Жалпыга бирдей сапаттуу билим – Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи”: башталгыч билим берүүдөгү учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
- Башталгыч класстарда мультимедиалык каражаттарды колдонуунун актуалдуулугу: КМШ мамлекеттеринин жана жергиликтүү иш тажрыйбадан;
- Окуучуларда инсандык, адеп-ахлактык баалуулуктарды жана бири-бирине болгон мамилелерди калыптандыруучу фактор катары тарбия берүү чөйрөсүн түзүү;
- Көп маданиятуу жана көп тилдүү билим берүү аркылуу коомчулукту бириктирүү;
- Башталгыч мектепти окуу китептери менен камсыздоо: учурдагы абалы жана проблемалар;
- Кыргыз тил сабагында окуучунун жазуу жана окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу тажрыйбалары;
- Кенже окуучунун компетенттүүлүгүн математика предмети боюнча калыптандыруу маселелери;
- Окуу процессинде диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоолордун ээлеген орду жана тийгизген таасири;
- Деңгээлдүү тапшырмалардын балдардын шыгын, чыгармачылыгын өстүрүүдөгү ээлеген орду;
- Логикалык ой жүгүртүү тапшырмалары – натыйжалуу өсүп-өнүгүүнүн өбөлгөсү;
- Баалоо инструментарийлеринин натыйжасы окуучунун өсүп өнүгүүсүн камсыздайт.
- Жагымдуу чөйрө түзүү жана окуучунун мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмүнө, шыгына карай өз ара аракет тенүүлөрүн уюштурууда педагогикалык технологияларды колдонуу;
- Инсанга багытталган окутуу: чыгармачыл, чебер мугалим ийгиликтүү окуучуну тарбиялайт;
- Башталгыч класста мультимедиалык технологияларды колдонуу шартында окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү (алдыңкы иш тажрыйба);
- Кенже окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу маселеси;
- Кенже окуучулар үчүн жагымдуу чөйрө түзүү жана долбоорлоо методу;
- Мультимедиалык материалдарды колдонуу жана ишке ашыруу боюнча алдыңкы иш тажрыйбалар менен бөлүшүү;
- Мекен таануу предметин окутуудагы негизги принциптер: интеграциялоо, экология, элдик мураска негизделүү, окуучунун рухий дүйнөсүндө ыймандуулукту өнүктүрүү боюнча мугалимдин алдыңкы иш тажрыйбасы.
Усупова М.К., КРБбжИМ РПККЖжКДИМчБМББ ага окутуучусу
Усенко Л.В., Кафедранын башчысы
Эксперт: Сулайманова Д.А., №31 мектеп- гимназиясынын башталгыч классынын мугалими
Моб. тел:0708526673
Бөлүшүү
Комментарийлер