АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКСУЗ ТАРБИЯ

  • 22.08.2022
  • 0

Жаңы окуу жылына карата педагогика кызматкерлеринин август кеңешмеси бүгүн өз ишин баштады. Кеңешменин биринчи күнүндө педагогдор Газпром мектебинде чогулуп, секцияларга бөлүнүп иш алып барышты. Анда 11 багыт боюнча мастер-класстар өтүлүп, жаңы окуу жылын уюшкандыкта баштоо боюнча инструкциялык-методикалык кеп-кеңештер берилди.

Жогорку, орто кесиптик билим берүү боюнча секциялык иште зордук-зомбулукка учураган адамдарды  психологиялык-педагогикалык жактан алдын алуу  жана  кайра калыбына келтирүү  программасы боюнча мастер класс өтүлдү. Аны педагогика илимдеринин кандидаты  доцент, ОшМУнун педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Жолдошева Акчач өтүп, бүгүнкү күндө эң орчундуу болуп жаткан бул маселенин алдын алуунун жолдорун көрсөтүп, бир катар сунуштарды берди.

“Мастер класска бардык окуу жайлардын жетекчилери катышты. Алар дагы өздөрүнүн сунуштарын ортого салып, маселени чечүүнүн жолдорун бирге талкууладык. Мисалы, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору чогуу кызматташып, бир канча адистер биргеликте иштейлик деп сунуштады. Албетте, бул эң жакшы сунуш. Түштүк аймакта биз көп жылдан бери мультидисциплинардык команда болуп бир канча адистер биргелешип иштеп келебиз. Мен өзүм Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу боюнча психологдордун координаторумун. Ал жакта социалдык кызматкер, социалдык педагог, психолог, участкалык милиция болуп чогуу иштейбиз. Мына ушул адистер кызматташтыкта иштегенде гана биз зордук-зомбулуктун алдын алып, психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтө алабыз. Анткени соцпедагог ата-энелер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берсе, социалдык кызматкер ага керектелүүчү документтерди тууралап берет, психологдор реабилитациялык иштерди жүргүзсө, участкалык милиция өзүнүн участкасында кандай үй-бүлөлөр бар экендигин, алар кандай категорияларга кире тургандыгын аныктап берет. Кыскасы, бул боюнча бизде тажрыйба бар. Ушуну колго алып, баарыбыз, жогорку, орто кесиптик окуу жайлар биргеликте иш алып барсак, биздин ишибиз системалуу болуп, натыйжасы да жакшы болмок”, — дейт Акчач Жолдошева.

Өзгөн билим берүүдөгү технологиялар колледжинин директору Акматалиев Асанбек өткөн “Кыргыз элинин экологиялык аң-сезиминин эволюциясы анын адеп-ахлактык аң-сезиминин эволюциясынын чагылуусу катары” аттуу мастер-класста катышуучулар экологиялык кризистен чыгуу үчүн алгачкы кадамды өзүбүздөн баштасак, аң сезимибизди жогорулатсак, аң сезим менен жаратылышты байланыштырсак деген сунуштарын айтышты.

“Аң-сезим деген – бул инсан. Бүгүнкү иш-чарада көтөрүлгөн эки маселе тең адамзаттын билиминин, аң сезиминдеги адеп-ахлактык нраванын, эстетикалык сезимдердин жетишсиздигинен болууда. Себеби эстетикалык сезим дагы тарбия, билим берүүнүн негизинде калыптанат. Буюрса, жетекчилер бүгүнкү мастер-класста көрсөтүлгөн сунуштарды, алдын алуу жолдорун өздөрүнүн ЖОЖдорунда пайдаланып, иштешсе жакшы натыйжасын берет. Мисалы, биздин ОшМУда психология кафедрасынын алдында Гендердик жана Психологиялык жардам берүү борборлору бар. Бул борборлор бүтүндөй түштүк аймак боюна иштейт. Чек арада иштеген чек арачылар менен жакшы иштер аткарылып, аларга сабактар өтүлүп, жардамдар көрсөтүлүп турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү менен дагы иштейбиз. Чек арадагы чыр-чатактар сыяктуу тез-тез болуп турган чыр-чатактар бар. Ошол жактан жабыр тарткан адамдарда, балдарда травмадан кийинки стресстик бузулуу болбошу үчүн дайыма алар менен иш жүргүзүп келебиз. Мен муну менен эмнени айткым келет? Эгерде ар бир окуу жайда психологиялык борбор түзүлүп, ал жакта атайын психологдун штаттары ачылса, алар өздөрүнүн аймагы менен иштешсе, жакшы болмок. Себеби бала үй-бүлөдөн, бала бакчадан, мектептен, кесиптик окуу жайдан колуна диплом алып чыгып, эмгектенип баштаганга чейин ушул институттун социализациясында каралышы керек. Көрсө, балдарга зордук-зомбулукту жакын адамдары көрсөтөт экен. Биз баарын аныктап чыгып, коррекциялык программаларды сунуштадык. Ошол программада адам мен оңолом, өзүмдүн эмоциямды башкара албай жатам десе, биз ошол адамга реабилитациялык программаны өтүп берүүгө даярбыз. Бүгүнкү иш-чарада да жөн эле мастер-класс өтүп койбостон, зордук-зомбулукка кабылган балдарды, кыздарды мындан ары реабилитация кылуу боюнча атайын программаны сунуштадык”, — дейт Акчач Олмасовна.
Мугалимдердин салттуу конференциясы 23-августта Бишкекте улуттук филармонияда болот.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер